Игорь Першуков: Манастагы бейтаптар Кливленд же Нью-Йорктогудай эле дарылана алышат
Биз Москвадагы кардиология борборунда иштеген тажрыйбалуу кардиолог Игорь Першуков менен болгон маегибизди улантабыз: ал Манас шаарындагы бейтаптар дүйнөдөгү эң мыкты клиникалардын деңгээлинде дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларын айтып, эмне үчүн өз организмиңди түшүнүү жана туура терапия схемаларын сактоо жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдиктерин азайтууга жардам берерин түшүндүрөт.
– Сиздин дарылоого өзгөчө көз карашыңыз барбы? Адамдарды дени сак кылуу үчүн эмне керек?
– Мындай көз караш бар. Жакында эле жашап өткөн улуу адамдардын бири деп мен техникалык гений Стив Жобсту эсептейм. Ал башка Стив (Возняк) менен гаражда Apple компьютерин өндүрүп, андан кийин технологиялык чөйрөдө бир нече революция жасаган. Жобстун идеялары анын буюмдарын колдонууга ыңгайлуу кылууга багытталган. Анын иштеп чыгуулары адамдар үчүн болгон. Ал эми "Think Different" (Башкача ойлон, Өзгөчө ойлон) деген ураан бүтүндөй Apple Inc. корпорациясынын ураанына айланды.
Мага башкача ойлонууга ондогон жылдар бою иштелип чыккан жана жылмаланган система жол берет. Бул бейтаптын мен менен байланышта болгондо берген сөздөрүн, жаңсоолорун, кыймылдарын жана реакцияларын талдоо. Муну дайыма эле оозеки түрдө айтууга мүмкүн болбосо да, мен адамдан алган нерселердин баары анын жыргалчылыгы үчүн колдонулат –анын көйгөйүн табууга жана диагноз коюуга аракет кылышым керек, ошондой эле мүмкүн болушунча дарылоону эртерээк сунуштоо зарыл.
Кээде диагноз дарылоо менен бирге жүрөт, оорулуу жөнүндө жаңы маалыматтар келип түшкөн сайын дарылоо жолу такталат, толукталат. Ошол эле учурда биз ар дайым анализдерди жана изилдөөлөрдү чогуу карайбыз, бейтаптарым баарлашуу процессинде "smart-бейтаптарга" айланышат, алар көйгөйүнүн өзөгүн таап чыгышат, мен болсо ал жөнүндө мүмкүн болушунча жөнөкөй, бирок маңызын бурмалабастан айтып берүүгө аракет кылып, бейтапка эмне кылуу керектигин түшүндүрөм. Эгерде жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрү жөнүндө айта турган болсок, анда алар көпчүлүк чоң кишилерде пайда болуп, биротоло өнөкөт болуп калат. Бул жерде жеңилдиктерге жол берүүгө, компромисске барууга болбойт, бул өтө маанилүү. Көптөгөн адамдар дарыланууну жактырышпайт, аларга кандайдыр бир убактылуу чаралар менен өнөкөт маселени чечсе болчудай сезилет, бирок бул кеңири тараган жаңылыштык.
