Сергей Кожемякин: Элди өтмүшү тууралуу уламыштарды ойлоп таап башкаруу оңой
«Ким өткөндү көзөмөлдөсө, ал келечекти да көзөмөлдөйт» – бул жазуучу Жордж Оруэллдин Бишкекте өткөн тегерек столдогу башкы сөзү болуп калды. Тегерек стол «Евразия» бейөкмөт уюмдардын Ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Жолугушуунун катышуучуларынын бири, кыргызстандык тарыхчы жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты Сергей Кожемякин Борбор Азиядагы бир катар тарыхый уламыштар кимге пайдалуу экендиги тууралуу ой бөлүштү.
– Борбор Азияда чыгыларылган тарых боюнча азыркы окуу китептеринин бир катары менен тааныштым, анын көбүн интернеттен табууга болот. Анан кайгылуу тыянакка келдим: биз тарыхты өзгөртүп жазуу аракетине келгенде, чындыкты бир аз бурмалап салабыз, чындыгында тарых эчак жазылып калган, бирок бир нече муун 30 жылдан ашуун убакыттан бери факт жүзүндө айрым кызыкчылыктардын айынан тарых 1991-жылга чейинкиден, биз көнүп калгандан башкача берилген шартта жашап келатышат. Эгер тезис түрүндө алсак, тарых төмөнкүдөй көрүнүүдө деп айтсак болот: «Россиянын колонизациясына чейин бул жерде жалпы өнүгүү, бейиш болгон. Андан соң катаал күндөр келди, талап-тоноо, улуттук экономиканы, руханий баалуулуктарды жок кылуу. А советтик эпоха – бул тозок десек болот, эч кандай жарык нерсе такыр болгон эмес».
Мисалы, Өзбекстанда 10-класстын Сайипжон Тиллобаевдин редакциясынын астындагы тарыхында учурдагы Өзбекстандын аймагына кирген Бухара, Кокон жана Хивинск хандыгында «жалпы билим берүү жайылтылганы» айтылат, болгондо да “бир гана балдар эмес, кыздар үчүн да». А «медицина жогорку деңгээлде» болгон. Ошол жакта өндүрүлгөн товарлар «бүтүндөй Евразиянын суроо-талабына» ээлик кылган. «Россия эзүүчү деп аталган колонизаторлорунун келиши» окуу китепте айтылгандай, «жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү чыгымга дуушарлантып, салыкты көбөйткөн, жашоо деңгээли начарлаткан». Ушунун баары «элдин каршы туруусун жараткан». Болгондо да эгерде эзүүчү колонизаторлорго «каршы туруунун улуттук-куткаруучулары» тууралуу маалыматтын көлөмүн салыштырганда, ал Улуу Ата Мекендик согуштун маалыматынан чоң. Анан улам барган сайын окуя күчөп, Совет бийлигине өтөт.
Окуучуларга Чыңгызхандын Бухараны басып алгандагы бул шаардын калкы дээрлик толугу менен кыргынга учураган окуяны, Михаил Васильевич Фрунзенин командачылыгындагы Кызыл Армиянын бөлүктөрү Бухараны басып алуусуна салыштыруу боюнча чыгармачылык тапшырма берилет. Балдарды бул бир тартиптеги эки окуя деген ойго алып келет. Ага ылайык, окуу китебинин авторлору басмачылык кыймылды улуттук-боштондук кыймылы катары мүнөздөшөт. Алар анын негизги себеби «совет бийлигинин колониялык саясаты» жана «көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр», ал эми басмачылар «Түркстан элдеринин боштондук кыймылына жаркын баракча жазышкан» деп окутушат. Алар бул тыянагын Өзбекстанга гана эмес, бүткүл Орто Азия аймагына таратат.
– Аларды «басмач» термининин өзү да түрк тилиндеги «басма» деген сөздөн келип чыкканы, ал сөзмө-сөз «басуу», «муунтуу» дегенди билдирери тынчсыздандырбайбы? Анын мааниси өзбек, кыргыз, казак тилдеринде бирдей. Эмнеге аны жок дегенде ошол жылдары эл арасында кеңири тараган, араб тилинен которгондо «ишеним үчүн күрөшүүчү» дегенди билдирген «моджахед» деген сөзгө алмаштырышкан жок?
