Айпери Жусупова, врач-уролог: Мен айымдарга кесиптик чектөө жоктугун далилдедим
5 октябрь

Айпери Жусупова, врач-уролог: Мен айымдарга кесиптик чектөө жоктугун далилдедим

Коомчулукта уролог дарыгер эркек гана болушу керек деген түшүнүк калыптанган. Мындан улам бул кесипти аркалаган аялдардын саны аз жана аларга таң калуу менен карашат. Мисалы, Бишкекте аз сандагы айым урологдор дээрлик улуу муундагылар. А биз сөз кылчу дарыгер так ушул боштукту толтуруп, улуу муундан кийинки узак аралыкты бириктирүүдө. Айпери Жусупова тууралуу интернеттен бир гана жакшы пикирлерди табууга болот, бейтаптар аны мамиле түзүүнү билген, сылык, сабаттуу, мыкты адис экенин айтышат. Жаш муундагы биринчи айым уролог менен маектешип, уролог – бул  эркектин кесиби деген стереотипти сындыруудагы кыйынчылыктар тууралуу сурадык.

– Эмне себептен урологияны тандап алгансыз? Негизи, бул эркек кишилердин кесиби катары кабыл алынып калган эмеспи?

– Чынында, Кыргызстанда уролог кесибине ээ болгон аялдар абдан аз. Мисалы, тар адистикти тандоодо бул тармакка 20 студент тапшырганбыз, арасында жалгыз кыз мен болчумун. Келечекти ойлоп тандагам, анткени, аял кишилерге аял-адис керек. Жоолук салынган аялдар же күйөөсү эркек дарыгерге көрүнүүгө уруксат бербеген аялдар бар. Алар да ден соолугун калыбына келтирүүгө акылуу.

– Бул тандооңду ата-энең, жакындарың кандай кабыл алышты?

– Биздин менталитетте аялзатына өзүнчө чектөө бар эмеспи. Ал киши тамак жасаганды, үй жыйнаганды, бала бакканды билиши керек. Бирок сөзсүз түрдө билим алышы керек дегенден эмнегедир аттап кетебиз. Азыр го түшүнүк бир топ жакшырып калды, мен мисалы, өзүмдүн ата-энеме таянып айтсам, кыз баланын билим алуусун колдогондор көбөйдү. Ошентсе да, урологияны эркектердин жумушу деп түшүнгөндөр мен бул тар адистикти тандаганда каршы чыгышкан. Ошол эле атам, байкелерим дагы: “Кантип уролог болосуң? Сени эч ким түшүнбөйт, сени менен эч ким сүйлөшпөйт. Кантип турмушка чыгасың?” – деп айтышкан. Алар урология бир гана эркек кишиге таандык эместигин, бул бөйрөк, табарсык оорулары дагы экенин эске алышкан жок. Мен адис катары көзүм жетип турган нерседен башка бирөөлөрдүн пикири үчүн баш тарта алмак эмесмин. Мүнөзүм ушундай: көздөгөн максатыма жетмейинче тынчыбайм, жеке пикиримди башка бирөөлөрдүн көз карашына байлап бербейм.

– Бизде урологдордун дээрлик баары эркек кишилер эмеспи. Жалаң эркектерден турган чөйрөгө барганда да кыйынчылык болдубу?

– Ооба, 90 пайызы эркектерден турган жамаатта иштедим. Мындай жерде баары башка, тамашалар да орой, копол болуп калышы мүмкүн. Ал турмак сага адис катары эмес, башкача көз караш менен карагандар да кездешет. Эгерде биз Америка же Европада жашаганыбызда андай тамашаны, мамилени “сексуалдык ыдыкка” чыгарууга да мүмкүн эле. Мен күчтүү болгонум үчүн чыдадым окшойт. Мисалы, башынан эле субординацияны сактадым, келгенде дароо: “Мен ординатормун, силер менен иштейм, ооба, жамаатта ар кандай тамаша айтылат, бирок мага жакпаган тамаша болсо, кабыл албайм”, – деп айткам. Айтор, өз чек арамды болушунча коргодум жана тактадым. Бирок кандай кыйынчылык болсо дагы, ал жактан кетүү тууралуу ой келбеди. Анткени, өзүм үчүн, ата-энем үчүн, мага ишенбөөчүлүк менен мамиле жасагандар үчүн өз максатымдын өтөөсүнө чыгышым керек болчу.

– Азыр ал этаптан өттүңүзбү?

– Ооба, өттүм. Азыр баары жайында. Бирок эркек бейтаптар тарабынан башкача мамилелер жасалып калат. Башында айым дарыгерди олуттуу кабыл алышпайт, бирок өз чек араңды тактай берсең, ага да көнүшөт. Чынында, көйгөйү жок эле, жөн гана таанышууга келген бейтаптар да болду. Алардын көзүнө экзотика сыяктуу эле көрүнөсүң. “Чоң кыз”, - деп кайрылышат. Мен дароо айтам: “Мен чоң кыз эмесмин, мен Айпери Узаковнамын, сиздин дарылоочу дарыгериңизмин. Эгерде мени дарыгер катары кабыл албасаңыз, анда шаарда менден башка да урологдор көп, ошолорго кайрылыңыз”, – деп. Башында ал турмак жыныстык мүчөсүн сүрөткө тартып, жөнөткөндөр да болгон. Эч убакта эмоцияга алдырбай, олуттуу гана түшүндүрүп, дарыгер-бейтап мамилесин сактоого чакыруу менен гана бул абалдан чыгып кете алдым.