Дагы бир балээ, мурунку СССРдин аймагында дайыма кездешип, адамдарды дарылоого тоскоол болгон нерсе – бул инфузия алууга умтулуу – «тамчылатма укол алуу керек». СССРде ушинтип көп дарылашкандыктан, чоң аталарыбыз менен аталарыбыздын мууну ушундай дарыланууга көнүп калган жана бул бизге мурас болду. Инфузиялык терапия панацея эмес, 3 айга же жарым жылга 5 же 10 «тамчылатма» жасоо туура болбойт деп адамдарды ынандыруу өтө кыйын. Эгерде биз өнөкөт ооруларды, мисалы, гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөк жетишсиздиги, көптөгөн аритмияларды дарыласак, анда адамга күн сайын коргоп, татаалдашуулардын алдын алган дары-дармектер керек. Түшүндүрүүгө туура келет (буга өзүнчө убакыт эч качан болбойт, бирок ансыз эффект болбойт, эмне кылып жатканын түшүнбөгөн бейтаптын дарылануусу начар жүрөт, мен ушуга ишенем), мисалы, кан клеткалары тромбоциттер тынч абалда тандырда бышкан нан сыяктуу, бирок кан тамырда көйгөй пайда болгондо эле алар активдешип, бири-бирине жабышып, тромб пайда кылып, кан тамырдагы тешикти жаап турган щупальцалары пайда болот. Гемостаз механизми ушундай иштейт, ал бизди кан агуудан сактайт. Бирок ошол эле тромбоциттер кан тамырдын ичинде жарылган холестериндик “бляшканы” көрүп, аны дагы ошондой коркунуч деп эсептеп, кан тамыр жарылып, кан агуудан өлүп калуу коркунучу бар деп ойлошот. “Бляшкада” тромбоз пайда болот жана ал көбүнчө бүт кан тамырды жаап коёт. Эгерде бул жүрөктү камсыз кылган коронардык артерияда болуп кетсе, анда биз миокард инфарктын байкайбыз, эгерде уйку артериясында болсо, анда адам инсульт болуп калат, эгерде жамбашка же санга кеткен артерияларда болсо, анда буттан ажырап калышы мүмкүн. Тромбоциттердин агрессивдүүлүгүн жаратпоо үчүн тромбоциттердин биригүүсүн бөгөттөгөн дарылар бар – булар аспирин, плавикс, брилинта жана башка каражаттар. Бирок мисалы, аспирин, плавикстин жана брилинтанын ортосунда айырма бар. Аспирин менен плавикс биригүүнү биротоло бөгөттөйт (тромбоцит үчүн биротоло – бул бир жума, ал 7-10 күн жашайт), ал эми брилинта болгону 12 саатка бөгөттөйт. Дал ушул себептен улам брилинтаны токтоткондо кайталап инфаркт болуп кеткен учурлар көп кездешет. Адам өзүнүн тромбоцит-катмарын элестетип, аны аспирин, плавикс, брилинта кандай өзгөртөрүн түшүнсө, анда дарыгердин уруксаты жок дары ичүүнү таштоого болбой турганын оңой түшүнмөк.
Менин бейтаптарым – акылдуу бейтаптар – мен аларга дарылар канчалык маанилүү экенин түшүндүргөм, ошондуктан алардын ден соолугунда татаалдашуулар өтө сейрек кездешет, башка оорулуу адамдарга караганда алда канча аз. Бир бейтабым бар, азыр ал менин досум, анын бир коронардык артериясында 7 стент бар, ал абдан жакшы балыкчы жана кезектеги балык уулоонун алдында анда стенокардиянын жаңы пристубу болду, ал кезде ага Москвада менин мугалимим Самко тарабынан 7 стент коюлган болчу. Ал мага, Воронежге келип, жаңы стент үчүн барышы керекпи деп сурады (ал мурда ушундай кылып, дайыма инфаркттын алдын алууга үлгүрчү), мен ага күндүзгү стационарды сунуштадым, ал жерде өлкөдө жеткиликтүү болгон дарылар менен, бирок америкалык дарылоо схемасы боюнча дарылашты. Андан бери көп жыл өттү, досум башка бир дагы стент алган жок, активдүү жашоо өткөрөт, ар кайсы өлкөлөрдө жана континенттерде балык уулайт (анын ичинде – Камчаткада жана Амазонка дарыясында). Демек, Воронежде (ал эми бүгүн Манаста дагы) Кливленд же Нью-Йорктогудан кем эмес дарылана алышат.
