Алтынбек Максутовдун апасы Сонун апа: «Алтынбек үй оокатка абдан тың эле”
Тогуз толгонуп жарык дүйнөгө алып келген перзентинин ийгиликтерине күбө болуу – ар бир ата-эненин тилеги. Режиссёр, мурунку министр кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салымын кошуп келаткан таланттуу инсан Алтынбек Максутовдун энеси Сонун апа бул максатына толук жетиптир.
– Сонун апа, Алтынбек мырза кандай үй-бүлөдө туулган?
– Алтынбектин атасынын кесиби мугалим, мен болсо медик элем. Экөөбүздүн тең кесибибиз чыгармачылыктан алыс болгону менен ыр дүйнөсүнө жакын адамдар элек. Мен студент курагымда Гүлсүн Мамашованын ордуна гастролдорго чыгып үч жылдай ырдап жүрдүм. Кийин окуумду аяктаганымда «келип ырда» деген чакыруу кат келди, мен «турмушка чыктым» деп жооп жазып жиберип ошол бойдон ырчы болбой калгам. Бирок айылдагы өздүк көркөм чыгармачылыкта дайыма ырдап, ыр дүйнөсүнөн алыстай алган жокмун. Жолдошум дагы чыгармачылыкка жакын адам эле, мектептин чыгармачыл тобу менен бирге Алтынбегимди ээрчитип алып айылдарга көп концерт коюшчу. Уулум ушундай ыр жандуу бүлөдө туулуп-өстү.
– Демек, балаңыз кичинесинде эле чыгармачылыкка жакын болгон экен да…
– Биздин тун уулубуз каза болуп калып, Алтынбекти Кудайдан сурап алганбыз. Уулум боюмда кезде айылга Алтынбек Сапаралиевдер концерт коюп келип калышты. Концерт көрүп олтуруп «эгерде эркек төрөсөм атын Алтынбек коём, мен ырчы болбой калдым, балам Алтынбек Сапаралиевдей ырчы болсун» деп тилек кылдым. Кийин тилегенимдей эле Жараткан уул берди. Ыраматылык кайненем бир ат тааптыр, мен болсо «төрөткөн мээрман айым атын Алтынбек деп коюп, документке жаздырып коюптур» деп баламдын атын өзүм ойлогондой коюп алдым. Биринчи баламды жоготуп алып коркуп калган жаным беш жашка чыкканча Алтынбегимди бөпөлөп бактым. Балам эс тарткандан баштап эле чыгармачылыкка жакын экени байкалды. Кичинекей гармошкасы бар эле, аны кечке ойноп кошуналарды тажатчу. Мектепте окуп жүргөндө ырдап, Шаршен куудулду туурап менин жоолугумду салынып, көйнөгүмдү кийип алып аял болуп куудулданып баарыбызды күлдүрчү. Үй оокатка да тың эле, үйдүн чачылып турганын жаман көрчү. Жүктү болсо дайыма кырын чыгарып өзү жыйчу. Кол өнөрчүлүк жөндөмү да күчтүү болчу, үйгө дивандан тартып бир топ керектүү буюмдарды өзү эле жасап койчу. Андайда туугандарга «Алтынбек жасады» деп сыймыктанып айтып калчубуз.
– Ар ишке шыктуу бала мектепте кандай окуган?
– Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында эле. Ар кандай ийримдерге алып барып, баламдын келечекте чыгармачыл адам болуусу үчүн колдон келген аракетимди жасачумун. 9-классты аяктаганынан кийин Бишкекке М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге окууга алып келдим. Тилекке каршы, балам өтпөй калды. «Эч нерсени билбеген балдар өтүп кетти» деп чыйпылыктап жаткан, көрсө, сүйлөшүп өткөрмөй ошол учурда эле бар экен. Кайра айылга барып окуусун улантып, 10-класска келгенде атасы ооруп ашказанын алдырып жатып калды. Ошол маалда Алтынбек улуу балам катары мурункудан да жоопкерчиликтүү болуп, мага тирек болду. Ошондо биринчи жолу чөпкө иштеп акча таап, колго кир жууганымды көрүп мени аяп кир жуучу машина алып берген. Анан «атасы ооруп жүдөп калышты дешпесин» деп жаңы куртка алып кийген.
