ДКО: Ысык-Көлдө жеңил унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет
видеодон алынган кадр
26 август

ДКО: Ысык-Көлдө жеңил унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет

2026-жылдын 28-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Иш-чарага байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеңил унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат.

Жарандарга жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталат. Коомдук транспорт менен жүрүү акысыз.

Жеңил автоунаалар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар төмөнкү жерлерде уюштурулат:

  • Байет айылы — «Чайка» эс алуу жайы;
  • Бактуу-Долоноту айылы — ат майдан;
  • Григорьевка айылы — муниципалдык чарбанын короосу;
  • Григорьевка айылы — мектептин спорт аянтчасы;
  • Семеновка айылы — чарба короосу;
  • Ананьево айылынын түштүк тарабы;
  • Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

ЖКККББ бардык жарандарды жол кыймылынын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске алып, жол белгилеринин талаптарын так сактоого жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.