Талас Акылбеков: Алмашуу жайларынан мамлекеттик майнингге чейин. Кыргызстандын крипто рыногу кантип тез өсүүдө
Кыргызстан криптовалюталар жана блокчейн технологиялары боюнча аймактык борборлордун бирине тездик менен айланууда: лоялдуу мыйзамдар, операторлордун санынын өсүшү жана миллиарддаган жүгүртүүлөр виртуалдык активдер рыногун Борбордук Азияда гана эмес, дүйнөлүк картада да көрүнүктүү оюнчуга айландырып жатат. Кыргыз Республикасы эмне үчүн криптоиндустриянын өнүгүүсү боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына киргени, кайсы сегменттер эң ылдам өсүп жана санариптик активдер өлкөнүн экономикасын кандайча өзгөртүп жатканы тууралуу крипто валюталар боюнча эксперт Талас Акылбеков айтып берди.
– Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногунун өнүгүүсүнүн учурдагы этабына кандай баа бересиз? Институционалдык калыптануу стадиясына жетти деп айтууга болобу?
– Кыргызстандагы виртуалдык активдердин өнүгүүсүнүн учурдагы этабы абдан тездик менен өнүгүүдө. Биз криптовалюта жана блокчейн технологияларынын өнүгүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирдик.
Рынок институционалдык калыптануу стадиясына жетти деп айтууга болобу? Дүйнөлүк масштабда – ооба, ал жакта крипторынокко кирип, инвестиция салган институционалдык фонддор активдүү иштеп жатышат. Эң ири BlackRock компаниясы тынымсыз криптовалютага, атап айтканда, биткоинге жана майнингге инвестиция салууда. Бизде болсо бул процесс жаңыдан башталды.
– Акыркы жылдары алмашуу операторлорунун саны 6дан 82ге, ал эми соода операторлорунун саны 1ден 5ке чейин өстү. Мындай өсүшкө кандай факторлор өбөлгө болду?
– Бизде мыйзамдар абдан ыңгайлуу. 2022-жылы виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган, дал ушул мыйзам КМШ өлкөлөрүндөгү көптөгөн криптовалюталык компаниялардын Кыргызстанда ачылышына шарт түздү. Биздин мыйзамдар криптовалюта жана блокчейн рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, ал эми башка өлкөлөрдө бул маселелер дагы деле талкууда.
Өткөн жылы Москвага барганымда, толук бир саат Кыргызстандын рыногуна арналды. Кыргызстан мыйзамдарынын аркасында криптовалюталарды өнүктүрүү боюнча чөлкөмдө биринчи орунда экени айтылды. Биз КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында топ-1дебиз.
– 2025-жылы биринчи жолу виртуалдык активдердин беш ээси пайда болду. Эмиссияны баштоо канчалык кыйын жана төмөн активдүүлүк эмне менен байланыштуу?
– Виртуалдык активдердин ээлери жаңыдан өнүгүп баштады. Кыргызстанда эмиссияны баштоо кыйын эмес. Төмөн активдүүлүк жалпысынан бул рынок КМШ өлкөлөрүндө начар өнүккөндүгүнө байланыштуу: кээ бир жерлерде ага тыюу салынган, кээ бир жерлерде мыйзамдар түшүнүксүз.
Мындан тышкары, азырынча бул келечек эмес, бүгүнкү күн экенин түшүнгөн адамдар аз. Бул тармакта чоң акча табууга болот, бирок өлкөдө адистер аз, ошондуктан эмитенттер аз ачылууда.
– Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы майнерлер реестрде жок. Эмнеге?
– Кыргызстанда майнерлер бар. Андан тышкары, бизде мамлекеттик майнинг ишке киргизилген. Азыр кыш мезгилинде, калк үчүн электр энергиясы жетишсиз болгондуктан, майнинг убактылуу токтотулду.
Кышкы сезон аяктаганда, фермалар кайрадан иштей баштайт. Мамлекеттик майнинг фермалары курулуп жатат. Мыйзамда биткоин жана BNB монетасын сатып алуу менен мамлекеттик резерв каралган, жана бул фермалар мамлекет үчүн биткоин казып алышат.
– Кайсы сегмент эң динамикалуу: алмашуу, соода же эмиссия?
