Шамшыбек Медетбеков, “Т. Усубалиев атындагы коомдук бирикменин” төрагасы: Турдакун Усубалиев – мамлекеттүүлүктүн символу
Кыргызстандын тарыхында терең из калтырган мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин саясий мурасы бүгүн да коомчулукта талкууланып келет. Айрымдар анын доорун өнүгүү мезгили деп бааласа, айрымдар сын көз менен карайт. Мамлекеттик башкаруу, тарыхый мурас жана инсандын орду тууралуу “Т. Усубалиев атындагы коомдук бирикмесинин” төрагасы Шамшыбек Медетбеков менен маектештик.
– Бүгүн коомдо Усубалиев дооруна карата эки башка пикир бар. Тарыхый бааны кандайча туура берүү керек?
– Чындык эмоцияда эмес, тарыхый фактыларда. Турдакун Усубалиев мамлекетти системалуу өнүктүрүүгө аракет кылган. Ал мезгилде өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармактары ырааттуу өнүккөн. Албетте, ар бир доордун кемчилиги болот. Бирок тарыхый масштабда караганда анын мамлекетти өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң.
– Усубалиевдин башкаруу моделинин күчү эмнеде эле?
– Ал стратегиялык ой жүгүртүүгө артыкчылык берген жетекчи болгон. Мамлекеттик саясат кыска мөөнөттүү пайдага эмес, узак мөөнөттүү өнүгүүгө багытталган. Экономика, өндүрүш, энергетика жана социалдык саясат бир бүтүндүк катары каралган. Мамлекеттик кызыкчылык жеке кызыкчылыктан жогору коюлган.
– Эмне үчүн анын доору “алтын мезгил” деп аталып келет?
– 1961–1985-жылдар аралыгында Кыргызстанда ири өндүрүштүк объекттер курулуп, инфраструктура кеңейген. Ошол мезгилде кадр даярдоо системасы да жолго коюлган. Бул кокустук эмес, мамлекеттик пландоонун натыйжасы болгон. Өлкөнүн өнөр жай базасы дал ошол жылдары түптөлгөн.
– Азыркы жетекчилер Усубалиевдин мурасынан эмнени үйрөнүшү керек?
– Эң биринчи тартипти, жоопкерчиликти жана стратегиялык ой жүгүртүүнү өздөштүрүү зарыл. Бүгүн кээде кыска мөөнөттүү натыйжага басым жасалып калууда. Ал эми ири жана узак мөөнөттүү долбоорлорго артыкчылык берген.
Анын 8 томдук мемуары мамлекеттик башкаруунун өзүнчө мектеби болуп саналат. Ал эмгектерде ар бир тармак боюнча кабыл алынган чечимдер, иштин шарттары жана ошол мезгилдеги кыйынчылыктар кеңири баяндалган.
– Усубалиев инсан катары кандай мүнөзгө ээ эле?
– Өтө кыраакы, принципиалдуу жана жөнөкөй адам болгон. Өзүнө да, башкаларга да катуу талап койгон. Жөнөкөйлүк анын негизги сапаты болгон. «Жеп-ичти» деген айыптоолорго аралашкан эмес. Үй-бүлөсүнө камкор ата, неберелерине мээримдүү чоң ата болгон.
– Улуу инсандардын мурасын сактоо үчүн коом эмне кылышы керек?
– Тарыхты саясатташтырбоо зарыл. Исхак Раззаков менен сыяктуу инсандарды бөлүп-жарбоо керек. Экөө тең кыргыз мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон. Аймактык бөлүнүүгө негизделген сындар мамлекет биримдигине зыян алып келет.
– Акыркы суроо. Усубалиев сиз үчүн ким?
– Ал – тарыхтын багытын өзгөрткөн мамлекеттик ишмер. Мен үчүн ал доордун символу. Аны менен замандаш болгонума сыймыктанам.
