Александр Зеличенко: Мен ант бергем, ал антты эч убакта бузган жокмун
Ички иштер министрлигинин ардагери Александр Зеличенко советтик милицияны тандоо системасы канчалык күчтүү болгонун айтып берди. Ал убакта жада калса кызматкердин болочок келинчеги менен да баарлашышчу. Идеологиялык жагы да бар эле... Ушулар тууралуу кененирээк өлкөдөгү эң атактуу полковник менен болгон маекте айтылат.
– Сиздин оюңузча, сиз иштеп баштаган милиция менен азыркынын айырмасы эмнеде?
– Көп нерседе. Мен 20-кылымдын алыскы 70-жылдарында, советтик учурда кызматымды баштагам. 1974-жылы 10-ноябрда Советтик милициянын күнүндө ант бергем. Андан бери жарым кылым убакыт өттү. Ал антымды эч убакта бузган жокмун. Мени менен ошол бойдон калды.
Андагы жана азыркы айырмачылык тууралуу чоң диссертация жазууга болот. Мен азыр менин көз карашымдагы бир топ маанилүү, ишке ашырууда дээрлик чыгаша келтирбеген, бирок чоң натыйжа берген учурларга гана токтолом.
Адамдарды кызматка тандап алуудан баштайын. Мен азыр полиция жакшыбы же милициябы деген ар кандай идеологиялык чакырыктарды айтпайм. Ички иштер органдарына тандоо системасы ушунчалык күчтүү түзүлгөндүктөн, ал жерге негизинен чындап эле “кызмат кылып, коргогусу» келген ишенимдүү адамдар алынган. Мисалы, мен Талас шаарында милициянын начальниги болуп турганымда, таластык жигиттер кызмат өтөгөн Хабаровск шаарынан мага өтүнүчтөр келип түшчү. Негизинен мындай өтүнүчтөр чек ара же коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөчү ички аскерлерден келчү. Жигиттер аскердик милдетин өтөшүп, мөөнөтү бүтөөрүнө жарым жыл калганда жергиликтүү милициянын начальниги же анын кадрлар боюнча орун басары, ал убакта замполит деп аталчу, бөлүккө келип, жарым жылдан соң дембелге чыгуучуларды сураштырчу, ал бөлүктүн командири, прапорщиктер жана аскерлер менен сүйлөшүп, маалымат чогултчу.
Демобилизацияга 15 адам чыга турган болсо, алардын 4-5ине жакшы мүнөздөмө берилди деп коелу. Активдүү кызмат өтөшкөн, мыкты белгисине ээ болушкан деген сыяктуу. Анан замполит аларды баарлашууга чакырып, кызмат сунуштайт, мисалы, Хабаровск шаарында иштөөгө, ал жакта калууга макул болгондор ички иштер органында кызматын улантышчу. Жарым жыл ичинде алар үчүн жатакана ж.б. дайындалчу. Эгер кимдир бирөө калууну каалабай, мекенине, Таласка кайткысы келсе, мен милициянын начальниги катары, Хабаровскидеги кесиптешимден бул-бул күн баланча жаран демобилизацияланат, кызматын улантууга даяр, бирок Хабаровскиде айрым себептерге байланыштуу кала албайт деген маалымат алам. Карап көргүлө, ал аскердик милдетин өтөөдө аскер жамаатында өзүн абдан жакшы жагынан көрсөттү, балким, сиздерге ылайык келет, дейт. Менде жарым жыл убакыт бар жана ал убакытта биздин кадр жаатына жооп берчүлөр ал жигиттин туугандарын текшеришет, мурда соттолгон, алкоголик, баңгизатка көз каранды же үй-бүлөсүн ур-токмокко алган туугандары жокпу – биринчи кезекте ушулар каралат.
Текшерүү абдан олуттуу болчу. Эгер ички иштер органына кызмат өтөөсүнө эч кандай тоскоолдуктар аныкталбаса, анда ал жигит Таласка кайтып келгенде, замполит чакырып: “Хабароскидеги баягы баарлашуу эсиңдеби, кызмат кылууга каалооң жоголгон жокпу?” – деп сурайт. Адатта, жигит бир аз эс алууга жана ойлонууга убакыт сурайт. Бири ата-энесине жардам бергиси келет же үйлөнө турган болот, дагы бир иштерин аткарып коюп, андан кийин келип чечимимди айтайын дейт. Эгер ал келбесе, демек, ал анын чечими, бирок көпчүлүгү кызмат өтөө каалоосу басымдуулук кылып, келишчү. Ошондон тартып алар менен иштешүүнүн экинчи этабы башталат – физикалык саламаттыгын текшерүү, медкомиссия, психикалык акыбалынын шайкеш келүүсү. Фрунзеде атайын лаборатория бар болчу, ал жакка республиканын бардык аймагынан милиция кызматынын талапкерлери келип, баары психикалык жактан саламаттыгы чың адамдар экенин тастыктоо үчүн тийиштүү тестирлөөдөн өтүшчү.
