Түгѳлбай Казаковдун керемет ырларынын тарыхы
Кыргыз маданиятына эбегейсиз зор салым кошкон, кыргыз наркынын, салтынын сакталып калышы үчүн эмгектен талбай келген белгилүү обончу Түгѳлбай Казаков – учурдун залкары. Таланттын эл оозунан түшпѳй ырдалып, жүрѳктѳрдѳн орун алып келе жаткан ырларынын жазылуу тарыхын баян кылабыз.
«Алтын балалык»
Обону: Түгѳлбай Казаковдуку
Сѳзү: Жапаркул Алыбаевдики
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билбизбей
Сүйүүмдү ойготкон.
Бул обон – тѳл башым. 2-курсту жаңы эле баштаганбыз. Устатым ойдо жок жерден: «Баян үчүн чакан чыгарма жазып кел, ѳзүңѳ эң эле жакын теманы ал», – деди. Мага жакыны эле балалык, жайлоо, тоолор, жаштык, сүйүү…
Жаш кезде киши максималист болот эмеспи. Бир жолоочунун жорго минип жыргап келатып эле ашуудан бороон-чапкынга туш болуп, аябай кыйналып, анан ѳтүп кеткенден кийин кайра жыргап баратканын жазмак болдум. Музыкалык формадан түшүнүгүм жок эле, үч бѳлүмдѳн турган бирдемени жазып салдым. Антпесем бүт дүйнѳ капа боло тургансып нотасын да жазып ийдим. Эртеси ойноп берсем устатым: «Сен обон жазып салыпсың. Биринчи бѳлүгүнѳн куплет, экинчисинен кайырма чыгарып кел»,- деди.
«Алтын балалык» ошентип жаралган. Жолдуу экен. Радиого жазылбай эле элге тарай баштады. Ал мындай болду. Обонум менен баянымды кѳтѳрүп алып азыркы телемунара турган жерге келдим. Милийса киргизбей кѳпкѳ турдум. Бир маалда түшкү тамактан кайтып келаткандардын бири: «Ой, сен дале турасыңбы? Жүрчү, угуп кѳрѳлү», – деп мени алып кирди. Чоң студияда беш-алты кишинин алдында “Алтын балалыкты” ырдап коё бердим. Анан бирѳѳсү:
– Ыр кимдики? – деди.
– Меники, – дедим. Ал олуттуу боло түштү да:
– Сен Атай, Муса дегендерди билесиңби? – деди.
–- Билем, – дедим.
– Обон чыгарсаң ошолордой чыгар. Болбосо мындай орусча обондоруң менен башты айлантпай колуңдан келген ишти кыл. Бар, мындан кийин келбей жүр!
Баянымды кѳтѳрүп «Дзержин» гүлбагы менен жѳнѳдүм. Эмне кыларымды билбей калдым. Теңтуштарым ырымды кѳңүл кѳтѳрүш үчүн эле мактап койгон турбайбы, менден обончу чыкпайт экен да деген ой келди. Жатаканага келип баянды тапшырдым да, документтеримди алып учкучтар окуу жайына экзамен берип баштадым. Ким билет, акыркы экзамендин алдында деканыбыз билип калып документтеримди кайра алдырып кетпегенде, мүмкүн, обону жок ободо жүрѳт белем. Окууга кѳңүл жок жатаканада жатсам Беганас Сартов деген агабыз кирип келди. Ал жаштардын ийримин түзүп, мен ага катыша коюп жүрчүмүн.
– Жүр, кечинде телевизорго чыгабыз,- дейт. Ээр-токум кѳргѳн жоор аттай секирдим. Себебин түшүндүрсѳм: «Ал жерде келесоолор толуп атат. Бүгүн башкасы болот,- деп алып барды. «Алтын балалыкты» ырдадым. Бир айдан кийин Беганас байке бир топ конверт кѳтѳрүп келди: «Кѳрдүңбү, сенин ырыңды канча киши сураганын», – дейт. Ошол конверттер тагдырымды чечип кеткен эле. Кийин ырым мекендешибиз, ырчы Нина Дараеванын аткаруусунда азыркы КВНдин «кожоюну» Александр Масляковдун «Алло, биз таланттарды издейбиз» деген бүткүл союздук телесынагына катышып, Москвада боло турган корутунду турга ѳтүп кетпеспи. Телевизордон кѳргѳн кѳзүмѳ ишенген жокмун. Анткени союздук теледен кыргыз авторунун чыгармасы аткарылганын кѳргѳн эмесмин. Эртеси эле жатаканада дуу болду. Кѳрүшүптүр. Достор куттуктап, башкалардын мамилеси ѳзгѳрүлүп дегендей... Алгачкы обонум мына ушинтип алгачкы чоң ийгиликти алып келген.
