Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги нин карамагына өткөрүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-августта кол койгон.

Маалыматка ылайык, Токой кызматы менен бирге анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүлөт. Эми министрлик токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча иштерге жооп берет. Ошондой эле анын ыйгарым укуктарына - токой кадастрын жүргүзүү, токойлорго мониторинг жана инвентаризация жүргүзүү, токой кыюуга жана башка токой пайдалануу иштерине уруксат берүү кирет.

Мындан тышкары, министрлик токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюудан, зыянкечтерден жана оорулардан коргоо, ошондой эле токой чарбасына инвестиция тартуу багыттарында иш алып барат.

Эске салсак, Токой кызматы буга чейин Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2024-жылдын март айында кызмат ӨКМдин карамагына өткөрүлгөн.