– Жогоруда күчтүүмүн деп айтып калдыңыз, аялзатынын күчтүүлүгү эмнеде деп ойлойсуз? Жана мындай мүнөз эмнеден улам калыптанат?

– Тарбиядан го дейм. Атам мага “сага бир нерсе дештин кереги жок, баары бир өзүң кандай туура көрсөң, ошондой жасайсың” деп айтат жана “мен айтканды гана аткарышың керек” деген басым эч убакта болгон эмес. Мектепти аяктаганымда да “Окуйм десең, окутам. Окубайм десең, “казан-аяк университетине” жөнөтөм”, – деп тамаша иретинде айткан. Анткени, мен өзүм тандаган чечим гана ишке ашаарына көзү жеткен. Менимче, ар бир айым өзүнүн көз карашына, пикирине катуу турушу керек. Сен кайсы бир жолду тандаганда, андан артка кайтаргандар, туура эмес пикирлерин айткандар болот. Бирок эгер көзүң жетип, жүрөгүң каалап турган нерсени өзүң аткарууга умтулбасаң, эч ким сенин кызыкчылыгыңды коргоп бербейт. Ушундай эле нерсе адистикти тандоодо менде болду: баары гинекологияга же офтальмология бар, кыздарга ушул ылайыктуу дешти. А мен өзүмдүн тандоомду жасадым.

– Кесибиң жигиттер менен таанышып, мамиле курууда тоскоолдук жараткан жокпу?

– Мен азыр турмушка чыга элекмин. Бир гана жумуш менен алектенип жүрөм. Билим алуу өзүнчө эмгек, а аны практика жүзүндө ишке ашырып, мыкты адиске айланууга да ошончолук эмгек, убакыт керек. Ал эми тоскоолдук тууралуу айтсам, ооба, андай көрүнүш да болот. Таанышып калсаң, врач экениңди укканда кубанышат, уролог экениңди укканда качышат (күлүп). Мисалы, эркек гинекологдор да бар, бирок аялзаты бир топ түшүнүктүү болобузбу, аларга анчалык терс көз карашта эмеспиз. А кээ бир эркектер мындай нерсе менен келише албайт экен. Ошол эле учурда “эң жакшы кесип, врач болуу чоң эмгек, сен кесиптик милдетиңди аткарып жатасың” деп сый-урмат менен карагандар да көп.

– Бейтаптар көбүнчө кандай көйгөй менен кайрылышат?

– Менин бейтаптарымдын 70 пайызы аялдар. Бөйрөк оорулары, бөйрөктө, заара чыгаруучу каналда таш пайда болгондо, заара кармай албай калуу менен жабыркаганда келишет. Мен жаңы иштеп баштаганда келгендер буга чейин аял урологду таппай, эркек адиске көйгөйлөрүн ачык айта албай кымсынгандарын айтышкан. Мисалы, заараны кармай албай калуу көйгөйү менен келгендерди гинекологиялык креслого чыгарып көрөбүз. Аял киши эркек дарыгердин жанында ич кийимин чечүүдөн уялат. Республикалык ооруканада иштеп жатканымда да, көп аялдар “аял дарыгер карап берсинчи”, – деп атайын мени издеп келишчү. Көбү урология – бул эркектин жыныс мүчөсүн кароо деп ойлошот, жок, андан башка да толтура көйгөйлөр бар.

– Ошондо сиз эркек дарыгерлерге баруудан уялган көптөгөн аялдарды куткарып жатыптырсыз. Сизди кантип табышат?

– Бейтаптар көбүнчө “сарафанное радио”, интернеттеги пикирлер аркылуу келишет. Мисалы, бир аял келсе, кайра эле кызын алып келет, а кызы курбусуна айтат дегендей. Жакындан бери инстаграм баракчамды иштетип баштадым. Бул дагы аялдарга керектүү кеңештерди жеткирүүгө жакшы курал болуп берүүдө.

– Аялдардын көйгөйү көппү?

– Ооба, көп эле. Алсак, циститке кабылган аялдар көп. Буга көп факторлор себеп болот. Анын бири – жыныстык катнаштан кийин гигиенаны сактабоо. Биздин менталитетте мындай теманы көтөрүү уят. Жыныстык катнаштан кийин сөзсүз аял киши заара ушатышы керек, аны менен көп зыяндуу бактериялар чыгып кетет. Ушул тууралуу айтып берсем, “биз муну эркек дарыгерден сурай алмак эмеспиз да”, – деп ыраазы болуп кетишет.

– Деги эле организмдин кандай белгилеринде урологго кайрылуу керек?

