Голливуддук кинорежиссёр Эркен Ялгашев: “Борбор Азиядан Голливудка: эрктүүлүктүн, жалгыздыктын жана бийик кыялдын жолу”
14 май

Голливуддук кинорежиссёр Эркен Ялгашев: “Борбор Азиядан Голливудка: эрктүүлүктүн, жалгыздыктын жана бийик кыялдын жолу”

“Дүйнө лидерлери”
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Элдик дипломатия эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Ассоль Молдокматованын автордук рубрикасы

Тагдыры чыныгы драмалык тасмага окшош адамдар бар – ички кризистер, оор чечимдер, жер которуулар, жоготуулар жана өзүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөш. Эркен Ялгашев мен үчүн дал ушундай адам – актёр, режиссёр, продюсер, каратэ боюнча мыкты чемпион жана Борбор Азиядан дүйнөлүк киноиндустрияга чейин жолду басып өтө алган адам. 

Эл аралык долбоорлордун, Голливуддагы иштин жана тышкы ийгиликтин артында жөнөкөй советтик атмосферада, короолордо, жандуу баарлашууда, улууларды сыйлоо менен чоңойгон жана бала кезинде жашоо көрүнгөндөн алда канча татаал экенин эрте түшүнгөн адамдын тарыхы жатат. 

Маегибиз жөн гана кино тууралуу баарлашуу эмес, андан алда канча терең болду. Биз балалык, ички жетилүү, эмиграция, ийгиликтин баасы, мүнөздүн күчү, азыркы коомдун руханий кризиси жана эмне үчүн адам бүгүнкү күндө ички өзөгүн сактап, жандүйнөсүн жоготпоо өзгөчө маанилүү экени тууралуу сүйлөштүк.

– Эркен, балалыгыңызды эстегенде, эсиңизге биринчи эмне  түшөт? Кайсы учурлар сизди инсан катары калыптандырды? 

– Баарынан мурда чыныгы жашоонун атмосферасы. Ошол кезде баары алда канча чын ыкластуу эле: короолор, достор, жандуу баарлашуу, улууларды сыйлоо, бири-бирибиз үчүн жоопкерчилик сезими. Бүгүн дүйнө технологиялуу болуп кетти, бирок илгери адамдарда жылуулук көбүрөөк болчу. 

Бала кезимден эле адамдарды абдан кылдаттык менен байкачумун. Адам эмне үчүн ооруну жашырат, эмне үчүн кээ бирөөлөр сыноолордон кийин күчтүү болуп чыгат, ал эми башкалары сынып калат деген суроолор кызыктырчу. Балким, ошондо менде адамдын табиятына кызыгуу пайда болгондур. Анткени кино мен үчүн кийин жөн гана кесип эмес, адамды тереңирээк түшүнүүнүн жолу болуп калды.

– Спорт жана каратэ мүнөзүңүзгө канчалык таасир этти? 

– Абдан күчтүү. Каратэ бул жөн гана физикалык даярдык эмес. Бул тартип, эмоцияларды башкаруу, урматтоо, ички туруктуулук жана татамиде гана эмес, жашоодо да соккуга туруштук бере билүү. 

Спорт мени эрте жашыман чыдамкайлыкка жана чыныгы күч агрессияда эмес, өзүңдү башкара билүүдө экенин түшүнүүгө үйрөттү. Бул мага кийин жашоодо да, киноиндустрияда да абдан жардам берди. 

– Ошол кезде бир күнү тагдырыңыз кадимки дүйнөнүн алкагынан чыгаарын туйгансызбы? 

– Ооба, бул туюм дайыма болгон. Мага дүйнө мен турган мейкиндиктен алда канча чоң сезилчү. Башка өлкөлөрдү, маданияттарды, жашоонун башка масштабын көргүм келчү. Бирок ошол эле учурда өз тамырым менен байланышты үзүп албоо канчалык маанилүү экенин түшүнгөм. Анткени тамыры жок адам ички туруктуулугун абдан тез жоготот.

– Америкага качан келдиңиз жана Голливудга туш болгондо, сизди эң шок кылган нерсе эмне болду? 

– Системанын ылдамдыгы жана эмоционалдык катаалдыгы таң калтырды. Голливуд – бул атаандаштыкка, туруктуулукка жана тынымсыз күрөшкө негизделген ири индустрия. Ал жерде эч ким сенин ички дүйнөңдү жыйнап алышыңды күтпөйт. Дароо күчтүү болушуң керек. 

