Тилек Самудинов: кыргызстандыктар кандай документтерди көбүнчө жасалмалашат
Техникалык документтерге экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Самудинов эксперттердин иши, жасалмаларды аныктоо ыкмалары жана кол тамгалардан жана мөөрлөрдөн баштап санариптик файлдарга чейин документтердин түп нускасын так аныктоого мүмкүндүк берген заманбап технологиялар тууралуу айтып берди. Ал заманбап жасалмалар барган сайын татаалдашып баратканын, ал эми документтерди коргоо системалуу мамилени, сактоо жана тариздөө эрежелерин карманууну талап кыларын баса белгиледи.
– Сиздин бөлүм эмне менен алектенет жана эксперттердин алдында кандай милдеттер турат?
– Биздин бөлүм документтердин түп нускасын аныктоого, жасалмалоо белгилерин, даярдоо ыкмасын жана киргизилген өзгөртүүлөрдү табууга багытталган техникалык экспертизаларды жүргүзөт.
Эксперттердин башкы милдети – документтин реквизиттерин: кол тамгаларды, мөөрлөрдү, штамптардын издерин, кагазды, сыяны жана документтин түп нускасын жана анда камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүн болгон башка элементтерди изилдөө. Иш процессинде адистер документтин кандай ыкма менен жасалганын – басма, көчүрмө, компьютердик же кол жазма; анын мазмунуна кийлигишүү болгонбу; өчүрүүлөр, кислота менен тазалоо, кайра чаптоо жана башка жасалмалоо ыкмалары колдонулганбы - ошолорду аныкташат.
Мындан тышкары, биздин негизги милдеттерибиздин бири – жасалманы аныктап гана тим болбостон, анын мүнөзүн, технологиясын жана жасалмалоодо колдонулган аракеттердин ырааттуулугун аныктоого мүмкүндүк берген заманбап техникалык жана санариптик ыкмаларды колдонуу.
– Экспертизага көбүнчө кандай документтер келип түшөт жана кайсы документтер көп жасалмаланат?
– Экспертизага көбүнчө жарандык-укуктук, финансылык жана эмгектик мамилелерде колдонулган документтер келип түшөт – келишимдер, тил каттар, ишеним каттар, актылар, маалымкаттар, паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, дипломдор, күбөлүктөр жана башка расмий кагаздар.
Көбүнчө бухгалтердик жана банктык документтер изилденет – квитанциялар, төлөм тапшырмалары, чектери. Акыркы убакта санариптик кийлигишүүнүн белгилерин текшерүү үчүн документтердин электрондук көчүрмөлөрү көбүрөөк келип түшүүдө.
Көбүнчө юридикалык же материалдык баалуулугу бар документтер жасалмаланат – карыз жана сатып алуу-сатуу келишимдери, ишеним каттар, эмгек китепчелери, дипломдор, киреше тууралуу маалымкаттар, медициналык документтер, паспорттор жана инсандыгын тастыктоочу күбөлүктөр. Кол тамгалар, мөөрлөр жана штамптар жасалмаланууга көп туш келишет, анткени алар документке юридикалык күч берет.
Заманбап компьютердик жана полиграфиялык технологияларды колдонуу менен жасалган, документтерге түп нускага окшош көрүнүш берген жасалмалардын өзүнчө категориясы бар.
– Акыркы бир жыл ичиндеги документтерди жасалмалоонун кайсы учурлары сизди өзгөчө таң калтырды?
– Акыркы жылдары биз жогорку тактыктагы санариптик технологияларды колдонуу менен жасалган жасалмалар менен көп кездешип баштадык.
Мисалы, түстүү лазердик принтерлердин жардамы менен жасалган, оригиналдуу коргоочу элементтерди – микротекстти, суу белгилерин жана голографиялык сүрөттөрдү туураган документтер аныкталды. Визуалдык текшерүүдө мындай жасалмалар эч кандай шек жараткан жок, бирок атайын шаймандар гана — нурлануу булактары жана микроскоптор – кагаздын түзүлүшүнүн жана боёктордун курамынын дал келбестигин аныктоого мүмкүндүк берди.
Ачык булактардан алынган чыныгы сүрөттөр жана электрондук кол тамгалар колдонулган дипломдорду жана паспортторду жасалмалоо өзгөчө татаал болуп чыкты. Бул заманбап техникалык каражаттар эң жогорку деңгээлдеги жасалмаларды жасоого мүмкүндүк берээрин, аларды лабораториялык шарттарда гана аныктоого болорун ачык көрсөтүп турат.
– Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен жасалмалоочулардын кесипкөйлүк деңгээли канчалык өстү?
– Кесипкөйлүк өскөн жок, тескерисинче, заманбап полиграфиялык каражаттардын жеткиликтүүлүгүнөн улам жасалмалардын сапаты жогорулады.
Бүгүнкү күндө ыкчам басууга арналган жабдуулар корголгон элементтерди да жогорку тактыкта кайра чыгарууга мүмкүндүк берет. Бирок изилдөө учурунда мындай элементтер сырткы көрүнүшүн гана сактап, физикалык-химиялык касиеттери боюнча айырмаланары аныкталат, мисалы, нурлануу же реагенттер таасир эткенде. Бул өзгөчө баалуу кагаздарды, акча белгилерин, акциздик маркаларды, визаларды жана өздүк күбөлүктөрдү жасалмалоодо байкалат.
