Барчынай Кадырбекова: 40 жаштан кийинки жашоо – жалгыздыктан коркосузбу? 
23 август

Барчынай Кадырбекова: 40 жаштан кийинки жашоо – жалгыздыктан коркосузбу? 

Психолог, коуч Барчынай Кадырбекова 40 жаштан кийинки жашоо тууралуу ойлорун бөлүшүп, бул курактагы адамдардын негизги коркунучу жалгыздык болоорун айтты. Ошондой эле, бул коркунучтан кантип арылуунун жана 40тан кийин жагымдуу жашоо табуунун ыкмаларын сунуштады. 

– Адам эмнеге жалгыздыктан коркот? 

– Бул суроонун жообу дээрлик бардык адамдарга: бүгүнкү 40 жана 40тан ашкан курактагыларга, ал турмак эртең эле 40 жашка чыкчу жаштарга да керек деп ойлойм. Анткени, адамзаттын эң чоң коркунучу – бул жалгыздык. Ооба, ачка калуу, кедей болуп калуу ж.б. да коркунучтардан куру эмеспиз, бирок дүйнөлүк психология адамдардын бардык коркунучун жалгыз калуу коркунучу басып өтөөрүн аныктаган.  Биздин азап, кыйынчылыгыбыздын баары ар кандай коркунучтардан келип чыгат. 

Жалгыз калуу – дүйнөдөгү бардык атактуу ойлоп табуучулар, жазуучулар же бизнесмендердин баянын карап көрсөңүз, алардын баары кандайдыр бир жалгыздыкка кириптер болгондор. Бул түшүнүктүү – көпчүлүк менен чогуу отуруп, көпчүлүккө аралашып жүрүп улуу эмгекти жарата албайсың. Бардык ачылыштар жалгыз жолдон басып өтүшөт. 

Ал эми жалгыздыктан корккон адам – ал өзүнүн ичиндеги дүйнөсүн таба элек. Ичи бош. Мындайда көпчүлүктүн шары, карым-катнаш, жоро-жолдош менен өздөрүн алаксытышат. Жалгыздыктан корккону үчүн адамдар турмушка чыгат, үйлөнүшөт, балалуу болушат. Келечекте жалгыз калбайын, элден чыкпайын деген ой менен карым-катнаш күтүшөт, той-топурга барышат. Бул кайсы коомдон келе жаткан көз караш? Алгачкы жамааттык коомдон, уруулук жамааттан. Андан кийинки программаны Советтер союзу толуктады. “Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн”, “Күч биримдикте” ж.б. идеологиялар орун алып, ар бир адамдын мамлекетке, элге эмгеги сиңиш керек, “үй-бүлө – менин пайдубалым”, “досум болбосо – адам эмесмин” деген чекке жеткиришти. Ошону менен сенин кандай адам экениң досуңдун көбү же азы менен бааланып калды. 

Менин туугандарымдын бирөөсү кимдир бирөө менен сүйлөшмөйүнчө отура албайт. Жанындагы адам же телефондон сөзсүз сүйлөшүп турушу керек. Өз ойлору менен калганды, андан ырахат алганды билбейт. Бирөөлөрдөн көз каранды. Кайталайм: жандүйнөсү бош адамдар башкалардан көз каранды болушат. Бирөөнүн жакшы сөзүнө, колдоосуна, коргоосуна муктаж. Канчалык башка адамга муктаж болгон сайын жашооң ошончолук татаалдашат. Аң сезимин калыптандырып калган адамдар ички дүйнөсүн өнүктүрөт, аларда мындай муктаждык боло бербейт. Эмнеге биз Кудайга жалгыз калганда жалынабыз? Анткени, улуу күч менен байланыш жалгыз учурда жакшы болоорун билебиз. Ар бир нерсенин жакшы жагын таба билүүгө умтулуу зарыл. Жалгызсыбы – демек, бул сенин кайсы бир иштерди аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүң. Жалгыз эмессиңби, анда ошол акыбалыңдан ырахат ал.

– 40 жаштан кийин жаңы жашоону кантип ачууга болот?  

