Гүлмира Дербишова: Жалгыз уюбузду сатып ишкерчиликти баштап, картошка сатып дарыкана курдук
1990-жылдардагы оош-кыйыш заманда Кербен шаарын жана Аксы районунун башка айылдарынын элин алгачкылардан болуп дары-дармек менен камсыздаган айым Гүлмира Дербишова ишкерчиликке кантип жол алгандыгы тууралуу айтып берди. Ал учурда “Өмүр-Фарм” дарыканалар тармагынын жана “Өмүр” клиникасынын ээси.
– Кандайча ишкерчиликке аралашып калдыңыз эле? 90-жылдарда жашоо кыйынчылык менен коштолгонун баарыбыз билебиз. Ошондой учурда дары-дармек ташып сатуу менен алектенүүгө кантип бел байладыңыз?
– Мен Ташкенттеги фармацевтикалык институтун 1985-жылы аяктап келгем. Өзүмдүн айылыма турмушка чыгып, балалуу болуп, Кербендеги борбордук дарыканада иштеп жүрдүм. Анан эле 1990-жылдардын башында союз тарап, эл катары биздин үй-бүлө да турмуштун сыноосуна туш келди. Борбордук дарыкананын кызматкерлерге айлык төлөөгө чама-чаркы чак келбей, дээрлик баарын кыскартууга учуратты. Алардын бири мен элем. Ошол учурда жолдошум да (ал Политехникалык институтту аяктаган жогорку билимдүү куруучу) кыскартууга учурап, экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Заман бул болуп жатса, балдар чоңойуп келатат, аларды багыш керек дегендей, бир нерсе ойлоп таппасак болбой калганын түшүндүк. Кол куушуруп отура бербейли деп, байкап көрсөм союз тарагандан кийин дарыкана деген аталышы эле болбосо, издеген дары-дармегиңди табуу мүмкүн эмес. Башкасын айтпайын, биринчи керектөөдөгү дарыларды да сатып алуу кыйынга тура баштаганын билип, жолдошума ушул жаатта иштөөнү кеңеш кылдым. Ал дароо макул болуп, жалгыз уюубуз бар эле, жетелеп барып сатып келди. Ошол акча менен ишкерчиликтеги биринчи кадамым башталды. “Достук” деген фирма ачып, Казакстандан, Өзбекстандан дары ташый баштадым.
– Жалгыз уйду сатып жатканда тобокелчилик бардыгын билгенсиз да. Акчадан же ишкерчиликтен жок болуп каламбы деген коркунуч болду беле?
– Албетте, ар бир иштин тобокелчилиги болот. Ал жагын да ойлонгом. Бирок коркуп отура берүүгө да болбойт эле. Заман кандайдыр бир аракет кылууну, жанталашып өз оокатыңа өзүң тың болууну талап кылган кези эле. Белимди бекем бууп, өзүм көнүп, көзүм каныгып калган тармак боюнча жеке ишиме кириштим. Кийинчерээк “Өмүр-Фарм” фирмасын ачтым. Ал кезде 37 жашта элем.
– Андан ары кантип уланттыңыз?
– Ал кезде жеке менчик имарат курууга жер оңойчулук менен бөлүнүп берилчү эмес эле. Көп аракет менен оорукананын жанынан жер алып, вагон орноттум. Ошол жерде отуруп алып дары-дармек сатып жаттым. Бирок көп өтпөй Саламаттыкты сактоо департаментинен келишип, дарыны вагондо сатууга болбой турганын айтышты. Дарыкана куруу зарылчылдыгы жаралды. Бирок акча кайдан? Жолдошум экөөбүз ойлонуп отуруп, үлүш жерибизге картошка айдадык. Кычашкансып ошол жылы “колорадский жук” деген картошка курту пайда болду. Бир ирет талаага жолдошум экөөбүз барып, эсибиз ооп эле туруп калдык. Сабагын жеп салышыптыр, курт эми жайнайт. Дарыны сууга кошуп даярдап, айылдашыбыздын тракторун суранып алып, ошону менен картошкага чачып чыктык. Жолдошум экөөбүз эле, жардам бере турган эч ким жок, балдарыбыз жаш. Мен шлангасын кармасам, жолдошум башка жагынан көмөк кылып, айтор тегиз чачып чыктык. Эртеси барсак бир да курт жок, баары өлүптүр. Ошону менен түшүм абдан жакшы болду. Баарын сатып, түшкөн акчага дарыкана куруп алдык. Курулуш иштерин жолдошум өз колу менен жасады. 2000-жылы алгачкы дарыканабыз ушундай тарых менен жаралган эле. Убакыттын өтүшү менен дарыканаларыбыздын катары кеңейе берди. Бир гана Кербенге эмес, райондун борборунан алыс турган айылдарга да ачтым. Анткени айылдагылар беш сомдук бир парацетамол алыш үчүн 200 сомдук жол кире коротуп, Кербенге келишчү. Элге жардамымды тийгизейин, кызмат кылайын деген ниетимдин өтөөсүнө чыгып, дарыканаларды бардык айылдарга орнотууга жетиштим.
– Ооруканаларды да медициналык жабдыктар менен камсыз кылганыңызды уктук?