– Заара азайып же көбөйгөн учурда же заара ушатууда жыныстык мүчө ачышса же бөйрөк ооруп же приступ берсе. Жөтөлүп, чүчкүргөндө заара чыгып кетиши да урологго тез арада кайрылууга себеп.

– Заараны кармай албай калуу дары-дармек менен дарыланабы же кандай?

– Табарсык бошоп калганда чүчкүрүп же жөтөлгөндө заара чыгып кете турган болуп калат. Эгерде көйгөй жаңы башталган болсо, биз булчуңдарды машыктыруу менен жыйынтыкка жете алабыз. А эгерде кеч келишсе, бир гана жол бар – операция.

– Заараны кармай албай калуу төрөттөн улам да болобу?

– Ооба, көп төрөт болсо, ал да таасирин тийгизет. Бизде көп балалуу болушат, эң кеминде 3 бала. Беш, жети балалуу болгондор көп. Анын үстүнө төрөттөн кийин аялдарды бапестей бербейбиз. Кечээ төрөтканадан чыгып, бүгүн кир жууп, баласын көтөрүп, оор жумуштарды аткаргандар да бар. Экинчи себеби, жаш өткөн сайын жыныс булчуңдары бошойт.

– Жыныс булчуңдарды дайыма көнүгүүлөр аркылуу машыктырып туруу, кийин кездешчү ушундай көйгөйдөн сактайбы?

– Албетте. Турмушка чыга элек кезден баштап булчуңдарды машыктыруу  профилактика болот.

– Кайра кесип боюнча сөз уласак, сиз айымдар иштей албаган кесип жок экенин далилдеп койдуңуз окшойт?

– Эгерде ар бир аял өзүнүн кызыкчылыгын, максатын айланасындагылардын көз карашына баш ийдирбей коргосо, анда баары каалаган кесибине ээ боло алышат. Аялдын колунан келбеген бир да кесип жок. Мисалы, илгери такыр эле аял дарыгерлер болгон эмес, аларга бул кесипте иштөө мүмкүн да эмес эле. А биздин заманда аял дарыгерлер көп. Канча деген медицина илимдеринин докторлору, профессорлору аялдардан чыкты. Урологияда да жүрүп-жүрүп аял адистер көбөйөрүнө ишенем. Мисалы, менден кийин эки кыз да ушул багытка тапшырышты.

Биздин менталитет аялды үй кожейкеси, эне катары гана көрөт. Ооба, мыкты үй кожойке, мыкты эне болуу керек. Бирок аялдын өзүнүн да жашоосу болууга тийиш. Мен урологияны тандаганда “сен кыз кишисиң, сага эч ким ишенбейт, эч ким келбейт” дегендер болгон. Ошондо ойлорум бир сууп кетип, кайра ага моюн бербей көтөрүлгөм. А азыр бейтаптардын ыраазы болуп кеткенин көрүп, жакшы пикирлерин, алкышын угуп туура жол тандаганыма кубанам.

– Сиздин сөздөрүңүздөн улам жумуштагы харассментке туш келгениңизди байкадым. Ошондой учурда сиз үчүн эң кейиштүү эмне болду?

– 90 пайызы эркектерден турган эмгек жамаатка жаш, жакшынакай кыз келсе, ар кандай мамиле болоору белгилүү нерсе. Мен өзүмдү абдан жаман сезгем. Эмнеге дегенде, ушунча окуп, бир нерсени үйрөнөйүн деп келип атсаң, сени адам катары да, аял катары да кабыл албай, сексуалдык объект катары гана көргөнү өтө көңүлгө тийген. Бирок мен ага каршы тура алдым. Өз чек арамды коргодум. Андай учурда тийишкен тарап да токтойт. Мендеги абал жакшы аяктады, бирок мындай мамиле канча кызды сындырды экен деген ой жаралат...

– Практикаңызда андай аялзатын да жолуктурсаңыз керек?

– Иштегениме бир жыл болду. Ушул убакыт аралыгында эки кайгылуу окуяны уктум. Эки бейтап зордуктоого туш болгонун айтышты. Эч кимге айтышкан эмес, мага гана ачыла алышты... Кандай жардам берээрди да билбейсиң. “Эмнеге арызданган эмессиң?” – деген суроого, “Андан эмне пайда?” деген жооп уктум. Жабырлануучулар коомчулуктун айыптоосунан коркушат. Бизде курмандыктарга карата толеранттуулук жок. Көбүнчө зордуктоого кабылган аялзатын айыптайбыз: “Сен өзүң шерик болгонсуң”, “Түндө көчөдө эмне кылып жүрдүң эле?”, “Эмнеге ачык кийинесиң?”, “Эмнеге боеносуң?” ж.б. Бирок эч кимибиз кыз ачык кийинип, боенуп жүргөн учурда да анын денесине эч ким колун тийгизүүгө акылуу эместигин эске албайбыз. Менимче, коомдук пикирди оңдошубуз керек...

P.S. Айпери Жусуповага кайрылууну каалагандар Инстаграмдан urolog.aiperi баракчасы аркылуу таба алышат.