Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин салыктык каттоосу автоматташтырылды
25 август

Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин салыктык каттоосу автоматташтырылды

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды.

Салык кызматы тиешелүү парктар менен маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштерди жүргүздү. Натыйжада парктын резиденти статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалыматтар Салык кызматына электрондук түрдө өткөрүлүп берилет.

Эми салык төлөөчү Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти статусун алгандан кийин, тиешелүү дирекция Салык кызматына электрондук билдирүү жөнөтөт.

Алынган маалымат Салык кызматынын маалыматтык системасында зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүү үчүн колдонулат.

Мындан ары салык төлөөчүгө салык органына кагаз түрүндөгү документтерди же арыздарды өз алдынча тапшыруунун зарылдыгы жок. Зарыл болгон маалымат маалыматтык системалардын ортосунда электрондук түрдө өткөрүлүп берилет.

Жаңы өзгөртүү административдик жол-жоболордун жана кагаз документ жүгүртүүнүн көлөмүн кыскартууга, салык төлөөчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө жана тиешелүү салык режимин ыкчам колдонууга багытталган.