– Биздеги окуу жайга өтпөй калып, анан Москвада кандайча окуп калды?
– Мектепти аяктаганынан кийин “Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга кабыл алуу болуп жатыптыр” деген жарыяны угуп баламды шаарга алып келдим. Кайсы жакта кабыл алып жатканын билбей Искусство институтуна бардык. Ал жактагы мугалимдер Алтынбекти көрүп «режиссёрлукка жарай турган бала экен, бизге окусун» деп калышты. Мен болсо баламдын Москвадан окуусун каалап аларга документин бербей койдум. “Москвага окууга Кыргыз улуттук драма театрында кабыл алып жатыптыр” дегенди угуп барсак окууга өтөм деген балдар көп. Ал күнү Алтынбекти сынап көрүшүп «тамсил жаттап кел» дешти. Ал жерден бир баланын китебинен тамсил жазып алып түнү менен жаттаттым. Ошол түнү түшүмдө балдарды окууга кабыл алып жаткандардын бири Ибраев Бообек агай Алтынбекке калем сап берип жатыптыр. Түшүмдү жакшылыкка жоруп балам окууга өтөт экен деп ойлогом. Чын эле Алтынбек окууга өтүп, Москвага кетти. Жакшы окуду, окуу менен бирге иштеп дагы жүрдү. Айылга келген сайын колбаса алып кетип, Москвага алып барып сатат. Кийин мен Кытайга барып товар салып, Алтынбек Москванын базарында сатып жүрдү. Ошентип баламдын арты менен Кытайга чейин барып келгем.
– Ар бир эне баласын оюндагыдай кызга үйлөнүшүн самайт эмеспи, актриса Таалайкан Абасова сизге кандай келин болду?
– Мен Алтынбекти Москвага окууга жиберем деп алып келгенимде окууга өтөм деген кыздардын арасында кызыл сарафан кийген кыз турган. Ал кызды сыртынан көрүп жактырып: «Балам, тетигил кызыл сарафан кийген кызды карачы, сүйлөшөм десең ошол кыз менен сүйлөш» деп айткан элем. Кийин Алтынбек Сайраш деген кыз менен бирге роль ойноп калды, биздин айылда «Сайраш экөө бири-бирине жарашат экен, экөө үйлөнүшөт экен» деген сөз жүрүп калды. Алтынбектен: «Ушинтип сөз болуп жатат, ошол кыз менен сүйлөшөсүңбү?» - деп сурасам «жок, апа, мен баягы сиз көрсөткөн кызыл сарафан кийген кыз менен сүйлөшүп жүрөм, ошол кызга үйлөнөм», - деди. Көрсө, ал кыз Таалайкан экен. Ар бир нерсе адамдын ниетине жараша болот турбайбы, Алтынбек менен Таалайкан үйлөнүп калышты. Кудай кут кылсын, ойлогонумдай ак көңүл, жөнөкөй, жакшы келиндүү болдум.
– Кайнене катары келиниңиздин кесибине кандай карайсыз?
– Абдан сыйлайм, сыймыктанам. Таалайканды азыркы актрисалардын эң таланттуусу деп ойлойм жана талантын Бакен Кыдыкеевага салыштырам. Ар бир ролду мыкты аткарат. Алтынбектин атасынын аты Аскар эмеспи, Таалайкан «Апамдын махабаты» тасмасына тартылып, ал кинону теледен бергенден кийин жакындарыбыз «Аскар» деп кайнатасынын атын айтып койду» деп айтып келишкен эле. Ошондо атасы: «Аскар» дегенинен айланайын, экинчи минтип келчү болбогула», - деп үйдөн кубалап чыккан. Атасы дагы балдардын чыгармачылыгын сыйлаган адам эле, тилекке каршы, 2008-жылы бул дүйнө менен кош айтышып кетти. Ашказанын алдыргандан кийин чөптөн дары жасап ичип, өзүн жакшы карап жыйырма жыл жашады. Атабыздын жылдыгы болгон учурда Таалайкан «Үзүлбөгөн үзөңгү» деген тасмага тартылып жаткан. Киного тартылууну улантууга уруксат бергем, анда дагы «келин эмнеге кызмат кылбайт?» дегендер болду. Ким эмне деп айтпасын, келинимдин чыгармачылыгын колдоп келгем, колдой берем.
