Асман Жумабаев: Билими менен бийиктиктерди багындыргысы келген асман
28 декабрь

Асман Жумабаев: Билими менен бийиктиктерди багындыргысы келген асман

23 жаштагы Асман Жумабаев Росcиянын финансылык университетин кызыл диплом менен аяктап, учурда кесиби боюнча аудитор болуп эмгектенүүдө. Жаштайынан СМА оорусу менен жабыркаган Асмандын абалы бийиктиктерди багындырууга эч жолтоо эмес. Себеби анын колдоочусу  апасы ар дайым жанында.

«Үч жашымда СМА диагнозу коюлуптур»

Апамдын айтуусу боюнча, төрөлгөндө ден соолугум жакшы болчу экен. Бирге чыкканымда баспаганымдан кечирээк басат го деген ой менен күтсө  деле баспайм. Болбосо акыл-эсим тунук, быдылдап сүйлөйм. Ошондо апам бир нерсени сезгендей коңгуроо кагып, ооруканаларга алып бара баштайт.  Тилекке каршы, Бишкектеги балдар ооруканасынын дарыгерлери экинчи типтеги «спинальная-мышечная атрофия» деген диагноз коюшкан. Башкача айтканда, учурда актуалдуу болуп жаткан СМА оорусунун экинчи даражасы. Аны уккандан баштап апам ар кайсы ооруканаларга, реабилитациялык борборлорго алып барып, кыргызча ырым-жырымдарды да жасап, айтор, баспайт деген сөздү уккандан баштап барбаган жери калган эмес. Тилекке каршы, эч бири натыйжа бербей, баягы эле диагнозду баары тастыктай беришкен.

«Дартыма даба издеп, Москвага жол тарттык»

Мен бактылуу балалыкта чоңойдум десем жаңылышпайм. Себеби апам мени кадимки балдарга, коомго аралаштырып өстүрдү. Оюнчуктардын жаңысы түрү менен менде болчу. Кошуна балдарды үйгө киргизип, оюнчуктарды жайып берип коёр эле.  Ошондонбу, өзгөчө бала экеним такыр билинген эмес. Сейилбак, парк, айтор, жаңы чыккан оюн-зоок программаларынан калчу эмесмин. Үч жашымда Москвадан цирк барып, 1-орунда отуруп көргөнүм эсимде. Апам мени эч жерден калтырган жок, каалаганымды орундаткан «феям» болчу. Ошол учурда апам орустардын «Здоровье» деген телекөрсөтүүсүн көп көрчү экен. Мындан улам Москвага барса эле мен айыгып кетчүдөй болгон окшойт, экөөбүз Москваны көздөй бет алганбыз.

«Апам билимиме өзгөчө көңүл бурду»

Жети жашка чейин өзүмдү алты саны аман башка балдардай эле сезчүмүн дебедимби. Качан гана өзүм теңдүүлөр мектепке бара баштаганда өзүмдүн өзгөчө бала экенимди түшүндүм. Бирок апам мени анда деле томсортуп койгон жок. Москвадагы балдар ооруканасы чыгарган протоколдо мени «коррекциялык мектепте окутуу керек» деп көрсөтүлгөн. Бирок апам «кадимки эле мектепте окуй алат» деп чыркырап жүрүп кадимки мектепке киргизгенге жетишти. Болгону мектепке барып эмес, мугалимдер үйгө келип окутушчу. Жалгыз мага сабак өтсө да отуз балага сабак өтүп жаткандай сүйлөп, сабактарды берилүү менен түшүндүрүшөр эле. Апам билим алуу маанилүү экендигин, билимдүү адам жашоодо көп кыйналбастыгын көп айткандыктан өзүм да окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасачумун.  Ар кандай мугалимдер келет, кээ бири бут кийим чечпей кирсе, кээси таттуу менен чай ичем дейт. Апам алардын талаптарын аткарып, кабак-кашына карап окутту. Колунан келген шартын түзүп берип, окууга каралган убактымды уурдабайын деген ойдо мугалимдер менен ашыкча сүйлөшчү да эмес. Жалаң эжей мугалимдер сабак беришчү да, анан бир күнү физика сабагынан агай келгенде абдан сүйүнүп, туугандарыбызга чейин айтып чыккам. Мектептеги ар кандай иш-чараларга катышып, классташтарым менен байланышым күч болду. Мугалимдерим, классташтарым туулган күнүмдө топурап келип куттуктап кетишер эле. Апамдын аракетин актап, мектепти жалан «5» деген баага окуп жүрүп, кызыл аттестат менен бүтүрдүм. 20 жылдан бери Москвада жашаганым менен эне тилимди унутта калтырган жокмун, кыргыз тилинде жакшы сүйлөйм. Кыргызстанымды абдан жакшы көрөм, сыйлайм.