– Экспертизасыз аныктоого дээрлик мүмкүн болбогон жасалмаларды мисалга келтире аласызбы?
– Ооба, бул дээрлик бардык заманбап басма продукцияларына – бланктарга, этикеткаларга, таңгактарга, проспекттерге тиешелүү.
Заманбап көчүрмө аппараттар, сканерлер, лазердик жана струйный принтерлер оригиналдуу документтердин, мөөрлөрдүн жана кол тамгалардын сырткы көрүнүшүн укмуштуудай тактык менен кайра чыгарууга мүмкүндүк берет.
Мындай жасалмалар визуалдык жактан түп нускадан дээрлик айырмаланбайт жана сүрөттүн түзүмүндөгү жана материалдардагы айырмачылыктарды микроскоптун астында же атайын фильтрлердин жана нурлануу булактарынын жардамы менен гана аныктоого болот.
– Сиздер аныктыгын текшерүү үчүн кандай заманбап ыкмаларды колдоносуздар, анын ичинде санарип кол тамгалар да барбы?
– Изилдөө ыкмалары документтин өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша тандалат.
Биз технологиялык прогресске шайкеш болуу үчүн ыкмаларды тынымсыз өркүндөтүп жатабыз.
Мисалы, пленкалык сүрөттөн санарип сүрөттөргө өтүү изилдөө ыкмаларын толугу менен кайра карап чыгууну талап кылды – азыр эксперттер санарип файлдарга кийлигишүүнү, электрондук түрдө аткарылган түзөтүүлөрдү, оюп жазууларды жана кошумча жазууларды аныктай алышат.
- Эксперттерди кыйын абалга кептеген массалык жасалмалоо учурлары болобу?
- Кыйынчылыктар массалык жасалмалоодо гана эмес, жеке объекттерди изилдөөдө да пайда болушу мүмкүн. Баары документтин абалына жана жасалмалоо ыкмасына жараша болот.
Мисалы, эгер карыздык каттагы санга гель калеми менен "0" цифрасы кошулса, ал эми негизги жазуу шарик калем менен жазылса, жасалманы аныктоо оңой. Бирок ошол эле адам ошол эле курал менен жана алдын ала бош калтырылган жерге ошол эле кошумчаны киргизсе, эксперт өтө татаал маселеге туш болот.
– Жарандар жана уюмдар өздөрүнүн документтерин коргоодо көбүнчө кандай каталарды кетиришет?
– Эң башкы ката – коргоонун маанилүүлүгүн баалабагандык. Көпчүлүк кадимки кеңсе кагазын жана жеке белгилери жок стандарттуу басма формаларын колдонушат, бул жасалмалоочулардын ишин кыйла жеңилдетет.
Көбүнчө документтерди туура эмес сакташат: кирүү мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөөнүн жоктугу, түп нускаларды үчүнчү жактарга берүү, түп нускалардын ордуна көчүрмөлөрдү колдонуу. Мындан тышкары, уюмдар көбүнчө бланктардын, мөөрлөрдүн жана штамптардын формаларын жаңыртууну унутуп калышат, бул кылмышкерлерге эскирген үлгүлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Ал эми толтурууда кетирилген каталар - кол тамгалардын чечмеленишинин жоктугу, толук эмес реквизиттер, ар кандай жазуу каражаттарын колдонуу - кийинки өзгөртүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
– Соттор жана укук коргоо органдары менен иштешүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болосуздар?
- Негизги кыйынчылыктар берилген материалдардын толук эместиги же сапатынын начардыгы менен байланыштуу. Мыйзам боюнча эксперттин изилдөө объекттерин өз алдынча алууга укугу жок – бардыгын сот, тергөөчү же экспертизага буюртма берүүчү берет. Бирок материалдардын жетиштүүлүгүн эксперт өзү баалап, кошумча материалдарды сурап кайрылууга укуктуу.
Маселелер суроолордун туура эмес коюлушунан да келип чыгат, алар иштин конкреттүү жагдайларын эске албастан, шаблондук булактардан алынат. Бул процессти жайлатат жана тыянактардын толук кандуулугуна таасир бериши мүмкүн.
– Жарандар жана компаниялар өздөрүнүн документтерин жасалмалоодон кантип коргой алышат?
– Эң биринчи кезекте – документтерди тариздөө жана сактоо эрежелерин сактоо керек: сапаттуу материалдарды, жекелештирилген бланктарды колдонуу, кол тамгаларды чечмелөө, маалыматтарды тыкан киргизүү, бош талааларды калтырбоо зарыл.
Формаларды жана мөөрлөрдү дайыма жаңылап туруу, документтерге жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө жана түп нускаларды бейтааныш адамдарга берүүдөн качуу керек.
Эң негизгиси – документтерге формалдуу эмес, юридикалык жоопкерчиликтин жана репутациянын алып жүрүүчүсү катары мамиле кылуу зарыл.