Мен Кыргызстанда дарылануу Россияга караганда кыйыныраак экенин гана айта алам, анткени ал жакта дары-дармектердин түрлөрү көбүрөөк жана жеткиликтүү, ал эми бул жакта дарыканаларды кыдырып, аларда эмне бар экенин, эмнени тандай аларымды жана бейтаптарыма бул жерде кантип жардам бере аларымды билдим. Бул жерде да ишке ашат деп айта алам, бирок баары бир жардам берүү ыктымалдыгы Россиядагыдан төмөн. Менин схемаларым эл аралык сунуштарга негизделген, бирок алардан ашып түшөт, анткени сунуштарга бардык "эгерде" деген нерселерди киргизүүгө болбойт, а мен таасир этүүчү факторлорду көбүрөөк эске алып, дарылоо схемасын күчтүүрөөк кыла алам. Бирок дарылар сатылып алынып, тумбочкада жатканда иштебейт, алар организмде гана иштейт. Бүгүн менин ЖАМУдагы шакирттерим жана аспиранттарым бул дарылоо схемаларын колдоно башташты, биз кечээ адамдардын өздөрүн кандай сезгени менен бүгүн алар менен эмне болуп жатканынын айырмасын көрүп жатабыз.
Тилекке каршы, адамдарды толугу менен сакайтканга мүмкүн эмес. Бул иллюзия. Эгер адам гипертонияга кабылса, бул оору аны менен өмүр бою калат. Чоң кишилердеги көпчүлүк аритмиялар да ушундай. Ошондой эле кан тамырларды тазалоого болбойт, анткени аларды бөтөлкөдөй тазалоочу "щетка" жок, ошондуктан стенокардия пайда болгондон кийин адамды толугу менен сакайтканга мүмкүн эмес. Бирок ошого карабастан, анын инфаркт алуу коркунучун эң аз деңгээлге чейин төмөндөтүүгө болот. Бул үзгүлтүксүз процессте туура дары-дармектер керек, аларды күн сайын ичүү зарыл, тузду азайткан жана жаныбарлардын майлары менен глюкозаны чектеген диета керек, башкача айтканда, Кыргызстандын салттуу ашканасы, анын ичинде уй эти, кой эти жана жылкы эти тыюу салынат. Ошондой эле физикалык активдүүлүк керек, эгер адам баспаса, таза абада сейилдебесе, анда атеросклероз процесси төмөн физикалык активдүүлүктө агрессивдүү түрдө өтөт. Дагы бир көйгөй – ашыкча салмак, аны менен да күрөшүү керек. Адам өзүнүн сүйүктүү нанын жана жүзүмүн жеп, табактагы куйрук май кошулган өзгөн күрүчүнөн жасалган палоодон баш тарта албаса, бул албетте, даамдуу, бирок салмактан арыла албайт, ал эми атеросклероз абдан тездик менен өнүгөт.
Ошондуктан жергиликтүү ашканадагы менин тандоом – “Жаңы” салаты же “Шакарап”. Буга башка жашылчаларды да кошсо болот, ал эти жок борщко айланат. Ботколор, клечатка керек, башкача айтканда, капуста жана башка тамактар негизги тамакка айлануусу кажет. А мөмө-жемиштер экинчи таңкы тамак же түшкү тамак менен кечки тамактын ортосундагы ырахаттануу (аз өлчөмдө) гана болуп берүүгө тийиш.
– Эмне үчүн бизде жүрөк-кан тамыр оорулары ушунчалык көп? Эмнеден ката кетирип жатабыз?
– Биз 20-кылымдын экинчи жарымында инфаркттан сактап калууну үйрөндүк. Аны менен адамдардын өмүрүн 19-кылымга караганда бир топ узарттык. Бирок ошол эле учурда азыркы шарттар адамдардан чоң ылдамдыкты, тез реакцияны, олуттуу жана узакка созулган чыңалууну талап кылат. Мунун баары эрте гипертонияга алып келет, бул “бляшкалардын” өсүшүнө түрткү берет жана стенокардиянын пайда болушун тездетет, ал эми начар эс алуу, тез-тез нервдик чыңалуулар жүрөктүн тез кагышына алып келет – адамдарда ар кандай аритмияларга даярдык пайда болот, жүрөк физикалык активдүүлүктүн төмөн деңгээлинен улам машыкпай калат, бирок эмоциялар ашып-ташып кеткенде үзгүлтүккө учурайт. Мына, бүгүнкү жүрөк-кан тамыр катастрофасынын фону ушул. 2024-жылы Калифорнияда (АКШдагы эң бай штат) мерцательная аритмия (бүгүнкү күндө туурасы – фибрилляция предсердий) менен ооругандардын санын эсептеп чыгышканда, 2030-жылга карата жасалган болжолдон ашып кеткени белгилүү болду, башкача айтканда, дарыгерлер 2030-жылы гана көрүүнү үмүттөнгөн көрүнүш азыр эле башталды. Ошол эле болжолдоолор бүткүл АКШ, бүткүл Европада бар...