– Ал лаборатория азыр иштейби?
– Бар жана иштейт. Бир убактарда мен Коомдук кеңештин мүчөсү болгом, тилекке каршы, азыр ал жабылып калды. Бардык коомдук кеңештерди, анын катарында ИИМге караштууларды жабышты. Биз талапкерлерди кызматка тандоодо медиктерге жана психологдорго кулак төшөчүбүз. Бул багытта азыркы учурда дагы көп нерсе жасалып жатканын айта кетиш керек.
Кайра өзүбүздүн темага келели. Ошентип, алар тестирлөөдөн өтүшөт, андан соң биз отуруп, бардык материалдарды чогуу баалап, анан ички иштер органына кызматка каттоого алчубуз. Анан иштеп башташат. Убактылуу кармоочу жайдагыларды (ал кездеги КПЗ) кайтарууга балдар жетишчү эмес.
Жаңы алынган кызматкер патрулдук-пост кызматына (ППС) келээри менен буйрук аркылуу ал ошол кызматта көптөн бери иштеп жаткандардын бирөөсүнө сөзсүз бекитилет. Биринчиси да, экинчиси да күндөлүк жазышат: көзөмөлдөгөнүн, кеңештерди бергенин, баарлашканын. Мен милициянын начальниги болгом жана мага бир нече жаш кызматкерлер бекитилген, анан кызматтык унаам бар болчу, а кол алдымдагылар эрежеге ылайык, алыс жашашчу, специфика ушундай эле. Шаарда, негизинен айылдан келген жигиттер иштешчү, алар коопсуздук бөлүмүндө, КПЗде бир сутка кызмат өтөп, анан эки сутка үйлөрүндө болушат. Алардын үйүнө тез-тезден каттачумун. Айылга барып, аксакалдар, үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп, ал адамдын жашоодо кандай экенин, өзүн кандай алып жүрөт, ичимдик ичпейби, кызматтык абалынан пайдаланбайбы, браконьерлик кылбайбы, аялын сабабайбы, үй-бүлөлүк зомбулукка аралашкан эмеспи – сураштырчумун. Анын баарын күндөлүккө жазам, а аны жогорку саясий органдары текшеришет.
Мына, ушундай жумуш болчу – дайым профессионалдык, идеологиялык көзөмөл. Аны алар сезишчү. Кайсы бир жерде бул жакшы аткарылчу, кайсы бир жерде начар, адамдык факторду эч ким жокко чыгарган эмес, бирок система иштечү. Кайсы бир убакыттан кийин ал жигит өзү устатка айланчу, эгерде узакка кызмат кылууну кааласа. Адатта, баары каалашчу. Ага милициянын орто мектебине, андан ары ИИМдин жогорку мектебине багыттама беришет, ошентип, ал балдар кызматтык тепкичте жогорулашат.
Же мындай мисал. Кылмыш иликтөө кызматкери иштеп жатат жана жетекчилик ал жигиттин келечеги кең экенин байкашат. Анан эле опер үйлөнүүгө камдана баштайт. Ошол замат болочок келинчеги, анын жакын туугандарынын соттуулугу жокпу, текшерилет, эмнеге дегенде милиция органына криминалитеттин эч кандай таасири болбошу керек. Үйлөнүү үлпөткө жеткенде, колукту менен баарлашып, ага кызматтык спецификасын сылык-сыпаа түшүндүрөбүз. Азыр муну такыр унутуп калышты, эч ким андай кылбайт, анткени, анда эле толгон-токой үй-бүлөлүк маселелер жаралат, бирок ачыгын айтканда, андай маселелер мурда деле бар болчу.
Жубайлары ыйлап, мага начальник катары келип даттанышчу – үйлөрү жок, балдарын жалгыз тарбиялап жатышат, күйөөлөрүнүн айлыгы аз. Бирок азыр, менин көз карашымда, мындай фактылар көп, ал убакта даттанган жубайлар менен сүйлөшчүбүз, кайталайм, абдан сылык-сыпаа түшүндүрчүбүз: кимге турмушка чыкканыңды эске ал – бул оперативник, мамлекеттик адам, күнү да, түнү да кызматта болот. Билесиздерби, анын таасири болчу! Кандай болсо да, түшүндүрүп, сүйлөшүп коюшчу. Милицияда табиятынан ага ылайык келген жана жумушун жогору баалаган адамдар иштеп, тагдырын ага байлашчу – мына, ушундай милиция. Мен азыркы милиция жакшыбы же начарбы деп баалагым келбейт. Азыр дагы өтө көп балдар бар – кылмыштын бетин ачышат, ачыкка чыгарышат, иштешет, өмүрүн тобокелге салышат, бир убактардагы биз сыяктуу эле.
