Ош мэриясы
10 июль
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
Бакытбек Алматов Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Алматов буга чейин Ош шаардык мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис катары эмгектенип келген.
Бүгүн Жанарбек Акаев шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысын жамаатка тааныштырды.
Жолугушууда мэр билим берүү тармагына өзгөчө маани берилерин белгилеп, жаңы жетекчиге бир катар милдеттерди жүктөдү.