– Ошону да жасашкан жок. Бирок «басмачылар Өзбекстандын бүгүнкү күндөгү эркиндикке жана көз карандысыздыкка жетишүүсүнө зор салым кошкон» деген баяндама менен текстти толуктоого жалкоолонушкан эмес. Мындай окуу китептеринде советтик тарых кара боёк менен толук булганды десек болот. Атүгүл хужум сыяктуу факт – совет бийлигинин жылдарындагы аялдарды боштондукка чыгаруу процесси, болжолдуу түрдө «совет бийлигине фабрикаларда жана талааларда иштөө үчүн арзан жумушчу күчү керек болгон» деп түшүндүрүлөт.
– Бирок четке кагууга же танууга мүмкүн болбогон айкын нерселер бар да. Мисалы, Орто Азиянын негизги калкынын 1991-жылга чейинки бакубаттуулук деңгээли совет бийлиги орногонго чейинкиге салыштырмалуу алда канча жогору болгон. Муну атүгүл окуучу да байкайт. Окуу китебинин авторлору согуштан кийинки тарыхты окуучуларга кандайча жеткиришкен?
– Өзбекстандыктардын «Советтер Союзунун чийки зат өндүрүп берүүчү чет жакасы» катары жашоосу жана «экономиканын бир тараптуу өнүгүшүнө» туш болушу тууралуу айтсак, бүгүнкү күндө да өнүккөн авиациялык өнөр жайы бар өлкөлөрдү бир колдун манжалары менен санап чыгууга болот. Ал эми Советтик Өзбекстанда ал бар болчу.
– Биз Өзбекстан боюнча гана кеп кылып калдык окшойт. Балким, башка постсоветтик өлкөлөрдүн мектептерде тарых сабагы башка мааниде окутулат?
– Мисалы, Казакстанды ала турган болсок, ал жакта деле картина ошол эле: Россиянын бийлигине чейин бейиш, андан кийин казак элинин жеринен ажыратылышы, жакырчылык, катаал колонизация. Совет доорунда ачарчылык. Мисалы, Канат Үскенбаевдин редакциясы астында 9-класстын окуу китебинде чындыкка дал келбеген маалымат бар: 1939-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча казактардын саны 1 млн 300 миң адам калганы айтылат, бирок чындыгында бул сан 2 млн 300 миңге барабар. Бирок чындык эч кимди деле тынчсыздандырбайт окшойт.
– Бизде, Кыргызстанда да ушул сыяктуу элеби?
– Бул жерде абал бир аз жакшыраак. Менимче, бул мурунку жылдардагы бийликтин тез-тез алмашып турушу, өлкөбүздүн евразиялык мейкиндикке көбүрөөк интеграцияланышы менен да байланыштуу, бирок тилекке каршы, бул жерде да кооптондурган процесстер бар. Эки окуу китебин салыштырып көрөлү. Биринчиси Оскон Осмоновдун редакциясы астында, экинчиси М.К.Иманкуловдун редакциясы астында. Биринчисинде «басмачылардын куралдуу күчтөрү негизинен алданган же коркутулган дыйкандардан турган, басмачылыктын идеялык шыктандыруучулары, дин кызматкерлери шарияттын ар кандай догмаларын жамынып, элди адаштырып, активдүү контрреволюциялык пропаганда жүргүзүшкөн» деп айтылат.
Иманкуловдун окуу китебинде башкача көз караш чагылдырылган: анда «жергиликтүү тургундар өзүнүн улуттук көз карандысыздыгы жана диний ишеними үчүн күрөшкө чыгышкан» деп айтылат. Ошондой эле: «басмачылардын большевизмге каршы күрөшүндөгү негизги талаптарынын бири улуттук мамлекетти түзүү болгон» деп кошумчаланган. “Кээ бир кыргыз айылдарында – деп ушул эле окуу китебинде айтылат, – геноцид актылары жасалган, көптөгөн көрүнүктүү кыргыздар большевиктердин куугунтугунан улам түбөлүккө өз Мекенин таштап кетүүгө аргасыз болушкан».
