Жылдыз Мурзабекова: Тунистен Японияга чейин: жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйба кантип жардам берет
Жылдыз Мурзабекова – эл аралык мамилелер жана этникалар аралык саясат жаатындагы адис. Ал профессионалдык чыйырында эл аралык форумдарга катышкан, чет өлкөлүк университеттерден билим алган жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик программаларды ишке ашырды. Маекте эл аралык тажрыйба ага коомдук макулдашуу жаатындагы тапшырмаларды жүзөгө ашырууга кантип жардам берээрин бөлүштү.
– Жылдыз, бүгүнкү күндө жарандык иденттүүлүк боюнча көп айтылып жатат. Аны кантип аныктайсыздар?
– Мен үчүн жарандык иденттүүлүк – бул ар бир адамдын түшүнүүсү: мен ушул өлкөнүн бир бөлүкчөсүмүн, анын келечеги – менин келечегим. Бул сезим этникалык айырмачылыктан жана диний кабылдоодон көз каранды эмес. Бул адамдар менен мамлекеттин ортосунда ишенимди жаратат, ар кандай жамааттарды бир бүтүнгө бириктирет. Жарандар өздөрүн тиешеси бар сезгенде, кыялындагы келечекти түзүүгө активдүү катыша башташат.
– Мамлекет жарандык иденттүүлүктү кантип бекемдей алат?
– Баарына бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр, бири-бирине болгон сый-урмат – бул пайдубал. Мамлекет ар бир адамга өлкөнүн жашоосуна катышуу эшигин ачып, бул баалуулуктарды мектептерге жана университеттерге сиңириши керек. Анткени жарандык иденттүүлүк ураан эмес, ал чогуу жашоого жана жалпы келечекти курууга болгон адат.
– Мамлекеттик системада иштегенсиз да, кайсы механизмдер эң натыйжалуу болду деп айта аласыз?
– Иш жүзүндө эрте реакция кылуу жана чыр-чатактарды алдын алуу системасы, көп улуттуу райондордогу этностор аралык абалды көзөмөлдөө боюнча мониторинг борбору, ошондой эле этностор аралык маселелер боюнча коомдук кабылдамалар эң жакшы иштеди. Ар кайсы этникалык топтордун өкүлдөрү үчүн диалог аянтчалары жана бир нече тилдеги маалыматтык кампаниялар да чоң роль ойноду. Мунун баары элдин биримдик сезимин бекемдөөгө жардам берди.
Мындай натыйжа жергиликтүү лидерлер менен тынымсыз диалогдун, коомдук кеңештерге жамааттардын өкүлдөрүнүн киргизилишинин жана этникалык жамааттардын эне тилдеринде билим берүү кампанияларын өткөрүүнүн аркасында мүмкүн болду. Өзгөчө маанилүү кадам катары Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга карата "Кыргыз жараны" жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну белгилегим келет.
– Жылдыз, сиздин эл аралык жолуңуз ар кайсы өлкөлөргө көчүп, окуу менен коштолгон экен. Анын баары кантип башталганын айтып берсеңиз?
– 2012-жылы Тунисте өткөн Global Next Leaders Forumга катышуу маданияттар аралык диалогдун жана лидерлик көндүмдөрдүн баалуулугун түшүнүүдөгү менин баштапкы чекитим болду. Кийинчерээк мен Казакстан Республикасынын президенттик стипендиясына татыктуу болуп, Астана шаарында мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасын алдым. JICA стипендиясы менен Японияда окуумду улантып, "Кыргыз Республикасында жарандык биримдикти куруу" деген темада диссертациямды коргоп, эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасын алдым. Бул тажрыйба менин эл аралык деңгээлде диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча миссиямды бекемдеди.
– Бул процессте эл аралык тажрыйба мааниге ээби?
– Өтө маанилүү. Японияда окуп жүргөнүмдө бул өлкөнүн тарыхын жана маданиятын терең изилдедим. Япония негизинен моноэтникалык мамлекет болсо да, анын өзүнүн уникалдуу маданий өзгөчөлүгүн кантип сактап, ал тургай чыңдай алганын түшүнүү мен үчүн кызыктуу болду. Мен үчүн Япония – бул кылымдарды карыткан салттардын жана заманбап башкаруунун гармониялуу айкалышынын үлгүсү. Айрыкча алардын «социалдык гармония» концепциясы мага жакын – калктын бардык катмарларынын кызыкчылыктары системалуу түрдө эске алынып, жарандардын бакубаттуулугуна, ден соолугуна жана жайлуу жашоосуна артыкчылык берилет.
– Япония жөнүндө жана сизди таң калтырган тажрыйбаңыз тууралуу айтып бериңизчи?
