Зарина Шаинова: Бийиктикке чыгуу спорт же романтика эмес, бул өзүңдү тыңшоого болгон каалоо, тоолор көп жагынан жол көрсөтөт
Тоолор тобокелдикти кечирбейт, ар дайым тунук акылда болуу керек. Физикалык себептер жолду андан ары улантууга кыйынчылык жаратса, өзүңө "токто" деп убагында айтышың керек. Тоо туризмине берилген Зарина Шаинова тоолорго чыгып, чокуларды багындырууга болгон сүйүүсү тууралуу Караван-Инфого айтып берди.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Тоолорго кантип келип калдыңыз эле? Тоолор сизге эмне берет?
– Мен 35 жаштамын, кесибим боюнча бухгалтер-экономистмин. Профессияны мен аң-сезимдүү куракта тандадым, өмүрүмдүн болжол менен 10 жылын экономикалык ишмердүүлүккө арнадым жана буга абдан ыраазымын. Жандүйнөңө туура келген кесипти тандоо керек деп жөн жерден айтылбайт да. Кесибиң сага ырахаттануу, ал турмак тартип тартуулашы керек, кесибимди тандоомдо перфекционизм маанилүү роль ойногон.
Трекинг менен 2017-жылдан бери алектенип келем, бул жаатта профессионал эмесмин, сүйүүчүмүн десем болот. Ал убакта Кыргызстанда туристтик фирмалар өтө аз болчу, көбүнчө коммерциялык багыттагы эмес, каалоосуна гана иштегендер бар эле. Тоого чыгып көргүм келди. Кыргызстан ар түрдүү тоо системаларына бай, баары абдан кооз, анан сырттан карап оңой эле чыгып кетем деп ойлойсуң. Жумушта дайыма чарчап, эмоционалдык түгөнүү башталганда, кайсы бир тынч, жайлуу жерге барып, өзүм менен өзүм калып, өзүмдү тыңшай билүүм зарыл экенин түшүндүм.
Күнүмдүк тиричиликте түйшүк абдан көп, өзүбүздү уга албай калабыз, а мен өзүм менен өзүм сүйлөшкүм келди, бул дагы медитация. Ошол маалда Ала-Арча коругуна көп барып жаттым, чокуларга чыгууну ойлонгон да эмеспиз. Болгону шаркыратмага, Рацектин алачыгына чейин сейилдечүбүз. Биринчи жолу Рацектин алачыгына көтөрүлгөндө, укмуштуудай таасирлерге туш болдум, буга чейин канча жол басып келгениң маанисин жоготот, алдыда эмнелер күтүп жатканын түшүнөсүң дагы, жолдун кыйынчылыгы кайдадыр кайып болуп, бутуң өзүнөн өзү алып жөнөйт. Жол жүрүүнү Рацектин алачыгынан баштоо керек, жеке оюмда, бул баарынын эле колунан келе бербесе керек.
Ал эми тоолор мага эмне берээрине келсек, алар мага чындап эле жашоодо жашап жатканымдын сезимин берет, жөнөкөй нерселерди да көрө алышымды туюндурат. Мен кадимки шаардык жашоону жана тоодогу мезгилди аралаштырам, эң сонун контраст болуп берет. Шаарда социалдык чийин бар, сенин статусуң менен сырткы көрүнүшүң, социалдык акыбалың биринчи орунда турат, а тоолордо сен анан тоо гана бар. Тоолор жандүйнөңдү баалайт. Тоолорго чыгуу алдында каалоо жана көздөгөн жериңе жетеи деген ишеним болушу керек. Тоолорду сүйүп, тоолорго сапар алган адамдар башкалардан түп-тамырынан айырмаланып турат. Интроверттер же амбивенттер тоого пикник кылуу максатында чыгышпайт, алар бийиктиктерди багындырууну же өтө көп жол басууну каалашат.
– Сиз кандай бийиктиктерди багындыра алдыңыз?
– Башында бул бийиктик эмес, Ала-Арчадагы Рацектин алачыгы болду, андан ары жолум Комсомолец чокусуна карай уланды. 1-майда альпиниада учурунда биринчи жолу катуу кыйналдым, артка бурулуп кетип калгым келген учурлар болду, анткени абдан чарчадым. Бирок ичиңден сага каалайм, колумдан келет жана бул мага керек деп айтып турган бирөө бар, так ушул нерсе убактылуу физикалык капризиңден бир топ маанилүү. Мен тоолор аркылуу бул жашоодо сен аткара албаган эч нерсе болбосуна ынандым. Мен барган локациялар: Комсомолец чокусу – төрт жолу, Рацек алачыгы – 15 жолудан көп, Беш Алчалуу Таш чокусу, Зеленкова чокусу.
Электро чокусу бир топ татаал, шамал болуп турат, мында аба ырайы өзгөчө мааниге ээ, бирок мага суук, шамал болуп, жамгыр жаап жаткан кезде баскан жагат, анткени катаал аба ырайы кайсы бир деңгээлде адамды чыңалтат. Комфорт канчалык аз болсо, көздөгөн жериңе жетүүгө каалоо ошончолук күчтүү болот.
