Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
26 август

Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жана сапаттуу механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүү, лизингди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, айыл чарба тармагын жаңылоо жана техникалык модернизациялоо максатында 2016-жылдын март айынан бери өлкмөнүн аймактарында агротехникалык механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүүчү машина-трактор станциялары уюштурулуп келет.

Бул чечим кабыл алынгандан бери республика боюнча жалпы 202 МТС түзүлүп, алардын ичинен 77 муниципалдык, 125 жеке менчик болуп саналат. МТСтердин карамагында болжол менен 4000 айыл чарба техникасы бар.

Аймактар боюнча МТСтердин бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:

  • Нарын облусунда – 39;
  • Ысык-Көл облусунда – 40;
  • Ош облусунда – 23;
  • Баткен облусунда – 13;
  • Чүй облусунда – 40;
  • Талас облусунда – 22;
  • Жалал-Абад облусунда – 25.

2026-жылы жалпы 16 МТС уюшулган жана жыл аягына чейин республиканын аймактарында дагы 3 МТС уюштуруу болжолдонууда.