Абдыкерим Муратов: Адабияттагы ишмердүүлугүмдүн арасынан жан дүйнөмө эң жакыны – чыгармачылыгым
27 декабрь

Абдыкерим Муратов: Адабияттагы ишмердүүлугүмдүн арасынан жан дүйнөмө эң жакыны – чыгармачылыгым

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, публицист, адабиятчы жана жазуучу , “Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, “Шегемдик кыз” сыяктуу бир нече көркөм китептердин автору Абдыкерим Муратов менен маектешүү

– Абдыкерим агай, илимге жана адабиятка болгон шыгыңыздын ойгонушуна бала чактын таасири тийди деп ойлойсузбу? Деги эле балалыктын ар кандай шартта өтүшү бир катар улуу инсандардын келечегин түптогөнү тарыхта да, адабиятта да көп айтылат эмеспи?  

– Балалыгым Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шанкол айылынын Котур-Булак маалесинде өткөн. 1956-жылдын 17-майында жарык дүйнөгө келгем. Атам Жаркынбай менен апам Ибадат кадимки эмгекке бышкан, жөнөкөй, эл ичиндеги адамдар. Ал кезде элдин адабиятка болгон мамилеси такыр башкача эле. 1960-жылдарга чейин калктын калын катмары жалпы эле баатырдык эпостордун духунда жашаган. Тамга таанып, китепти шыр окуп калган тестиерлерге улуу “Манас” эпосунан баштап “Курманбек”, “Эр Төштүк” сыяктуу кенже эпосторго чейин үнүн бийик чыгартып, кыраатын келтире окутуп угуу ар бир үйдөгү чоң кишилердин көнүмүш адаты эле. Жайдын мелүүн кечтеринде же кыштын узун түндөрүндө үйдөгү чоң ата, чоң энеме далай дастандарды, К.Жантөшевдин айтылуу “Каныбегин” окуп берип олтуруп өзүмдү унутуп, жомоктор дүйнөсүнө, өзүм окуган каармандарга, андагы окуяларга аралашып кетчүмүн ушундай сааттарда… Китеп окутуп, ырахаттана угушкан чоңдор өздөрү да байкабай менин балалык арзуумду сөз өнөрүнүн көркөм дүйнөсүнө азгырып, шыгымды ойготуп алышты ошондо эле.

– Абдан сонун... Алгач эмнеден баштадыңыз? Ыр жаздыңызбы же ангемеби? Алгачкы чыгармаңыз тууралуу кызыктуу эскерүү бар болсо керек?

– Бармактайымдан аң-сезимимди элдик эпостор ээлеп эс тарттым, колума кайсы бир күнү “Жаштык сапары” аттуу китеп тийди. Эскирген, мукабасы айрылган бул китепти барактап көрсөм жалаң ошол кездеги жаш калемгерлердин чыгармалары, алардын өздөрү тууралуу жазылган китеп тура. Баарынан да мени таасирленткен нерсе, өзүмдүн эле айылдашым Мырзаш Ашырбеков аттуу жигиттин да чыгармалары жүрөт! Мына ушул китепти окуп чыккан соң “мен да ушинтип жазуучу болсом болот экен го” деген ички бир ишеним пайда болду. Ошентип 7-класс кезимде эң алгачкы “Дүрбөдөй койлор” аттуу аңгемемди жазып, “Ленинчил жаш” гезитине почтадан салып жиберип, көп узабай редакциядан “Сиздин чыгармаңызды гезитибизге пайдалана албай калганыбыз үчүн кечирим сурайбыз” деген тариздеги кат алдым... Балалык дүйнөм менен бир эсе уялып, бирок эч кимге эч нерсе айтпай ичтен тынып тим болдум. Бирок бир нече күн өтүп-өтпөй айылга жагымдуу жаңылык дүң эте түштү, көрсө мен жазган “Дүрбөдөй койлор” аңгемем радио уктуруудан берилиптир! Айылдын карыялары нарктуулугунан жазбай чогулуп келишип мени алгачкы ийгилигим менен алкап, “жакшы жазат экенсиң балам” деп ак баталарын беришти. Жылдызым жана түштү.

– Дал ушундай жигер менен жаштыктын жылдарына кирип бардыңыз да, студенттик курактын ой-максаттары, умтулуулары  кучтүү болгон чыгар. Азыркы тил менен айтканда “амбициясы” күчтүү, озүно ишенген жаштардын катарын толуктасаныз керек...

