Уланбек Асанбеков, скрипач: “Музыка жүрөктөн жүрөккө жеткен толкун”
Сахнада скрипканын кылдары дирилдеген сайын залдагы адамдардын жүрөгүнө жеткен бир сырдуу толкун тарайт. Скрипач Уланбек Асанбеков үчүн музыка жөн гана өнөр эмес – ал адамдын жан дүйнөсүн тарбиялаган, сезим менен сүйлөгөн өзүнчө аалам. Ал музыканын күчү, сахнанын жоопкерчилиги жана скрипка менен адамдын ортосундагы көрүнбөс байланыш тууралуу ой бөлүштү.
– Скрипка сиз үчүн жөн гана аспаппы же жашоо философиясыбы?
– Скрипка мен үчүн жөн гана музыкалык аспап эмес. Ал – жашоону түшүнүүнүн, сезүүнүн бир жолу. Музыка адамдын ички дүйнөсүн ачат. Биз окуп жүргөн кезде мугалимдер чыгарманы жөн гана аткартып койчу эмес. Ар бир чыгарманын тарыхын айтып беришчү. Композитор аны кандай абалда жазган, кандай сезимде болгон, кандай окуя түрткү берген – ошонун баарын түшүндүрүшчү. Ошол тарыхты уккандан кийин биз чыгарманы элестетип, образ жаратып, анан аткарууга аракет кылчубуз. Башында баары техникадан башталат. Колдун кыймылы, булчуңдардын машыгуусу, сааттап кайталоо. Бирок убакыт өткөн сайын музыка сенин аң-сезимиңе сиңип калат. Темпин, нюансын, үнүнүн демин кулагың менен сезип каласың. Ноталар көз алдыңда тургандай болот.
Бир убакта баары автоматтык деңгээлге жетет. Ошондо сен нотаны эмес, сезимди ойной баштайсың. Чыныгы музыка дал ошол жерден жаралат. Ар бир музыкант бир эле чыгарманы ар башка аткарат. Анткени ар ким аны өзүнүн ички дүйнөсү аркылуу өткөрөт. Музыканын сулуулугу дагы ушунда.
– Сахнада чыгарманы аткарып жатып өзүңүздү жоготуп алган учурлар болгонбу?
– Ооба, мындай учурлар ар бир музыкантта болот. Сахнада кээде күтүлбөгөн бир үн чыгып кетиши мүмкүн же кандайдыр бир кыймыл алаксытат. Ошол учурда мээңдеги байланыш үзүлүп кеткендей сезим жаралат. Бирок музыкантты дал ошол учурда машыгуу сактап калат. Кол өзү эле иштеп кетип, абалдан булчуңдардын эс тутуму чыгарат. Көз алдыңда ноталар элестеп турат. Ошол ички элестетүү кайра өзүңдү жыйнап, чыгарманы улантууга чоң күч берет.
Бир окуя өмүр бою эсимде калды. Илгери Чүй камералык оркестринин концертинде Тамара Шарипова экөөбүз Бахтын эки скрипка үчүн жазылган концертин аткарганбыз. Концерт үч бөлүктөн турган. Биринчи эки бөлүктү ийгиликтүү ойноп бүттүк. Үчүнчү бөлүккө өтөйүн десем, нотам жок экенин байкадым.
Бирок өзүмдү жоготкон жокмун. Чыгарма ушунчалык көп кайталанып, аң-сезимиме сиңип калган экен, бүтүндөй музыка көз алдымда тургандай болду. Ошентип үчүнчү бөлүктү нотасыз эле толук аткарып чыктым. Концерттен кийин нотам жок болгонун айтсам, көпчүлүк таң калды. Ошондо мен сахнада адамды эң биринчи анын эмгеги, даярдыгы сактап каларын түшүндүм.
– Сиз үчүн “идеалдуу аткаруу” деген эмне?
– Ар бир концерт музыкант үчүн экзамен. Сахнага чыккан сайын чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Анткени сен жөн гана музыка ойнобойсуң, композитордун оюн, сезимин адамдарга жеткиресиң.
Мен үчүн идеалдуу аткаруу музыка аркылуу жүрөктөн жүрөккө жетүү. Сен чыгарманы толук берилип аткарсаң, угуучу аны сөзсүз сезет. Сахнада адамдар менен көз караш аркылуу дагы байланыш пайда болот. Кээде зал тыптынч болуп калат. Ошол тынчтык музыканын адамдардын жан дүйнөсүнө жеткенинин белгиси. Ал эми концерттен кийинки кол чабуулар музыкант үчүн эң чоң баа.
– Музыка аркылуу адамдарга эмне жеткиргиңиз келет?
– Музыка – тарбия. Адам кандай музыка укса, анын дүйнө таанымы дагы ошого жараша калыптанат. Илгери байлар, ак сөөктөр балдарын музыкант болсун дебесе дагы, музыканы түшүнгөндү үйрөтүүгө аракет кылышкан. Анткени музыка адамдын маданиятын, ички дүйнөсүн өстүрөт.
Бүгүн илим дагы музыканын адамга тийгизген таасирин далилдеп жатат. Айрым обондор адамды тынчтандырат, айрымдары күч-кубат берет, дагы бири көңүлдү көтөрөт. Чет өлкөлөрдө музыка менен дарылоо ыкмалары дагы колдонулат. Менимче, музыка адамдын жан дүйнөсүнө түз жеткен тил. Кээде сөз менен айтып жеткире албаган сезимди музыка гана жеткирет.
Мусулман катары караганда дагы обондун күчүн байкайбыз. Куран окуудагы кыраат, азандын айтылышы баары үн менен байланышкан. Ар бир элдин өзүнө таандык обону, айтуунун өзгөчө ыргагы бар. Бул дагы адамдын ички дүйнөсүнө таасир берип, руханий тарбия берет.
– Эгер скрипкаңыз сүйлөй алса, ал сиз жөнүндө эмне деп айтмак?
– Бир жолу айылга бир жакшылыкка барып калдым. Скрипка ойнодум. Бир байке келип, “сенин скрипкаң сүйлөйт экен” – деди. Чынында музыка сүйлөйт. Жакшылап укса, аны бардык адам түшүнөт. Чынында мага аспабым да жандуу нерседей сезилет. Себеби, скрипкага дагы кам көрүш керек. Анын үнү, мүнөзү, абалы бар. Убакыт өткөн сайын настройкасын тууралап, тазалап, усталарга көрсөтүп туруш керек. Кичинекей эле өзгөрүү анын үнүнө таасир этет.
Эгер скрипкам сүйлөсө “мага жакшы мамиле кылган адам болду” десе керек деп ойлойм. Анткени адамдын маданияты анын бардык нерсеге болгон мамилесинен көрүнөт. Аспапкабы, кийимге болобу, айлана-чөйрөгөбү баарына аяр мамиле керек. Ал эми адамга болгон жакшы мамиле эң чоң өнөр.