Алкоголдук ичимдиктер дагы саламаттыктын жакшы болушуна тоскоолдук кылат, ошондуктан бүгүн дарыгерлер ага дээрлик толук тыюу салышты. Ооба, биз кызыл кургак шараптагы ресвератролдун канчалык пайдалуу экенин билебиз, бирок бир күндө 1 бокалдан ашык ичүүгө болбойт, ашыкча ичүүнүн пайдасынан зыяны көп. Пайдасы боюнча кызыл шарапка виски жакын, бирок аны да суткада дринктен ашык ичпеш керек. Биздин чөйрөдө ким ушул өлчөм менен токтой алат? Ошондуктан күнүнө 50 мл коньяк ичкен улуу Чазов “мекендештерибиздин эч кимиси спирт ичимдиктерине карата мындай мамиле кылууга даяр эмес” деп айткан.
– Оорулууга жардам берүүнүн эң натыйжалуу, заманбап жана текшерилген ыкмалары кайсылар? Эмне иштейт жана эмне иштебейт?
– Мен жаш дарыгерлерди инфаркт деп шектелген бейтапка биринчи нитроглицеринди эмес, аспиринди берүү керек деп үйрөтчүмүн. Аспирин таблеткасын чайнап, бир стакан суу менен ичсе - биз артериянын тромбозунда адамды реанимациялоодо тромболитик киргизебиз - бул ошондой эле күчкө ээ болот. Ошондой эле тез жардамды чакыруу керек. Инфарктта "алтын саат" бар – эгерде кан тамыр биринчи 90 мүнөттө ачылса, анда оорулуунун каза болуу ыктымалдыгы азаят. Бирок оорулууну иштеп жаткан ангиографиялык аппараты бар жерге жеткирүү керек, Бишкек үчүн бул анчалык деле көйгөй эмес, бирок өлкөнүн башка жерлери үчүн бул оор маселеге айланат.
Оорусу курч абалда эмес бейтаптар үчүн кардиологго кайрылуу эң туура болот. 2025-жылдын ноябрь айында Манаста өткөн конференцияда Бишкек, Ош жана Манастан келген көптөгөн адистерди уктум – алар жакшы, сабаттуу дарыгерлер, жүрөк-кан тамыр ооруларын жакшы билишет жана алардан квалификациялуу жардам алууга болот. Эмне иштебейт – көптөгөн БАДдар иштебейт. Мисалы, омега-3 каныктырылган май кислоталарынын комбинацияларынын ичинен бир гана зат эффективдүү болуп чыкты, аны кабыл алуунун фонунда 3 айдан кийин жалпы өлүм 20 пайызга ишенимдүү төмөндөдү, өлүмгө алып келүүчү аритмиядан өлүм дарылоо башталгандан 4 айдан кийин 45 пайызга ишенимдүү кыскарды. Калган бардык каражаттар жүрөк-кан тамыр системасына эч кандай таасир эткен жок. Бирок бул маалыматты дарыгер гана билет, ал эми бардык маалымат каражаттарынан биз ар кандай омега-3 колдонсо болот жана бул жүрөккө таасир этет деген жалган маалыматтарды алабыз. Бул андай эмес, бул калп. Сарымсактан жасалган экстракттар жана башка жаңы модалуу каражаттар дагы иштебейт. Тилекке каршы, эң арзан генериктер талаптагыдай иштебейт, бул мени өкүндүрөт. Эгерде бул препараттар технологиялык бузуулар менен өндүрүлсө, эгерде аларды даярдоодо жетиштүү таза заттар алынбаса, анда мындай препараттарды колдонуу жаман, айрым учурда кооптуу. Мисалы, Воронежде облустук кардиодиспансерде кабыл алууда Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкан, жеңилдетилген дары-дармектерди алган бейтап мага ацетилсалицил кислотасынын көчүрмөсүн алып келип, анын уксус жыттанарын айтты. Ошол жерде АСКнын жаңы капсуласын сындырсак, чындап эле уксуз жыттанды. Мен бул препаратты мындан ары кабыл албоого кеңеш бердим. Ал эми кийинчерээк аспириндин бул партиясы анын курамында көп сандаган кошулма – салиц болгондуктан жүгүртүүдөн алынганын уктум.