– Ошол 67-68-жылдарда жазуучулардын кадыр-баркы артып, ага кошул- ташыл Ч.Айтматовдун “Жамийла” повести жазылып, даңазасы таш жарып турган кез. Көркөм сөздүн күч-кудурети менен керек болсо бүт дүйнөгө таасир этсе боло тургандыгына көзү жетип, адабият дүйнөсүнө биротоло кирүүгө белсенгем. Ош шаарына келип педагогика институтунун кыргыз филология факультетине тапшырып окуп калдым. Студенттик доор адабият менен эриш-аркак башталды. Дал ошол мезгилдерде билим алуу менен катар эле өзүмдүн алган билимдеримди пайдаланып китептерге рецензия жазып, сындап, талдоого кириштим. Ал кезде түштүк регионунан “Кыргызстан маданияты” гезитине макала жазган мугалимдер сейрек эле. Ушундай шартта  макалаларым мени тез эле адабият жана педагогика чөйрөсүнө таанытты. Ошол жерде региондордо туруп алып “Кыргызстан маданияты” гезитине адабият боюнча макалаларды жазып, пикирлерди жазып, майда сын-макалаларды жазып, чоң-чоң жазуучуларды сындап жаза берчүбүз ким экенин билбей, көрсө аларга борбордун өзүндө сыйлап, аяр мамиле кылышат экен да. Кийин 1985- жылы Фрунзеге келип, 1987-жылдары “Жаш калем” деген серия менен кичинекей(шапалактай болгон) китебим чыккан. Ал китепке чакан-чакан бир шиңгилден жазылган аңгемелерим кирген. Учурунда анчалык чоң сөз болбосо да менин жазмакерлик ишимдин башталышы катары, биринчи китебим катары өмүрүмдөгү жакшы окуялардын бири болуп калды. Ошентип адабият мени өзүнө тартып кетти. Кийин  илимий изилдөөлөрүмдү жүргүзүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогика боюнча докторлук диссертациямды жаздым. Ага чейин адабиятты мектепте окутуунун методикасы боюнча кандидаттык диссертация жазгам. Ошентип педагогика тарапка кеттим. Мектептерди кыдырдым. Турмушту көрдүм. Жазуучу болуш үчүн эң негизгиси турмушту көрүш керек да, биз согуштан кийинки муундун мунөзүн, жашоосун, азабын көрүп калдык.

– Ал эми өзүңүз алектенген адабияттын беш түрлүү багыты – публицистика, илим, педагогика, адабий сын, жазуучулукту эриш-аркак алып келе жатасыз. Ушул чыйырлардын арасынан кайсынысы сизге жакын сезилет?

– …Адабияттын ар түрдүү жактарына аралашып калганым боюнча айтсам, кээде турмуштук зарылдыктан улам келип чыкты го деп ойлойм. Мисалы Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”романын мектеп программасына киргизип коюшту да бирок ошол кезде бул чыгарманы окуучуларга окутууда мугалимдер аябай кыйналышты. Анда чыгарманын кыргызчасы чыга элек, орусчасы эле бар болчу. Анан “эмне кылыш керек” деп ойлонуп отурдум да, акыры бир чечимге келип, тез арада Айтматовдун “ Кылым карытар бир күн” романын мектептерде окутуу боюнча бир жума бою изденип методикалык бир китепче даярдап чыктым. Ал кезде адабият теориясы мугалимдерге жакшы жете элек болчу, окутууда мугалимдер кыйналышчу. Ошондуктан адабиятты илим катары изилдөөгө мен мугалимдердин зарылдыгынан улам, муктаждыгынан улам келдим деп ойлойм. Эгер кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда иштеп, окуу программаларынын түзүүчүсү болбогонумда илимий чөйрөгө келбейт белем деп ойлойм кээде. Мына ушул адабияттагы ишмердүүлүктөрүмдүн арасынан жан-дүйнөмө эң эле жакыны – чыгармачылыгым. Көркөм туундуну жаратууда, өзгөчө майда аңгемелерди жазууда эргүү алам, эс алам кадимкидей. Соңку жылдарда чакан аңгемелерди жазып, сайттарга жарыялап жатканбыз, мына ошолорду жыйнап “Арча түбүндөгү айдың кеч” деген жыйнак түздүк. Андан сырткары эки роман жаздым кийинки мезгилде – “Сунулган баш, суурулган кылычтар” жана “Жылдыздар тараган таңда” аттуу. Экөө бири-бирине жакын, 20-жылдардагы окуяларды камтыган тарыхый темадагы романдар”. Андан сырткары жакында жарык коргөн “Алимбек датканын арманы” аттуу тарыхый романым жарык көрдү. Буюрса бул озүнчө соз кылууга арзыган чоң тема.

– Кызыктуу маегиниз үчүн ырахмат агай. Ыңгайы келген кезде сиздин тарыхый романдарынызга да кеңири кайрылабыз.