Көптөгөн адамдар ал жакка кыял менен келишет, бирок баары эле психологиялык жактан туруштук бере алышпайт. Себеби карьерадан тышкары адам жалгыздыкка, бөтөн маданиятка, көнүмүш колдоонун жоктугуна жана туруксуздуктун тынымсыз сезимине туш болот. Дал ошондо ички өзөктүн канчалык маанилүү экенин түшүнө баштайсың. 

– Эмне үчүн сиздин оюңузча, көптөгөн ийгиликтүү адамдар ички жактан бактысыз бойдон калышат? 

– Себеби ийгилик менен ички бакыт – таптакыр башка нерселер. Азыркы дүйнө адамды эң негизгиси – таанылууга, акчага жана атак-даңкка жетүүгө ынандырды. Бирок адам мунун баарына ээ болгон учурда дагы, ички дүйнөсүндө баары бир боштук болот, маселе ушунда. Эгер ичинде гармония жок болсо, эч кандай тышкы жетишкендиктер адамды бактылуу кыла албайт. 

Ичинен жалгыздык азабын тарткан абдан көп ийгиликтүү адамдарды көрдүм. Себеби алар өмүр бою ийгиликтин тышкы сүрөтүн курушкан, бирок өздөрүн түшүнүүгө үйрөнүшкөн эмес. 

– Эмиграцияда сиз үчүн эң кыйыны эмне болду?

– Өмүрдү башынан баштап жаткандай сезим. Эмиграция адамды абдан өзгөртөт. Сен көнүмүш дүйнөдөн, тилден, маданияттан, сени сөзсүз түшүнгөн адамдардан алыс болуп каласың. Дал ошондо чыныгы ички жетилүү келет. 

Адам өзү менен жалгыз калат. Дал ушул учурда сен ким экениң түшүнүктүү болот.

– Ички өзөк тууралуу көп айтасыз. Сиз үчүн бул эмнени билдирет? 

– Бул өзүңө чыккынчылык кылбоо жөндөмү. Жашоо адамды акча, коркуу, ийгилик, жоготуулар жана азгырыктар аркылуу тынымсыз текшерип турат. Бирок бир убакта адам эмне үчүн жашап жатканын жана ал үчүн эмне чындап маанилүү экенин чечиши керек. Анткени адам абийирин, өзүнө болгон сыйын жана ички кадыр-баркын жоготсо, ийгиликтин эч кандай мааниси болбой калат. 

– Сиз үчүн кинодо искусство катары эң негизгиси эмне? 

– Чындык. Адамдын жанын алдоо мүмкүн эмес. Көрүүчү фильм качан чынчылдык менен жаратылганын, а качан коммерция үчүн гана тартылганын дайыма сезет. 

Мени дайыма ички тереңдиги бар, адам трансформация жолунан өткөн, тандоо, ички күрөш, коркуу жана жоготуулар менен бетме-бет келген фильмдер кызыктырат. Анткени дал ушундай окуялар көрүүчүгө өзүн көрүүгө жардам берет. 

– Эркен, кайсы фильмдер сиз үчүн кесиптик тагдырыңызда өзгөчө маанилүү болду? 

– Мен үчүн маанилүү долбоорлордун бири «Жакынкы салгылаш» (Blizhniy Boy: The Ultimate Fighter) тасмасы болду. Бул күч жана мушташтар жөнүндө гана эмес, ички тартип, жеңүү жана адамдын мүнөзү жөнүндөгү окуя. Бул тасма мен үчүн актёр катары да, режиссёр катары да маанилүү этап болду. 

– А кайсы долбоорлор эмоционалдык жактан эң оор болду? 

– «Жоголгон жоокер» (Lost Warrior: Left Behind) тасмасы. Бул андан да драмалык окуя, анда каармандын ички жалгыздыгын, анын коркууларын жана ички күрөшүн көрсөтүү маанилүү болгон. Мындай ролдор олуттуу эмоционалдык чөмүлүүнү талап кылат.

– Сизге психологиялык тереңдиги бар тасмалар жакынбы? 

– Албетте. Ошондуктан адамдын алсыз жактары, каталары жана иш-аракеттердин баасы тууралуу сөз козголгон "Бейиштеги көлөкөлөр" (Shadows in Paradise) тасмасы эсимде калды. Мен үчүн дайыма сырткы аракеттер эмес, адамдын психологиясын көрсөтүү маанилүү болгон окуялар кызык. 

– Адамдын ички тандоосуна байланыштуу тасмалар барбы? 

– Ооба. Мисалы, "Оюндан тышкары" (Beyond the Game) тасмасы. Мен үчүн бул спорт жөнүндө эмес, адамдын амбициялары, жеңиштин баасы жана ички тандоосу жөнүндөгү окуя. Адамдын жагдайлардын кысымы астында кандай өзгөргөнүн байкоо мага ар дайым кызык. 

