Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август
Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 17%га кыскарды
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-августуна карата 37,5 миң жумушсуз жаран катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу катталган жумушсуздардын саны 17,2%га азайган.
Жалпысынан мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматынын органдарында жумуш издеп, каттоодо турган иштебеген жарандардын саны 60,6 миң адамды түздү.
Алардын саны бир жыл ичинде 6,5%га кыскарган.