– Криптовалюта алмашуу эң өнүккөн. Ошондой эле трейдингге активдүү үйрөтүшөт. Көбү бул тармакка келип, криптовалюталар менен соода кылышат, бирок бул өтө тобокелдүү бизнес. Менин оюмча, трейдинг – бул казино сыяктуу: болжол менен 5 пайыз адам гана ийгиликтүү болот.
Мен өзүм трейдинг менен алектенгем жана муну практика жүзүндө билем. Чоң акча тапса болот, бирок жоготуп алуу да мүмкүн. Рыноктун кантип иштээрин түшүнүү жана тажрыйба топтоо керек. Биринчи жолу адам дээрлик дайыма акчасын жоготот.
Ошондой эле P2P-алмашуу активдүү өнүгүүдө, көптөр маржадан акча табышат.
– 2025-жылы 2,7 триллион сомго жакын суммага 2 миллиондон ашык транзакция жүргүзүлгөн. Колдонуучулардын структурасы кандай өзгөрүүдө: жеке адамдар көбөйүп жатабы же корпоративдик кардарларбы?
– Корпоративдик кардарлар басымдуулук кылат. Компаниялар, расмий алмашуу жайлары, майнинг структуралары ачылууда. Алар негизги салык базасын түзүп, мамлекетке көбүрөөк салык төлөшөт.
Жеке адамдар дагы бар, бирок алардын үлүшү азыраак. Негизинен булар трейдерлер жана P2P-операторлор, алар жашоо үчүн анча чоң эмес суммаларды табышат. Адатта миллиондорду табышпайт, бирок күнүмдүк чыгымдарга жетет.
– Кыргызстандыктардын виртуалдык активдер менен операцияларга катышуусуна кандай факторлор таасир этет?
– Биринчи кезекте – мыйзамдар. Бирок адамдар виртуалдык активдер жана криптовалюталар деген эмне экенин азыркыга чейин жакшы түшүнүшпөйт. Мектептен жана ЖОЖдордон баштап, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер арасында да таанытуу жана окутуу программалары керек.
Азырынча масштабдуу программалар жок, ошондуктан маалымат "сарафан радио" принциби менен таралууда. Көбүнчө дилетанттар шектүү компанияларга барып, акчасын жоготуп алышат. Адистер аз, алар негизинен P2P жана трейдинг чөйрөсүндө иштешет.
– Кыргызстанда криптовалюта күнүмдүк жашоодо жана бизнесте канчалык деңгээлде колдонулат?
– Азырынча начар. Бирок бизнес акырындык менен бул багытка көз чаптыра баштады, айрыкча эл аралык которуу жаатында кыйынчылыкка туш келген тигүү өндүрүшү жана экспорту менен алектенген компаниялар. Аз гана пайызы которуулар үчүн криптовалюталарды колдонууда.
Карапайым жарандар түшүнүктүн жетишсиздигинен улам криптовалютаны азырынча аз колдонушат.
– Кыргызстанда крипторыноктун катышуучулары үчүн негизги жөнгө салуучу чектөөлөр кандай?
– Бизде виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам бар жана рынокту өнүктүрүү үчүн олуттуу чектөөлөр жок. Рынок мыйзамдык деңгээлде жөнгө салынган. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр, жакшыртуулар болушу мүмкүн.
Ошондой эле Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао президенттин кеңешчиси болуп саналат. Ал рынокту өнүктүрүү боюнча сунуштарды берет. Ошондуктан Кыргызстанда олуттуу чектөөлөр жок.
– Виртуалдык активдер рыногунда колдонуучуларды коргоо жана алдамчылыктын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
– Бул менен Ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук органдары алектенип, киберкоопсуздук боюнча кеңешмелер өткөрүлүүдө.
Бирок эң жакшы коргонуу – бул жеке каржылык сабаттуулук. Банктардан же мамлекеттик органдардан деп телефон чалган шылуундар менен байланышууга болбойт. Президент эч качан эч кимди кандайдыр бир долбоорлорго инвестиция салууга чакырбайт. Сак болуп, оңой киреше тууралуу жарнамалык убадаларга алданбоо керек.
– 2024–2025-жылдары дүйнөлүк аянтчаларда криптовалюта рыногунун кулашы Кыргызстандын рыногуна кандай таасир этти?
– Олуттуу терс таасири болгон жок. Тескерисинче, активдүүлүк күчөдү. Криптовалюта рыногунан түшкөн салыктык жыйымдар өсүп, "Дордой" базары жана башка ири бизнес багыттары сыяктуу ири секторлордун көрсөткүчтөрүнөн ашып кетти.
