видеодон алынган кадр
26 август
Ош шаарында 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылды
Ош шаарында №75 “Тунук Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин Төрагасынын орун басары Дастан Наватов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү, тарбиячылар, ата-энелер катышты.
Бала бакча 250 орунга ылайыкталып, бардык шарттар каралган. От жагуучу имараты бакчанын өзүндө жайгаштырылып, кошумча ЮНИСЕФ тарабынан теплонасос коюлган.
Белгилей кетсек, аталган бакча Ош шаарынын Кеңеш айылында жайгашкан.
