Акылбек Андабасов: Курулуштарда көп эреже бузуулар сапаттан үнөмдөгөндөн келип чыгат
Курулуш-техникалык экспертиза башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Андабасов имараттарды жана курулмаларды текшерүү маалында аныкталган бир топ резонанстуу жана күтүлбөгөн жагдайлар, курулушчулардын көп кетирген каталары, жашырылган дефекттерди аныктоодогу заманбап ыкмалар жана курулуштагы, айрыкча көп кабаттуу жана татаал курулуштагы коопсуздукту камсыздоого, тобокелчиликтерди азайтууга жардам берчү чаралар тууралуу айтып берди.
– Акыркы жылда курулуш-техникалык экспертизадагы кандай жагдайлар сиз үчүн резонанстуу жана күтүлбөгөн болду?
– Курулуш-техникалык экспертизалар резонанс жаратышы да, күтүлбөгөн жыйынтыктарды бериши да мүмкүн, анткени алар имараттардын жана курулмалардын иш жүзүндөгү абалын аныктап, нормативдерге жана долбоордук документтерге дал келбестиктерди табат. Резонанстуу учурлар олуттуу кемчиликтер же бузуулар табылганда пайда болот, ал эми күтүлбөгөн жыйынтыктар мурда белгисиз болгон жашыруун көйгөйлөрдү же авариялардын себептерин аныктоо менен байланыштуу.
Акыркы жылдары экспертизалар көбүнчө курулуш-монтаждоо иштерине жана кыймылсыз мүлктү баалоого тиешелүү резонанстуу иштерди изилдөө багытында болду. Корутунду чыгарылган бардык материалдар эксперттердин коопсуздугу үчүн жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жарыя кылынбайт. Кээде резонанстуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат ЖМКларда же көзөмөл органдарынын отчетторунда жарыяланат, бирок бул сейрек кездешет.
– Кандай объекттер курулуштун коопсуздугу жана сапаты боюнча көп күмөн жаратат?
– Башкы көңүл чоң кемчиликтери бар объектилерге бурулат: чөгүп кеткен пайдубалдар, жарылган дубалдар, чириген жабуулар, урап түшкөн чатырлар. Ошондой эле, кемчиликтер чоң аянтта байкалган же көтөрүүчү конструкцияларга тиешелүү болгон объектилер, ошондой эле бүтпөгөн курулуш жана алгачкы кароодо көрүнбөгөн олуттуу көйгөйлөрдү жашырган инженердик коммуникациялар да күмөн жаратат.
– Кандай объекттер курулуштун коопсуздугу жана сапаты боюнча көп күмөн жаратат?
– Башкы көңүл чоң кемчиликтери бар объектилерге бурулат: чөгүп кеткен пайдубалдар, жарылган дубалдар, чириген жабуулар, урап түшкөн чатырлар. Ошондой эле, кемчиликтер чоң аянтта байкалган же көтөрүүчү конструкцияларга тиешелүү болгон объектилер, ошондой эле бүтпөгөн курулуш жана алгачкы кароодо көрүнбөгөн олуттуу көйгөйлөрдү жашырган инженердик коммуникациялар да күмөн жаратат.
– Уроонун же зыяндын себебин экспертизасыз аныктоо мүмкүн болбогон учурлар болобу?
– Ооба, мындай учурлар көп кездешет. Себептерин так аныктоо үчүн терең талдоо, атайын билим жана эксперттерге гана жеткиликтүү болгон документтер жана үлгүлөр керек.
– Имараттар менен курулмалардагы жашыруун кемчиликтерди аныктоого кандай заманбап технологиялар жана ыкмалар жардам берет?
– Бузбай текшерүүнүн заманбап ыкмаларына ультраүн, жылуулук, электромагниттик (анын ичинде георадардык) жана лазердик көзөмөл кирет. Алар аркылуу конструкцияларды ачпастан жаракаларды, көңдөйлөрдү, деформацияларды, жылуулук изоляциясынын бузулушун жана жашыруун коммуникацияларды табууга болот.
– Курулушчулар же компаниялар курулуштун сапатына таасир этүүчү кандай каталарды кетиришет?