Бүгүнкү күндөгү туура дарылоо технологияларынын көбү АКШда, Канадада, Европада жана Россияда бекитилген. Кыргызстан да ушул жол менен кетүүгө умтулууда, бирок өлкөдөгү кесиптик коомдоштуктардын иши азырынча өтө алсыз.
– Көп адамдар жогорку технологияларды колдонуудан чочулашат, анын үстүнө алар кымбат да болот. Эмне кылуу керек?
– Мен медицинада жогорку технологияларга этият мамиле кылган адамдарды жакшы түшүнөм. Бул Кыргызстандын эле эмес, постсоветтик мейкиндиктин апааты. Менин оюмча, себептери советтик медицинанын башатында жатат. Көптөгөн дарыгерлер таптакыр башка эрежелер жана критерийлер боюнча иштешкен. Бул дайыма эле пайда алып келген эмес. Албетте, өзгөчөлүктөр болгон, мисалы, доктор Илизаров жөнөкөй дарыгер болуп, Курган облусунун аймагында (менин кичи мекеним, мен ошол жерде төрөлгөм, ошондуктан бул окуяны жакшы билем) иштеп жүрүп, сыныктардан кийин сөөктөрдү калыбына келтирүү үчүн өзүнүн аппаратын ойлоп тапкан. Бирок ал өз алдынча үйрөнгөн уникалдуу адам, ал көп жылдар бою өзүнүн аппаратынын эффективдүүлүгүн далилдеген (сөөктөр абада, денеден алыс бекитилип, бекитүүчү пластиналар териге тыгыз жабышпаса кантип болот?), ал эми бүгүнкү күндө анын аты өзү акыркы жылдарында иштеген Кургандагы травматология жана ортопедия боюнча федералдык борборго ыйгарылган.
Ошол эле Америкада баары тескерисинче: ал жерде дарыгер – бул абдан кадыр-барктуу адам, ал көп акча табат жана ага оорулууга кандайдыр бир операцияны же кийлигишүүнү сунуш кылууга же таңуулоого эч кандай себеп жок. Ага ансыз деле көп төлөшөт, ошондуктан ал дагы бир ашыкча операция анын каржылык абалын колдойт беле деп ойлонбойт. Ал жерде мындай массалык эффект жок, анын үстүнө, эгерде процедураларды жана операцияларды негизсиз дайындоо байкалса, анда дарыгерде көйгөйлөр пайда болот жана ал жок дегенде кесиптештеринин алдында өзүнүн дайындоолорун түшүндүрүп, негиздеши керек. Биздин exUSSR дүйнөсүндө дарыгердин кадыр-баркы бир топ төмөн, дарыгерлердин айлык акысы да ачык айтканда жогору эмес. Ошондуктан, дарыгер кайсы бир операцияны жасаш керек десе, бейтап сөзсүз түрдө мында дарыгердин кызыкчылыгы болушу керек деп божомолдойт. Тилекке каршы, ал көп учурда туура болуп чыгат. Мен жеке тажрыйбамда бул терс тенденцияны өзгөртүүгө аракет кылдым – мисалы, жеке кабыл алуумда бейтапка эмне үчүн тигил же бул операция керектигин жана аны жасабаса же өз убагында жасабаса эмне болорун түшүндүрүүгө аракет кылдым. Көп жылдык тажрыйба менин канчалык көп жолу туура болгонумду жана тигил же бул кийлигишүүнү тандоодо канчалык сейрек жаңылышканымды көрсөттү. Бирок менин тандоолорум жана сунуштарым дайыма эле бейтаптын каалоолоруна жана тандоолоруна дал келе берген жок. Мындай учурда баарын бейтаптын тандоосуна жана жоопкерчилигине калтырдым. Бейтаптын бир нече сааттан же суткадан кийин өз оюн өзгөрткөн учурлар болду, сыягы, ал башка блогдорду, мен жөнүндө пикирлерди окуп, мен ашыкча нерсени дайындабаганымды түшүнсө керек. Операция жасай турган хирург жана жолдомо берген клиника менен эч кандай сүйлөшүүм жоктугун ачык айтып, ал клиника менен хирургду эң мыкты деп эсептегендиктен, алардын жыйынтыктарын көп жылдан бери байкап жүргөндүктөн ушундай тандоону сунуштаганымды түшүндүрөм. Чынында, ачык сүйлөшүү көбүнчө оң таасирин берет, бейтапка туура чечим кабыл алууга өбөлгө түзөт. Андан башка – билбеген нерсемди билбейм, унуткан нерсемди эсимде жок деп айтуудан коркпойм, бул абдан кымбат турган чынчылдык.