Чынында, эки окуу китебинде тең аздыр-көптүр объективдүү каралган жалгыз тема – Улуу Ата Мекендик согуш темасы, бирок ал дагы азыркы замандын идеологиясынын ишмерлери тарабынан өзгөчө курчоодо турат. Мисалы, Үчүнчү Рейхтин армиясынын коллаборационисттик бөлүмү болгон «Түркстан легионун» актоо аракеттери да бул темага доо кетирет.
– Сиз Кандай жеңиш күнүнө карата кээ бир кыргыз саясатчыларынын куттуктоолорунда Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө сөз жок экенин кандай баалайсыз?
– Ооба, биздин өлкөдө бир катар саясий ишмерлер бул терминди эмес, «Экинчи дүйнөлүк согуш» деген сөздү колдонуп, Советтер Союзунун фашисттик Германияны талкалоого кошкон салымын эске албоого аракет кылышат. Ошондой эле алар Кыргызстандын жергиликтүү эли Жеңиш үчүн өтө чоң курмандыкка барганына басым жасашат.
– Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө советтик тарыхты каралоо процесси мектеп программалары менен эле чектелеби?
– Тилекке каршы, ал муну менен эле чектелбейт. Бул чындыгында, эстеликтерди, архитектуралык курулуштарды бузууну, калктуу конуштардын атын өзгөртүүнү камтыган жалпы тенденция. Казакстанда атүгүл бул үчүн термин да ойлоп табылган: «идеологиялык жактан эскирген топонимдерди кайра атоо». Белгилей кетчү нерсе, Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин өздөрү, тарыхты кайра жазуу боюнча бул өнөктүккө катышуудан албетте, оолак болушат. Бирок коомдук мейкиндикте тиешелүү билдирүүлөрдү жасаган айрым эксперттер жана саясий ишмерлер бар.
Мисалы, Өзбекстанда бул оңчул саясатчы Алишер Кадыров кызыл тууну, жада калса орус тилин коомдук жайларда колдонууга тыюу салууну талап кылууда. Жакында эле, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында, мектептердин биринде мугалим окуучуларына «Катюша» ырын үйрөтүп жаткан учурда, аталган саясатчы жалпыга белгилүү бул музыкалык чыгарманы «империалисттик символ» деп белгилеп, бардык «советтик ырларга тыюу салуу керектигин» билдирди. Бул билдирүүдөн кийин мугалим жумуштан кетти. Биздин аймактын башка өлкөлөрүндө да ушундай инсандар бар, анын ичинде бизде, Кыргызстанда да. Бул эмнени билдирет? Мындай көрүнүштөр өзүнөн өзү, сыйкырдуу таякчаны кыймылдатып койсо эле өтүп кетет деп үмүттөнүү, жок эле дегенде, акылсыздык.
– Бирок сиз азырынча бул көрүнүшкө кантип каршы туруу керектигин айта элексиз. Бул боюнча кандайдыр бир рецептиңиз барбы?
– Биринчи кезекте, Россия Федерациясы Борбор Азияда Украинанын сценарийи боюнча окуялардын өнүгүшүнө жол бербейт деп өтө эле ишенбөө керек: постсоветтик борбор азиялык республикалар эгемендүү мамлекеттер болуп саналат жана дүйнөлүк коомчулук, өзгөчө Россияга кастык мамиледе болгон өлкөлөр, анын бул аймактын эгемендүүлүк принциптерин бир аз да бузбашын көзөмөлдөп турушат. Өзбекстандагы курман болгон жоокерлерге арналган эстеликте эмне үчүн орус тилинде жазуу жок деп тышкы иштер министри Сергей Лавров сураганда, «прогрессивдүү коомчулуктун» кандай реакциясы болгону баарынын эсинде. Тарыхый эстутумду сактоо ишиндеги жүк жана негизги жоопкерчилик бизге, тарыхчыларга жана публицисттерге, айрыкча ойлонбой айтылган сөздөр жана жасалган иштер кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүнө алган жергиликтүү саясатчыларга жүктөлөт.
Маектешкен Андрей Токомбаев.