«Жамгыр»
Сѳзү, обону: Түгѳлбай Казаковдуку
Апам «жамгырда жылаңбаш жүргѳн балдардын чачы кара болот» дечү. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дѳңдѳн-дѳңгѳ безилдеп «чач карайтчу» элем. Азыр ойлосом жамгыр жерге эле сиңбей, менин жан дүйнѳмѳ да сиңген экен. Кийин мүнѳзүм кадимкидей ѳзгѳрүп кетти. Ал ар бир жааганда мен буулугуп баштачу болдум. Кайдагы бир угуттан кѳкүрѳгүм кѳѳп, жарыла албай жүрсѳм, «Кукуш деген курсташымдын сүйгѳн кызы башкага тийген жатат» деген кабар келди. Кабары курусун, Кукушум ѳлѳм деп чыкты. Темир жолго барып кертилип ѳлмѳй болду. «Бактылуу бол» деди да, бѳлмѳдѳн атып чыгып, чуркаган бойдон кетти. Балээнин бактылуу болгонубу, жолдошуң үч бѳлүнүп ѳлгѳнү жатса деп артынан жѳнѳдүм. Келсем рельстин үстүндѳ отуруптур. Сурасак, анын «ажалы» кечке маал ѳтѳт экен. Ага чейин эмне кылабыз? «Юбилейный» деген дүкѳндѳн кѳлтѳйгѳн бѳтѳлкѳнү алдык да, экѳѳбүз эки ташка отуруп ѳлүм алдындагы «отурушту» баштадык. Күн бүркѳлүп турган, бир кезде как тѳбѳбүздѳн асман жарылгандай болду. Анан нѳшѳр башталды. Биз негедир тургубуз келген жок. Шѳмтүрѳп суу болдук. Анан эле мен бир кызыктай боло түштүм. Кѳкүрѳгүмѳн бир нерсе тирелип келип кайра кетип, кайра ого бетер күчѳп келип чыгып-чыкпай артка тартылып, анан кандайча оозумдан чыгып кеткенин байкабай да калдым. Кыйкырып ырдап жибердим: «Күн күркүрѳ-ѳп жамгыр тѳктү-ү…».
00Ушул сап обону менен бир келди. Андан ары уланган жок. Кукуш кайра-кайра ырдатты. Нары жагы уланып кетчүдѳй болуп барып эле токтоп калып жаттым. Акырында экѳѳбүз кучакташып алып, ушул кайрыкты кыйкырган бойдон ырдап жатаканага жѳнѳдүк. Анда эрте жаз эле. Обонум же уланып кетпей же унутулуп калбай кыжалат кылып жүрүп күз келди. Күзгү жамгыр дагы эки сап берди. «Жамгыр тѳктү эч басылбай, Биз келаттык кѳл-шал болуп». Ары жагы табылбай дагы токтоп туруп калды. Ушул жаман экен. Жаныңа сайылган чегедей болуп кыйнап гана турат да, эй! Кайра жаз келди. Кайырмасы бүттү. Ырдайын десең толук эмес. Ырдабайын десең тынчтык бербейт. Кайрадан күз келгенде барып араң бүттү. Сѳздѳрү обон менен кошо чыккан эле. Ыр элге жакшы алынды.
«Насыйкат»
Обону: Түгѳлбай Казаковдуку
Сѳзү: Акбар Рыскуловдуку
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан,
Ѳттү Насыйкат,
Тоолордон, талаалардан...