– 40 жаштан кийин жашоомду “малинага” айлантам, ички ресурстарымды ачам, колдоном дегендерге бир гана инструмент бар. Ал – белгилүү психолог Карл Юнг сунуштаган – индивидуация – адам өзүнүн жакшы жактарын таанып, акылы менен жандүйнөсүн бириктирүү аркылуу бүтүндүккө жетүү. 

Мисалы, биз күнүмдүк жашоодо 2 образда жүрөбүз. Үйдө башка образ, а жумушта башка. Эгерде жумуштагы образдан чыгып кетсек, кесиптештерге таасирим болбой калат деп коркобуз. Кокус образ экиден көбөйүп кеткен чакта, жашообузда башаламандык башталат. Индивидуация – мына, ушул образдарды бир бүтүнгө бириктирүү. Белгилүү психологдун фразасын ишке ашыруу – “Мен эч ким эмесмин, мен эч ким боло алганда гана мен бардыгы боло алам”. Мунун мааниси терең – эч ким болуу – бул жөнөкөйлүк, табигыйлык. Адам өзүнүн уңгусуна кайтып, жаратылыштан берилген сапаттарын, манерасын, мүнөзүн ачыкка чыгаруудан, башкаларга көрсөтүүдөн жалтанбаганда, өзү кандай болсо башкаларга так ошондой көрсөтүүдөн качпаганда – табигыйлык орун алат. Адам табигый болгон сайын ага тартылгандар көбөйөт. Мисалы, эмнеге бир ырчы канчалык аракет кылса дагы ырлары өтүмдүү болбойт? А экинчи ырчы жөн эле ырдап койсо дагы хит болуп кетет. Мындагы айырмачылык – так ошол табигыйлуулукта. Ал жандүйнө, ички образ менен акыл бириккенде келет. Күч так ушул жерде. Өз образыңды жээрип, тигиге же буга окшошойун деп туурап, башка бирөөнүн образы менен жашасаң, миң аракет кылсаң дагы ийгиликке жете албайсың. Гарвардды аяктаган болсоң дагы, сыртыңда маска болсо, коомчулук сенин чыныгы жүзүңдү тааныбайт. Өзүңдүн кейпиңди, табиятыңды таанып, ошол образды карманганда, колуңду кайсы ишке тийгизсең, ошол жерден ырахат алып иштей баштайсың. А сен ырахат менен жасаган иш башкаларга да ырахат тартуулайт. 

– 40тан ашкандан кийин аң сезимди жакшы жакка буруу менен эле жаштыкты узартууга болобу?

– 40 жаштан кийин адам өзүн ичинен таанып баштаганда, мээ жаңылыктарды кабыл алып баштайт. Жаңылык – бул жашаруу. Денеде, ички дүйнөдө жашаруу башталат. Негизи, 40тан ашкандан кийин адамдын организми алсырап, ар кандай оорулар чыга баштайт, карылыкка жол салынат деп түшүнөбүз. Бул жаңылык болбогон шартта. А эгерде өнүгүүгө 40 жаштан кийин кадам таштасаң, тескерисинче, жашаруу процесси башталат. Жашаруу болгон жерде оору болбойт, болсо да көпкө турбайт. 

– Эмнеге көпчүлүк учурда 40тан ашкан жубайлар ортосунда эки бөлөк жолго түшүү кездешет?

– Дүйнөлүк психологияда минтип айтылат: сен 40 жашка чейин турмуш курбаган болсоң, анда жакшы аракет кылган эмессиң. 40 жаштан кийин ажырашкан болсоң, анда абдан көпкө чыдагансың. Эмнеге турмуш бир кылка кетпеген чакта, жаш кезинде эле ажырашпай, 40тан оогондон кийин бир чечимге келишет? Анткени, бул курак аң сезим толук кандуу жетилген курак. “Аа, бул жашоо меники эмес турбайбы” деген кандайдыр бир күч, ишеним келет. Бирок мен ажырашуу менен маселе чечилип калат деп ойлобойм. Себеби, ажырашуудан кийин сен басып өткөн жолуңду кайра башынан басууга аргасыз болосуң. Эми ойлоп көрүңүз: бир баскан жолду кайра баскан жеңилби же кайсы бир чыйырларын оңдоп коюубу?