– Бул да менин тилегим болчу. Тээ башынан эле фирмам өнүксө, чет өлкөлөргө чыксам, кичи мекенимдеги ооруканаларды медициналык керектүү жабдыктар менен жабдысам деп кыялданчумун. Буйруса максатымдын баарына жеттим. Тендерлерге катышып ооруканаларга бир нече жолу жабдык жеткирдим. Бул да болсо элиме, жериме жасаган кызматым деп ойлойм. Максатка жетүү үчүн кайрат – күч, нерв керек экен. Адам баласы ар бир койгон максатына жетүүгө мүмкүнчүлүк тапса болот.
– Азыркы кеңсеңиздер үйдөй ыңгайлуу, жагымдуу жер экен. Биринчи кезекте жагымдуулукка басым жасайсызбы?
– Албетте, эмгек жамаатыңдын ынтымагы, иштеген жериңдин жыйнактуу, таза, жагымдуулугу иштөө маанайыңа таасирин тийгизет. Кызматкерлеримдин жумушка көңүлдүү келишин каалайм. Ал үчүн жандүйнөгө жагымдуу аура болушу керек. Бизде азыр айылдардагы дарыканаларды кошкондо 50дөн ашуун адам иштейт. 45 жылга чейин эмгек тажрыйбасы бар фармацевттерибиз бар. Кызматкерлеримдин ден соолугуна кам көрүп, түшкү тамактануусун уюштуруп бергем.
– Жакында клиникаңызды кеңейтип, эки кабаттуу имаратка көчүптүрсүздөр, ушул тууралуу да айтып берсеңиз?
– Ооба, “Өмүр-Фармдын” уставындагы дагы бир багыт – клиниканы да ишке ашырганбыз. Санаториялык – стационардык клинка. Неврологиялык ооруларды дарылайбыз. Негизи неврологиялык ооруларды дарылоо кымбат болот. Бирок биз элдин калың катмарына жакын бололу, жетимдүү бололу деген максатка таяндык, айыл жергесиндегилерде каражат көп боло бербейт эмеспи. Палата, дарыгерлердин кызмат акысы, үч маал тамак, анализ тапшыруу, массаж, ороо, фитобочка, ысык суу, банка, физиолечение ж.б. 17 процедура биригип бир күнгө 1700 сомдон гана. Ушул эле сумманын ичине жеке лабораториябыз аркылуу анализ алып, дартты аныктоо да кирет. Ийне менен дарылоо да бар. Андан сырткары өзүм чөптөрдү жакшы билем. Эмгек жамаатым менен чөптөрдү туура терип, туура кургатып жыйнап алабыз. Анан пациенттерибизге чай демдеп берип, боор, бөйрөк органдарын да тазалайбыз. Ошондо бизде комплекстүү дарылануу жүрөт. 3 америкалык аппарат, заманбап УЗИ жабдыктарын, компьютердин терапия аппаратын алып келгенбиз. Туз шахтабыз, фитнес клуб, керамикалык таш да бар. Белгилей кетчү нерсе, бизде жатып дарыланган бейтаптарга бир гана компьютердик аппарат үчүн кошумча акы алынат, калганынын баары 1700 сомдун ичинде.
– Сиздин үй-бүлөнү жалаң дарыгерлердин үй-бүлөсү деп айтышат экен.
– Эки уул, эки кызым бар. Төртөө тең медицина менен кетишти. Улуу кызым Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетин аяктаган. Врач-педиатр, медицина илимдеринин кандидаты. Экинчи уулум нейрохирург. Андан кийинки уулум уролог. Кичүү кызым стамотолог. Неберелерим бар. Күйөө балам жана келиндерим да медицина чөйрөсүнөн.
– Азыр окуу баасы кымбат экени белгилүү, анын үстүнө медициналык жогорку билимдин ээси болууну каалагандардын ата-энелерине өтө чоң чыдамкайлык керек эмеспи. Төрт баланы катары менен бул жаатта билим берүү кыйын болдубу?
– Кызым менен уулум өз күчтөрү менен бюджетке өтүшкөн. Үчүнчү уулум да Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультетине өз күчү менен өттү, бирок контракт бөлүмү болуп калды. Телефон чалып: “Апа, мен контрактка өттүм. Эжем менен агамды окутуп жатасыздар, мен окубай эле коеюн, айылга барып, эжем менен агамды окутканга сизге жардам берейин”, - дейт. Угуп алып аябай ыйлагым келди. “Жок, балам, сен да окуйсуң. Окутабыз!” – дедим. Жолдошума айттым, бир жолун таппасак болбойт, уулубузду окуталы деп. Кеңешип көрүп насыяга акча алып контрагын төлөдүк. Кара өрүк, алма багыбыз бар да, ошол жылы балдардын ырысына кара өрүк абдан жакшы түшүм берди. Аны сатып насыядан дароо кутулдук. Бул да болсо кудайдын балдарыбызга жөнөткөн ырыскысы деп абдан кубандык. Биз балдарыбызга эмгектенүүнүн жана чыныгы билим алуунунун үлгүсүн көрсөтүп бердик. Калганын өздөрү алып кетишти. Балдарыңдын бактысы, ийгилиги башкы нерсе. Ар бир адамга балдарынын жакшылыгын, кубанычын көрүү насип этсин деп тилеп келем.