Орусташтыруунун кээри музыка дүйнѳсүнѳ аябай эле тийди. Комуз четке сүрүлдү. «Улуттук маданияттын туу чокусу – опера» деген түшүнүктү мээбизге кагып киргизе албай жатышты. Жетишпей жаткансып Москвадан «Ата-Тоо», «Мен кыргызмын», «кыргыз тарыхы», «улуттук кийим», «Ата Журт» сыяктуу 60тан ашык сѳздѳр айтылбасын» деген кѳрсѳтмѳ түштү. Каяшачыл сезими барларга кыйын болду. Комуздун келечеги жок экенин кѳргѳн кыргыздардын кѳбү андан алыстай баштаган. Ѳзгѳчѳ жаштар күүгѳ кызыкпай калган. Элдин кѳңүлүн комузга кантип буруш керек? Күүнү ырга айландырыш идеясы ушундан чыккан. «Кайсы күүнү ырдаш керек?» деп кѳпкѳ кыйналдым. Күүнүн баары эле ырдала бербесин ошондо түшүндүм. «Чоң кербез», «Чайкама», «Саринжи Бѳкѳй» сыяктуу күүлѳр бир караганда ѳзү эле ырдалып кетчүдѳй болуп турат. Бирок бир кайрыгы ырдалса башкалары ырдалбай, башы шыр кетсе аягы мүдүрүлүп туруп алды. Бир гана «Насыйкат» ѳткѳнүңѳ да, ѳзѳгүңѳ да, ѳкүтүңѳ да жол ачып турду. Арбалдым. Анда Кѳлдѳ иштечү элем. Борборго келип күү табакка жазылган күүнү улам башынан коюп угуп, жаттап чыктым. Эртеси унутуп калбайын деп кайрыктарын кыңылдап ырдап Ысык-Көлгө кеткен автобуска отурдум. Эч ким менен сүйлѳшкүм жок.
Акбар Рыскуловго сѳз жазып бер десем күүнү түшүнбѳйм деп чыкты. Ага жата калып, тура калып эптеп түшүндүрүмүш эттим. Кыргыздын тарыхы болсо дейм. Күүгѳ сѳз жазыш оңой эмес, эки жарым айда сѳзү бүттү. Ыр даяр болду. Элиме Спорт сарайында ѳтүлүп жүргѳн «Кубулжу менин ырларым» телеконцертинде тартууладым. Анда да бир дирижёр: «Күүнү ырдаганга болбойт. Андай болсо сахнага чыкпайсың. Башка ыр ырда!»- деп күпүлдѳп, ал тургай башка ырды да кулактандырып жиберген. Баары бир «Насыйкат» ошол кечте ырдалып кетти. Андан кийин ага эч ким ээ боло албай калды. Элдикин элге кайтардым.
«Эстелик»
Обону: Түгѳлбай Казаковдуку
Сѳзү: Тѳлѳгѳн Мамеевдики
Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ Батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
– Атамдан айрылганда мен беш айлык экенмин. 11 жашыма чейин атамды аскерге кеткен деп ишенип жүрдүм. Атасыз жетим экенимди укканда асманым жерге түшкѳн. Эркек бала эс тарта баштаганда атасын кѳбүрѳѳк ойлойт экен. Атамды сүрѳттѳн болсо да кѳргүм келчү. Сураштырсам Ошто жашаган эжемде бир сүрѳтү бар дешти. Кинорежиссёр Бакыт Карагулов экѳѳбүз Таластан Ошко барып келмей болдук, сүрѳт издеп. Эжемди таптым, атамдын сүрѳтүн таба албадым. Эжем студент кезде жатакана ѳрттѳнүп, чемоданы күйүп кетиптир. Оштон кайтарда базарынан «Ленин жолу» деген гезит сатып алдык. Гезитке Тѳлѳгѳн Мамеевдин «Аталардан кеч келип» деген ыры чыгыптыр. Аны Бакыт экѳѳбүз жаттап алдык. Ошко барбаганымда, балким, бул обон чыкпай калмак беле… 1975-жылы жеңиштин 30 жылдыгына карата сынак жарыяланып, Чолпон-Атадан келип сынакка катыштым. Менин ырым эч нерсеге илинген жок. Бирок ошол сынакта ырдалган ырлардан азыр жалгыз «Эстелик» ырдалып жүрѳт. Анык байге ушул го дейм.
Макала Түгѳлбай Казаковдун «Эсимде» китебинин негизинде даярдалды.
