Балыкчыда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү
Балыкчы шаарында жол кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол эрежелерин бузууларга жол бербөө максатында Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
Балыкчы ШИИБден кабарлашкандай, кызмат өтөө учурунда айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу, ылдамдык режимин бузбоосу, мас абалында унаа башкарбоосу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Кызматтын жүрүшүнө Балыкчы ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Адис Жунушалиев тарабынан жеринде көзөмөл жүргүзүлүп, кызматкерлерге жол кырсыктарынын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилүүдө.
Балыкчы ШИИБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана жолдо этият болууга чакырат.
