Башкы прокуратурасы тарабынан товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схема аныкталды
26 август

Башкы прокуратурасы тарабынан товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схема аныкталды

Текшерүүдө И.А. аттуу жаран жана башка жактар реалдуу ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү схемасын уюштурушканы такталган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын июнь-август айларында аталган субъекттер «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу товарлардын наркын төмөн көрсөтүү менен алып кирип, кийин аларды тиешелүү салыктык эсепке алуусуз сатып келишкен.

Мындан тышкары, товарларды алып кирүүдө 2024-жылдын 30-апрелинен тартып ишмердүүлүк жүргүзбөгөн субъект катары таанылган «К» жеке ишкеринин атынан таризделген жасалма товар коштоочу документтер колдонулган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) жана 222-беренеси (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.