Бейтапты кабыл алуу учурунда ага кандай кылуу керектигин, операция жасатса, кандай жыйынтыкка жетээрин түшүндүрөм. Анын жанында профессионалдык ресурстарга жана илим базасына кирем, аны көрүп бейтап анын саламаттыгы үчүн сунушталып жаткан нерсе бир дарыгердин эмес, дүйнөнүн эң бир заманбап илиминин көз карашы экенин баамдайт. Мындан улам бейтап көбүнчө сунушталып жаткан ыкмага оңой макул болот.
Бирок бул чечим каржылык чыгашаны талап кылбаган учурда (Россияда көп бейтаптар ОМС же дарылоого бөлүнгөн квотанын эсебинен операция жасатышат), тез макул болушат. А операцияга кетчү чыгымды бейтап өзү төлөй турган болсо, анда анын чечими каржылык абалына да жараша болот. Россия ОМС системасын жана жогорку технология жардамын квоталаштырууну жолго кое алды, бул өлкөнүн ар бир жаранына жеткиликтүү, эбактан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат.
Кыргызстан дагы медицина акысыз болушу керек деп чечсе, бул социалдык жааттагы чоң өзгөрүүнү жаратмак, көптөгөн жарандарга өз убагында тийиштүү жардам алуусуна шарт түзмөк.
Каржылык түйшүк бардык жакка, анын ичинде медицинага да терс таасирин тийгизет. Медициналык жардам эң мыкты деп эсептелген Америкада да каржылык жагы идеалдуу эмес. Мисалы, Нью-Йоркто бейтаптардын жарымынан көбү инфаркт менен ооруканага "911" кызматынын фельдшерлери менен эмес, өздөрү (туугандары менен же такси менен) келишет. Себеби, байкоо бөлүмүндөгү алгачкы сутка үчүн 1500 доллар, ал эми "911" кызматынын бейтапка керектүү жардам көрсөтүү менен жеткирүүсү дагы 1000 долларга жакын турат. Бул 2500 доллар көпчүлүк үчүн өтө чоң сумма, ошондуктан инфаркттын алгачкы сааттарында өлүм коркунучу өтө жогору болгонуна карабастан, оорулуулар өздөрү келишет. Өз алдынча кайрылганда алгачкы сутка үчүн болгону 1000 доллар төлөп, каржылык түйшүктү 2,5 эсеге азайтышат. Кээ бир адамдардын ооруканага бараткан жолдо, ал эми кээ бирлери инфарктты кеч дарылоонун айынан татаалдыктарга дуушар болуп каза болуп жатканын адамдар билишпейт жана ойлонушпайт. Алар бир гана каржыга байланыштуу жагдайды билишет. Бул оор, муну бир заматта жеңүү мүмкүн эместей сезилет, анткени бул өлкөнүн бүтүндөй медициналык камсыздандыруу системасына таасир этет.