«Практика учурунда жумушка кабыл алындым»

2020-жылы мектепти аяктагандан кийин апама айтпай Москвадагы алдыңкы окуу жайлардын бири Россия Федерациясынын финансылык университетинин бухучёт анализи жана аудит факуьтетине окууга тапшырып, качан гана окууга кабыл алынганым жөнүндө приказ чыкканда сүйүнчүлөдүм. Бул университеттин артыкчылыгы – онлайн окуу жакшы жолго коюлгандыгында. Тайпалаштарым ар кайсы улуттук өкүлдөрү: Маями, Швейцария, Өзбекстан, Германиядан болду. Баарыбыз онлайн баарлашчубуз. Ар кимибиз ар жакта болгондуктан экзамендерди 24 сааттын ичинде тапшырууга уруксат берилчү. Дипломдук иш, реферат болобу, баарын өз күчүм менен жаздым. Дипломдук ишти жазарда практикага чыгарат эмеспи.  Ошондо окуу жайым «Русс аудит» компаниясын сунуштап, практиканы ошол жерден өттүм. Аз убакытта өзүмдүн чеберчилигимди, билимимди көрсөтүп, компания жумушка алып калды.  Январь айынан бери расмий түрдө аудит кызматын аркалап келем. Аны менен катар февраль айында окуумду ийгиликтүү аяктап, тайпалаштарымдын арасынан кызыл дипломго ээ болгон жалгыз студент аталдым.  Буюрса магистратурага тапшырып, билимимди дагы да тереңдетүү оюмда бар. Себеби азыр билимдүүлөрдүн мезгили, бир эле билим менен калуу заман талабына жооп бербейт.

«Биринчи маянама апама белек алдым»

Алгач окуу менен жумушту айкалыштыруу кыйын эле болду. Биринчиден, жүктөмдүн көптүгүнөн чарчасам, экинчиден, ден соолугума байланыштуу көп отурууга болбойт. Азыр окууну аяктап, кыйла эле жеңил болуп калды. Жумушум онлайн, ошентсе да кадимки адамдардын ишин аткаруу физикалык жактан оор эле болот. Себеби  булчуңдарым алсыз болгонго калемсап кармаганда колдорум бат эле чарчап калат. Өз алдымча оодарылып отура албайм. Ошондуктан жанымда дайыма апам болот. Чарчасам улам отургузуп, кайра тургузуп, күнү-түнү жанымдан жылбайт. Көчөгө чыгарда атайын таксини бир күн мурда чакырабыз. Апам – менин бактым. Кичинекей кезимден биринчи айлыгыма апама iPad алып берүүнү кыялданчумун. Ал тилегим орундалды. Биринчи айлыгымды алганда апама сюрприз жасап өзүмчө бир ырахат алдым, көңүлүн көтөргөнүмө кубандым. Апама да сюрпризим күтүүсүз болуп, көзүнө жаш ала кубанды.

Буйруса,  апам үчүн, мекеним үчүн жасачу жакшылыктар, ийгиликтер али алдыда.