– Менимче, Япония – чынында эле таң калаарлык жана мисал болчу өлкө. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягынан бери АКШнын жакын союздашы болгонуна карабастан, Япония өзүнүн уникалдуу өзгөчөлүгүн сактап калууга жетишти, ошондой эле күчтүү тышкы таасирге баш бербестен, өзүнүн маданий каада-салттарын күчөттү.
Өлкөдө өзүнүн өзгөчөлүгүн жана улуттук маданиятын колдоонун билим берүүдөн баштап медиага чейин так стратегиясы бар. Тил, каада-салттар жана тарых мектеп программасына активдүү киргизилип, жарнама жана ЖМКлар көбүнчө жапон эстетикасына кайрылышат.
Айрыкча кызыктуусу, таасир эки тарапка тең тийген: АКШ Японияга маданий таасирин тийгизген, бирок Япония дагы аниме, технологиялар, ашкана жана дизайн аркылуу АКШга жана бүткүл дүйнөгө таасир эте баштады. Натыйжада, бир тараптуу "америкалаштыруунун" ордуна өз ара алмашуу болду.
– Япон тажрыйбасы эмнеси менен кызыктуу болду?
– Япония мен үчүн уникалдуу жана көрсөтмөлүү мисал болду. Япония өзүнүн уникалдуу жарандык жана маданий өзгөчөлүгүн сактап, ал тургай бекемдей алды. Миң жылдык тарыхы, күчтүү каада-салттары, ырым-жырымдары жана туруктуу социалдык нормалары бар япон маданияты коомго ушунчалык терең сиңип кеткендиктен, аны сырттан келген таасирлердин астында эритүү кыйын. Ошол эле учурда Япония чет элдик нерселерди сонун ыңгайлаштырып, ага өзгөчө япон мүнөзүн берет: мисалы, америкалык фастфуд жергиликтүү акценттер менен жасалат – терияки-бургерлер, сезондук начинкалар жана берүү эстетикасы.
Өлкөдө улуттук маданиятты колдоонун так стратегиясы бар – тил, салттар жана тарых активдүү түрдө окутулган мектептик билим берүүдөн баштап, көбүнчө япон эстетикасына жана баалуулуктарына кайрылган медиа жана жарнамаларга чейин. Жапон коомунда мени өзгөчө улуттук жетишкендиктерге болгон күчтүү жамааттык иденттүүлүк жана сыймыктануу сезими кубандырат. Бул модернизация менен өзгөчөлүктү сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого жардам берет жана алардын ийгиликтүү өнүгүү моделинин негизги элементи болуп саналат.
– Эмне үчүн АКШнын Японияны “америкалаштыруу” аракети толук ишке ашкан жок?
– АКШ чындап эле Японияны батыш стандарттарына өткөрүүгө аракет кылды, бирок жыйынтык өтө өзгөчө болду.
Эмнегедир япон иденттүүлүгүн алып сала алышпады.
● Идеяларды тандоо – япониялыктар өздөрүнө ылайыктуусун гана алып, аны адаптациялашкан. Мисалы, джаз жана рок популярдуу болуп, бирок жапон колорити менен коштолгон.
● Күчтүү маданий матрица – тил, диний практикалар (синто, буддизм), үй-бүлөлүк иерархиялар, ритуалдар – мунун баары турмушта сакталып калган.
● Экономикалык секирик – 60–70-жылдарга карата Япония көз каранды өлкө болбой, дүйнөлүк технологиялык лидерге айланган, бул улуттук сыймыкты күчөткөн.
● Тескери таасир – жапон поп-маданияты (аниме, мода, Sony, Toyota) өзү АКШда трендге айланып, маданий алмашууну теңдештирген.
Америкалыктар япон саясатын жана экономикасын чындап өзгөртө алды, бирок маданий ДНКны толугу менен өзгөртө алган жок. АКШдан көчүрүүнүн ордуна Япония - терең улуттук каада-салттары бар демократиялык коом гибридин жаратты.
– Бул тажрыйбага таянып, Россия – Кыргызстанды маданий таасир жана өздүктү сактоо контекстинде талдай алабызбы?
– Ооба, албетте, Кыргызстан Россия империясынын, андан кийин СССРдин курамында болгон жана орус тилин, билим берүү системасын, советтик маданиятты өзүнүн маданий өзөгүнүн бир бөлүгү катары алган. Биздин өлкөдө орус тили билим берүү, медиа, шаар турмушунун тили болуп калды. Кыргыз тили шаарларда экинчи орунга түшүп, өзгөчө жаштар арасында жок болуп кетүү коркунучун жаратууда.