– Сизге белгилүү дүйнөлүк актёрлор менен эл аралык долбоорлордо иштөөгө туура келдиби? 

– Ооба, кызыктуу тажрыйбалардын бири Кэри-Хироюки Тагава тартылган "Иерей-сан. Самурайдын күнөөсүн моюнга алуусу" (Ierey-san. Ispoved samuraya) тасмасы болду. Бул долбоор чыгыш философиясын, руханий теманы жана эл аралык кинематографияны бириктирди. Мен үчүн мындай тасмалар өзгөчө баалуу, анткени алар окуялар жөнүндө гана эмес, адамдын жандүйнөсү жөнүндө да айтышат. 

– Бүгүнкү күндө сизге актёр жана режиссёр катары кандай тасмалар өзгөчө кызык? 

– Азыр терең адамдык тарыхы бар тасмалар көбүрөөк кызыктырат. Мисалы, "Аве Мария" (Ave Marie) долбоору мен үчүн маанилүү эмоционалдык тажрыйба болду. Жаш өткөн сайын киного башкача карай баштайсың – жөн гана динамикалуу сюжет жетишсиз. Тасмада жандүйнө, ички чындык жана адамдык тереңдик болсо дейсиң.

– Борбор Азияга байланыштуу тасмаларды тарткыңыз келеби? 

– Албетте. Борбор Азиянын маданияты терең, тарыхы күчтүү жана адам тагдырлары укмуштуу. Бирок тилекке каршы, дүйнө биздин элдердин чыныгы ички дүйнөсүн азырынча өтө эле аз билет. 

Менимче, бүгүнкү күндө эл аралык киного үй-бүлө, муундардын эс тутуму, каада-салттар жана адамдын ички күчү жөнүндөгү чын ыкластуу окуялар жетишпейт. Борбор Азия дүйнөлүк киного кооз пейзаждарды гана эмес, терең адамдык окуяларды да бере алат. 

– Бүгүнкү күндө заманбап адамды эмне көбүрөөк кыйратат? 

– Ички маанисин жоготуу жана дайыма өзүн башкалар менен салыштыруу. Социалдык тармактар идеалдуу жашоонун иллюзиясын жаратты. Адамдар дайыма башкалардын ийгилигин карап, өздөрүн жетишсиз ийгиликтүү, сулуу же бактылуу сезе башташат.

Бирок маселе адам өзүн угууну токтоткондугунда. Ал башкалардын күтүүлөрү менен жашай баштайт. Бул инсан үчүн өтө кооптуу.

– Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө адамды ички кыйроодон эмне сактап кала алат?

– Чыныгы баалуулуктар. Үй-бүлө. Маданият. Чын ыкластуулук. Кандай болсо да адам бойдон калуу жөндөмү. Жана дагы – кээде токтоп, өзүңдү уга билүү. Анткени азыркы дүйнөдө адамдар тынчтыкта жашоону дээрлик унутуп калышты. 

– Сизден кийин эмне калтыргыңыз келет? 

– Менин тасмаларым жана долбоорлорум аркылуу адамдар үмүт сезип турушун каалайт элем. Адам көрүп бүткөндөн кийин карьерасы жана ийгилиги жөнүндө гана эмес, өз жашоосу, жакындары, жандүйнөсү, эмне үчүн жашап жатканы жөнүндө да ойлонсо экен. Анткени чыныгы искусство көңүл ачуу менен эле чектелбестен, адамдын ички дүйнөсүн байытууга жардам бериши керек. 

– Эркен, бул чынчыл жана терең маек үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Сиздин жолуңуз – Борбор Азиядан чыккан адамдын өз тамырына, мүнөзүнө, ички өзөгүнө жана адамгерчилигине болгон урмат-сыйын сактап, дүйнөлүк деңгээлге чыга алаарынын үлгүсү.

Сизге күчтүү ролдорду, масштабдуу долбоорлорду, ички гармонияны жана чыгармачылык жолуңуздун узак болушун каалайм. Сиздин чыгармачылыгыңыз маданияттарды бириктирип, адамдарга эң негизгиси – кадыр-барк, жан дүйнө жана адамдык кыялдын күчү жөнүндө эскертип турсун. 

– Чоң рахмат. Мен адамдарга эч качан кыялдануудан коркпоону жана эч качан өзүнө чыккынчылык кылбоону каалайт элем. Анткени дал ушул нерсе акыры жүрүп адамдын тагдырын аныктайт.
 
 
Маектешкен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 
Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун вице-президенти, 
ASSOL кайрымдуулук фондунун президенти 
Ассоль Молдокматова