Мугалим чокучунда бир гана жолу болдум, эстен кеткис учурга айланды. Бул чокуга чейин адамдар Рацек алачыгына барышат, андан ары эртең мененки саат 5те чокуга чыгуу башталат. Мен үч муундан турган үй-бүлө – чоң эне, чоң ата, ата-эне жана алардын балдары болуп алтоосу Мугалим чокусун багындырганын көрдүм, алар башка өлкөдөн келген туристтер болчу. Абдан таасир берди дейсиз, үй-бүлө үчүн чоң тарых жана башкаларга үлгү эмеспи. Тоо адамдарды бириктирет, мен жалгыз барам, тайпабызда болжол менен 15 бейтааныш адамдар болот, бирок шаарга бул сапардан жаңы үй-бүлө таап алганыңдай сезим менен кайтасың.
Чокулардан тышкары Талас жана Баткен облусуна турлар болбогондуктан, ал жактан башка бардык облустарда болдум, көптөгөн тоо көлдөрүнө барып, сөзсүз түрдө сууга түшүп жаттым. Айрыкча Сары-Челек жакты, анан ар бир облус өзүнчө өзгөчөлүктөргө бай экенин түшүндүм, кудум эле такыр башка дүйнөгө кабылгандай болот экенсиң.
– Бийиктикке чыгуу эмнеден башталат? Кандайдыр бир атайын даярдык керекпи?
– Чынында, 70 жашында да бийиктикке чыккан адамдарды көрдүм, мында эң башкысы моралдык даярдык. Маал-маалы менен абдан кыйын болот, артка кайткың келет, бирок эркиң күчтүү болуп, кыйынчылыкты каалооң жеңип чыгышы керек. Экипировка, ыңгайлуу бут кийим керек, кадимки крассовка менен деле барса болот, бирок кийин бармактагы тырмаксыз каласың, өз ден соолугуң үчүн кам көрүшүң керек эмеспи.
Трекинг таякчалар жана колкаптар – бир гана чокуга эмес, алыскы жолго жүрүүгө белсенген ар бир адамда болуусу керек. Ар бир адамдын өзүнүн физикалык потенциалы болот, бирок көздөгөн жериме жетсем болду, калганы маанилүү эмес дегендер да жок эмес. Бул ден соолукка таасирин тийгизиши мүмкүн, эгерде ден соолукта кандайдыр бир көйгөйлөр болсо, дарыгер менен кеңешүү керек.
– Тоодо эмнеге таянасыздар? Интуиция маанилүүбү?
– Комсомолец чокусуна буга чейин төрт жолу чыгып, бирок көздөгөн жериме жетпей келген элем, бешинчи жолу да сапар алдым. Моралдык жана интуитивдик жактан чокуга чыгууга даяр болчумун, аба ырайы да сонун болуп турган, бирок кызгылт өткөөлгө жеткенде, көздөгөн жерибизге эки чакырымдай аралык калганда, физикалык жактан начарлаганымды туйдум, жолду уланткым келди, бирок өзүңдү токтото билүү маанилүү экенин түшүндүм. Тоолор тобокелчиликти кечирбейт, дайыма тунук акылда болуш керек. Эгер физикалык себептер менен жолду улантуу мүмкүн олбосо, өз убагында өзүңө “токто” деп айта билишиң керек. Организмиңди күчкө салып, кыйноо туура эмес. Жол ырахат тартуулашы керек, көздөгөн жериңе жетесиңби же жокпу, маанилүү эмес. Мындай кырдаалды башкара алам, өзүмө эч убакта чокуга жетем, анан болду деген максат койгон эмесмин. Менин максатым башымда пайда болгон суроолорго жооп табуу жана жөн гана эс алуу.
– Бийиктикке чыгууга кайсы мезгил жакшы, же айырмасы жокпу?
– Адреналин алууну каалаган адамдар тоого төрт мезгилде тең бара беришет. Мен үчүн кыш жана күз бир топ комфорттуу. Кайсы бир адреналин бар, сен өзүңдү тарбиялагың келсе, тоого жөнө, тоо адамды тарбиялайт. Катаал аба ырайы чокуда жай мезгилинде да болот. Эгерде аба ырайы аябай катаалдашып кетсе, тур болбойт.
– Альпинизмдин өзү тобокелчилик эмеспи. Медициналык жөндөм да керек эмеспи?
– Бир гана альпинизмде эмес, спорттун бардык түрүндө тобокелчилик бар. Адам биринчи жардамды бир гана өзүнө эмес, жанындагы жолдошуна да көрсөтө билиши керек. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жөнөкөй жөндөм болушу зарыл.
– Альпинизм сиз үчүн эмне – спорт, романтика же жаратылышта медитация жасоого мүмкүнчүлүкпү?
– Мен үчүн бийиктикке чыгуу спорт да, романтика да эмес, бул өзүмдү тыңшай билүүгө болгон каалоом, тоолор көп жактан жол көрсөтөт, сапарыңды кайсы тараптан улаш керектигин айтат. Менден көп учурда эмнеге бир жерге кайра-кайра бара бересиң деп сурашат. Жообу жөнөкөй – тоого бир адам менен чыгып, кайра башка адам менен ылдый түшөсүз, мындан улам ар кайсы жерлерде болгондой туюм жаралат. Ар бир жолу жаңыланып, мурдагы сиз такыр эле болбогондой сезилет.
– Кандай бийиктиктерди багынткыңыз келет?
– 8 жылды кайрадан кайталап, кайра эле ошол каттамдарды, ошол эле тартипте басып өтүүнү каалайт элем, анан бүгүнкү күндү бийиктиктен такыр башка көздөр менен карагым келет. Жеңиш жана Ленин профессионалдык чокуларына чыгууга азырынча умтула элекмин, бирок ал күн да келет, мен даярмын дейм дагы, сапарга чыгам.