– Советтик милициянын маданий денгээлин жогорулатууга кандай маани берилген?
– Маданий деңгээлди көтөрүү боюнча дайыма иш жүрчү. Мен билим алган Карагандадагы СССР ИИМинин жогорку мектебинде маданият факультети боло турган. Ошондой эле факультет Москвадагы СССР ИИМинин Академиясында да болчу. Баса, ал Союздагы ири өлкө үчүн ички иштер органына жетектөөчү кадрларды даярдаган жападан жалгыз окуу жай эле. Дипломумда – коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы менеджер деп жазылган.
Биз менен мыкты профессорлор иштешип, эң мыкты театрларга алып барышып, маданияттын бийик чокусун көрсөтүшчү, көркөм жамаатты алып келишчү. Милиция күнүндөгү концерт Союздагы эң мыкты концерт болчу. Интеллектуалдык жана маданий деңгээлге абдан чоң маани берилчү. Бизге, ал кездеги биринчи курстун курсанттарына эгерде формачан кетип баратсаң семечка чакпа, басып баратып тамеки тартпа, колуңду чөнтөгүңө салба, аялыңдын колунан кармап баспа, бул офицерге ылайык келбейт деп мээбизге куюшчу. Советтик милиционердин облиги бийиктикте турчу.
Бүтүндөй индустрия иштеп, китеп жазып, кино тартышчу – мунун баары милиция кызматкерлеринин эл алдындагы кадырын көтөрүү максатында жасалчу. Ооба, бизден ошол убакта деле коркушчу, милиция баарына жаккыдай сулуу кыз эмес да. Бирок сыйлашчу: милиция кызматкери менен мушташуу, ал убакта эң бир бүткөн бейбаштын гана колунан келчү. Баса, театр да, музей да жок Таласта деле биз кызматкерлер менен биргеликте иш чараларды өткөрүп, атактуу жердештерди чакырып турчубуз. Ал турмак коңшу Орловкага дагы барып, Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Теодор Герцендин укмуштуудай музейин көрүп келчүбүз. Андан кийин, келишимге жараша ал музейдин бир нече экспонатын өзүбүзгө, бөлүмгө алып келдик. Жыйындар залына көргөзмө уюштуруп, ал жакка шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын чакырчубуз. Бул жагы милициянын абройу үчүн иштечү.
– Ошол убактагы жана азыр кылмыштардын ачылышы боюнча айтсаңыз?
– Ал кезде “таяк системасы” бар эле, канча кылмыш жасалды жана канчасы ачылды деп “таяк” саналчу. Бул советтик милициянын трагедиясы болчу. Эгер кылмыштуулуктун өсүшүнө жана ачылышынын төмөндөшүнө жол берилсе, башын алышчу, жетекчиликтен алышчу. Ошондуктан көбүнчө кылмышты жаап-жашырышчу. “Таяк системасын” эбак жокко чыгарышты, бирок тилекке каршы, кылмыштарды каттоого бербей жашырып коюу дагы деле бар. Аны менен күрөшүп жатышат, бирок адамдын психологиясы дароо өзгөрбөйт. Мурда сени бардык нерсеңден ажыратып салчу нерсени азыр реалдуу көрсөтүп бер деп жатышат. Милициядан кеткен учурумда адам башына да, саны боюнча да милиция кызматкерлери КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң аз болчу. Алар бүгүнкү күндө да жетишсиз жана бул тууралуу айтып, ойлонушубуз керек.
– Устатчылык кыласызбы, сизге кеңеш же консультация сурап кайрылгандар болобу?
– Кызмат өтөп жатканымда, акыркы убакка чейин шакирттерим болгон, алар менен иштештим. А азыр ИИМдин ардагерлер уюмунда бармын, мени ар кандай иш чараларга чакырышат, жаш кызматкерлердин алдында сөз сүйлөйм. Жакында, кыргыз милициясынын 100 жылдыгында (2024-жылдын ноябры) «ИИМ Ардагери» төш белгиси менен сыйландым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул үчүн бир боорум ИИМге, өмүрүмдүн 37 жылын арнаган кызматыма ыраазычылык билдирем.