– Бул жаатта курулушчулардын эң көп кетирген каталары: геологиялык шарттарды жана жүктөмдөрдү эске албастан долбоорлоо, сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу, технологияларды жана курулуш нормаларын бузуу, ошондой эле объектти куруунун бардык баскычтарында сапатты көзөмөлдөөнүн жетишсиздиги. Көпчүлүк учурда кесиби жок жумушчуларды тартуу техникалык катачылыктарга жана кемчиликтерге алып келет. Андан тышкары, имараттын пайдубалын, дубалын, чатырын жана желдетүү системасын орнотууда каталар көп кездешет, бул кийинчерээк имараттын коопсуздугуна жана колдонуу мөөнөтүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
– Практикаңызда кандай "массалык бузууларга" туш келгенсиз?
– Массалык бузууларга долбоордук документтерден четтөө, курулуш нормалары менен эрежелерин (СНиП) сактабоо, сапатсыз материалдарды колдонуу, ошондой эле долбоор боюнча иштердин толук көлөмүн аткарбоо кирет. Мисалы, аймакты көрктөндүрүү же жашылдандыруу. Бир окуяны айтайын, заказ берүүчү курулуштун 80 пайызын төлөгөн, бирок подрядчы келишимдин бар экендигине карабастан, ишти аягына чыгарган эмес. Мындай бузуулар курулуш көзөмөлү процессинде, иштин бардык этаптарында аныкталат.
– Объекттерди экспертизалоо адатта канча убакытты алат жана мөөнөттөргө кандай факторлор таасир этет?
– Экспертиза жүргүзүү мөөнөтү бир нече күндөн бир нече айга чейин созулушу мүмкүн. Ал объекттин татаалдыгына, экспертизанын түрүнө, иштин көлөмүнө жана лабораториялык изилдөөлөрдүн зарылдыгына, ошондой эле эксперттин заказчыдан керектүү материалдарды жана документтерди канчалык өз убагында алышына жараша болот. Мыйзам боюнча экспертиза объектти карап чыккандан кийин 30 календардык күнгө чейин жүргүзүлөт, бирок зарыл болгон учурда мөөнөт узартылышы мүмкүн.
– Курулуш компанияларына жана объект ээлерине тобокелдиктерди азайтуу жана мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн кандай чараларды сунуштайт элеңиз?
– Долбоордук документтерди жана курулуш аянтындагы шарттарды талдоо менен тобокелдиктерди комплекстүү баалоо, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу пландарын жана коопсуздук чараларын иштеп чыгуу зарыл. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын нормаларын так сактоо, камсыздандыруу полистерин түзүү жана күтүлбөгөн кырдаалдар үчүн резервдик фонддорду түзүү маанилүү. Мындан тышкары, курулуштун жана объектти пайдалануунун бардык этаптарында үзгүлтүксүз мониторингди жана көзөмөлдү камсыз кылуу, тобокелдиктерди азайтуу жана мүмкүн болгон мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам жооп кайтаруу зарыл.
– Курулуш-техникалык экспертизада жакынкы жылдары, айрыкча бийик жана татаал курулуштун өсүшү менен кандай тенденциялар жана жаңычылыктар маанилүү болот?
– Бийик жана татаал курулуштун өсүшү курулуш-техникалык экспертиза тармагында жаңы ыкмаларды жана технологияларды колдонууну талап кылат. Биринчи кезекте — бул заманбап моделдөө жана талдоо ыкмаларын колдонуу менен, айрыкча сейсмикалык кооптуу аймактарда, объектилердин сейсмикалык туруктуулугун жана коопсуздугун баалоо. Заманбап курулуш нормаларына жана стандарттарына катаал шайкештикти камсыз кылуу, ошондой эле кымбат оңдоолордон качууга мүмкүндүк берген алгачкы этаптарда кемчиликтерди аныктоо аркылуу чыгымдарды оптималдаштыруу маанилүү. Негизги багыт ташуучу конструкциялардын абалына жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Жаңы, анын ичинде эксперименталдык материалдарды жана технологияларды изилдөө жана киргизүү да маанилүү аспект болуп саналат. Долбоордук документтерди натыйжалуу талдоого, курулуш процессин көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон кемчиликтерди өз убагында аныктоого мүмкүндүк берген санариптештирүү жана BIM-моделдөө өзгөчө ролду ойнойт. Мунун баары имараттардын жана курулмалардын максималдуу коопсуздугун, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылууга багытталган.