Биз таасирди Россия аркылуу жана түз Батыштан (социалдык тармактар жана эмгек миграциясы аркылуу) кабыл алабыз, бирок кайра иштетүү Японияга караганда алсызыраак: батыштык же россиялык көп нерсе бар ошол бойдон келет. Бизде бай тарых, маданият жана каада-салттар бар ("Манас" эпосу, элдик музыка, көчмөн эстетика), бирок массалык медиа мейкиндигинде ал көбүнчө россиялык же түркиялык сериалдар, батыш музыкасы жана тасмалары менен алмаштырылат.
Россия менен Кыргызстан көп учурда башканыкына көз жумуп, аны терең иштетпей эле күнүмдүк турмушуна сиңирип алат, бул болсо башка элементтерден турган маданий катмарларды пайда кылат. Бирок Кыргызстанда Россиядан айырмаланып, кош таасир бар: россиялык + батыштык, жана экөө тең улуттук маданият менен атаандашат.
– Бул маселени кантип чече алабыз?
– Биз принцип катары япон тажрыйбасын өздүгүбүздү сактап калуу үчүн кабыл алып, ошол эле учурда Россия менен Батыштын күчтүү таасири астында да аймакта маданий брендге айлансак болот.
Биздикилер азыр түшүнүп калышты жана батыш форматтарын акырындап акырындап кыргыз стилинде ыңгайлаштырып жатышат: кыргызча lo-fi ырлары, улуттук стилдеги заманбап кафелер жана ресторандар; Instagram жана YouTube – мисалы, кыргызча стендап жана подкасттар; туризм — боз үйлөрдөгү модалуу глэмпингдер, заманбап музыка жана этно-декор менен фестивалдар.
Кыргыз тилин массалык маданияттын негизги тили катары өнүктүрүү, бирок ошол эле учурда популярдуу сөздөрдү жана сленгдерди кыргызчага ылайыкташтыруу, мисалы, лайк басуу, пост кылуу, скан кылуу, онлайн, доклад кылуу, проект баштоо, контент, рилс, тренд, коммент, кэшбек, респект, кринж, мем ж.б.). Билингвизм (кыргыз + орус/англис) — норма катары, бирок улуттукка артыкчылык берүү менен.
"Манас" эпосунун жана башка легендалардын негизинде кино жана анимация үчүн мамлекеттик гранттар; кол өнөрчүлүктү жана этно-дизайнды колдоо программалары (кийим, эмерек, жасалгалар); Бишкекте жана аймактарда этно-музыка жана искусство боюнча эл аралык фестивалдар.
Айран, курут, бешбармакты Instagram кооз форматтары аркылуу эл аралык бренддерге айландыруу; кыргыз баатырларынын негизинде Netflix үчүн таасирдүү тарыхый сериал/мультсериал тартуу; дүйнөдө этно-дизайн жана кийим сатуу (мисал – Kazakhstan Nomad Fashion бул нишада иштеп жатат).
Медиа жана билим берүү тармагында кыргыз маданияты заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү экенин тынымсыз эскертип туруу керек; салттарга сыймыктанууну өткөн чак эмес, келечектин бир бөлүгү катары баса белгилөө зарыл; жаштарга кыргыз тилинде контент жасап, бирок аймакта жана дүйнөдө популярдуу болгон ийгиликтүү креаторлордун, дизайнерлердин, музыканттардын мисалдарын берүү маанилүү.
Эгер Кыргызстан ушундай жол менен кетсе, ал жөн гана маданиятын сактап калбастан, аны модага айлантып, Борбор Азияда жумшак күчтүн булагына айландыра алат – Япония өзүнүн аниме, суши жана кимоносун дүйнөлүк трендге айландыргандай болуп.
– Келечектеги эң башкы көйгөй эмне деп ойлойсуз?
– Эң башкы көйгөй – бул мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимди дайыма, айрыкча глобалдык өзгөрүүлөр жана маалыматтык басым шартында сактап туруу зарылчылыгы. Бул жерде саясий эрк гана эмес, жарандардын өздөрүнүн да катышуусу керек. Акыр-аягы, тынчтык жана туруктуулук – бул бийликтин, коомдун жана ар бир адамдын биргелешкен аракетинин натыйжасы.
– Кеп соңунда коомдук байланыш тармагында иштөөнү пландаштырган жаш адистерге эмне айткыңыз келет?
– Татаал маселелерден коркпогула. Ар кандай маданияттагы адамдар менен иштөө – бул жоопкерчилик да, кесиптик жана жеке өсүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк да. Диалогго ачык болуу, эл аралык тажрыйбадан үйрөнүү, ошол эле учурда улуттук контекстти эске алуу маанилүү. Туруктуу жана адилеттүү чечимдер дал ушинтип жаралат.
