Сот Махабат Тажибек кызынын Лондонго баруусуна уруксат берген жок
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 25-августта журналист Махабат Тажибек кызынын эл аралык The Albies сыйлыгын алуу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берүү жөнүндөгү жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда Лондондо өтүшү керек.
«Соттун чечимине нааразыбыз. Сыйлык тапшыруу маселесинде айыпталуучунун статусу гана эмес, жалпы Кыргызстандын статусу да бааланат. Эгер ага өлкөдөн чыгууга уруксат берилсе, бул Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги бар экенин көрсөтмөк», — деди жактоочу Акинбек Ногоев.
Сот отурумунда жактоочулар сот процессин видеого тартууга да уруксат берүүнү суранышты, бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Ошондой эле иштин материалдарына көз карандысыз лингвистикалык экспертизанын корутундусу тиркелди.
Айыптоо тарабы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү — «Массалык башаламандыктарга чакырыктар» боюнча айыптоо корутундусун жарыялады. Махабат Тажибек кызы коюлган айып менен макул эместигин билдирди.
Буга чейин иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан күбөлөрдү суракка алуу маселеси азырынча ачык бойдон калууда.
Кийинки сот отурумдары 9-сентябрда саат 15:00дө жана 22-сентябрда саат 16:00дө өтөт.
Эске салсак, 10-мартта Кыргызстандын Жогорку соту Тажибек кызына карата мурда чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.
23-мартта сот журналистти камактан бошотуп, бөгөт коюу чарасын өлкөдөн чыгууга тыюу салуу менен алмаштырган. Ошол эле учурда кылмыш ишин токтотуудан баш тарткан. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Буга чейин Тажибек кызы алты жылга эркинен ажыратылган. Ал Temirov LIVE жана «Айт, айт десе» журналисттик долбоорлорун жетектеп келген.
2024-жылдын январында Ички иштер министрлиги бул долбоорлорго байланыштуу 11 журналистти, активистти жана кызматкерди кармаган. Аларга массалык башаламандыктарды даярдоого айып тагылган. Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан эмес.
