Нурзат Кулеков: эксперттер жол кырсыгынын чыныгы себебин кантип аныктайт
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын автотехникалык экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Нурзат Кулеков эксперттердин ишиндеги татаалдык жана өзгөчөлүктөр тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле унаанын системаларына кийлигишүүнү жана документтерди жасалмалоону аныктоого жардам берген заманбап технологиялар тууралуу айтып берди.
– Акыркы бир жылда сизди чындап таң калтырган же өтө татаал болгон автотехникалык экспертизанын кандай учурлары болду?
– Көбүнчө жол кырсыгынын катышуучуларынын окуянын чоо-жайын атайылап бурмалаганы таң калтырат жана алтурмак көңүлдү калтырат. Кырдаалды калыс сүрөттөп берүүнүн же өз катасын моюнга алуунун ордуна, кээ бир айдоочулар майда-чүйдөсүн жашырып же фактыларды ачык бурмалоого аракеттенишет. Бул эксперттердин жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлорунун ишин кыйындатат жана чындыкты аныктоо процессин создуктурат.
Тилекке каршы, жол кыймылынын эрежелерин мыкты билген адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн аны көз жаздымда калтырып, жоопкерчиликти башкаларга жүктөөгө умтулушат. Мындай жүрүм-турум жол кыймылынын катышуучуларынын ортосундагы ишенимди кетирип, жалпы коопсуздукка зыян келтирет. Ошол эле учурда, айдоочулар чындыкты айтып, эч нерсени жаап-жашырбаган учурда, авариянын себептерин тез арада түшүнүүгө, кесепеттерин азайтууга жана мындай каталардын кайталанышын алдын алууга мүмкүндүк берет.
– Кайсы автоунаалар же документтер экспертиза жүргүзүүдө көбүрөөк күмөн жаратат?
– Кырсык болгон жердин схемасы жана жол кырсыгына катышкандардын түшүндүрмөлөрү эң талаштуу материалдарга кирет. Схема кырдаалды так чагылдырышы керек, бирок иш жүзүндө ал көп учурда толук эмес, болжолдуу же шалаакылык менен түзүлөт. Айдоочулардын түшүндүрмөлөрү да көп учурда карама-каршылыктуу же толук эмес болуп калат. Ушундан улам каталардын коркунучу көбөйүп, жол кырсыгынын чыныгы себептерин аныктоо татаалдашып, териштирүү созулуп кетет. Калыстыкты жогорулатуу үчүн бардык документтер кылдат, толук жана субъективдүү чечмелөөсүз түзүлүшү өтө маанилүү.
– Жол кырсыгынын кесепеттерин жашыруу же унаанын техникалык мүнөздөмөлөрүн жасалмалоо көп болобу?
– Мындай учурлар болот, бирок учурда сейрек кездешет.
– Жол кырсыгы же унаанын абалы чындыгында кандай экенин аныктоо үчүн экспертизага гана таянган жагдайлар жаралабы?
— Дээрлик дайыма ушундай болуп турат. Жол кырсыгынын алдын алуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн же унаанын чыныгы абалын профессионалдык экспертизасыз аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Сырттан кароо менен микрожаракалар, калдык бузулуулар, тетиктердин эскириши, электрониканын каталары же квалификациясы жок оңдоонун издери сыяктуу кемчиликтерди айрым учурларда гана аныктоого болот.
Экспертиза инструменталдык өлчөөлөрдү жүргүзүүгө, системалардын иштешин текшерүүгө, маалыматтарды нормативдер жана эксплуатациялоо шарттары менен салыштырууга, ошондой эле лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, далилдерди: транспорт каражатынын абалы, электрондук каттоочулардын маалыматтары, телематика, техникалык тейлөө журналдары туура фиксациялоо маанилүү. Алардын комплекстүү анализи аркылуу гана техникалык абал, унаанын жүрүм-туруму жана жол кырсыгынын келип чыгышындагы себеп-натыйжа байланыштарын калыбына келтирүүгө болот. Мындай экспертизасыз бардык тыянактар божомол болуп саналат жана алар соттук чечимдер үчүн негиз боло албайт.
– Кайсы заманбап технологиялар аркылуу автоунаа системасына кийлигишүүнү же документтерди жасалмалоону аныктоого болот?
–"Эффект-2" тормоздук системалардын эффективдүүлүгүн өлчөгүч - жол сыноолорун жүргүзүүгө, тормоздук системанын иштешин баалоого жана бузулууларды тез арада аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле Launch X431 Pro3 SE диагностикалык сканери бар. Ал OBD2ге туташып, кыймылдаткычтын, трансмиссиянын, ABS жана башка системалардын иштөө параметрлерин окуйт, реалдуу убакытта маалыматтарды талдоого жана кийлигишүүнүн же жашыруун бузулуулардын белгилерин аныктоого мүмкүндүк берет.
– Эксперттер алдамчылыктын кандай түрлөрүнө көп кездешет?
– Көбүнчө айдоочулардын толук эмес же бурмаланган көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле транспорт каражаттарынын чыныгы техникалык бузуктарын жашыруу аракеттерине туш келебиз.
– Автоунаа ээлери же уюмдар кемчиликтерди же жол кырсыгынын кесепеттерин жашырууга аракет кылып жатып, кандай каталарды көп кетиришет?
– Эң кеңири таралган каталар – документтерди туура эмес толтуруу, зыяндарды жашыруу же алмаштыруу, жол кырсыгына байланыштуу буюмдарды жылдыруу. Бул тергөөнү татаалдаштырып, юридикалык тобокелдиктерге алып келет.
– Экспертиза канча убакытты алат жана анын узарышына же тез аякташына кандай факторлор таасирин берет?
– Канча убакытта бүтөөрү толугу менен изилдөөнүн татаалдыгына байланыштуу болот. Кээде жөнөкөй визуалдык текшерүү жана базалык диагностика жетиштүү . Көп учурда башкаруу блокторун изилдөө, прошивкаларды текшерүү, материалдарды лабораториялык изилдөө, тормоздук жана рулдук системаларды стенддик сыноо, телематикалык маалыматтарды талдоо жаатында терең анализдөө талап кылынат. Жол кырсыгынын болжолдуу себеби канчалык көп компоненттерди камтыса, экспертиза ошончолук көп этаптуу болуп калат.
Мөөнөттүн узарышына далилдерди туура фиксациялоо зарылчылыгы да таасир этет: үлгүлөрдү туура тандоо, сүрөткө тартуу, пломбалоо, электрондук модулдарды алып салуу. Ошондуктан, экспертизанын узактыгы түздөн-түз изилдөөлөрдүн көлөмүнө жана тереңдигине жараша болот.
– Соттор, укук коргоо органдары жана камсыздандыруу компаниялары менен өз ара байланышта болосуздарбы?
– Биздин бөлүм жол кырсыктары боюнча гана адистешкен, ошондуктан негизинен укук коргоо органдары менен гана өз ара аракеттенүүдө болобуз.
