Бүкөн Талипова: “Алыкулдун каарманы болдум, бирок эки сап ыр жаза албаганыма өкүнөм”
21 январь

Бүкөн Талипова: “Алыкулдун каарманы болдум, бирок эки сап ыр жаза албаганыма өкүнөм”

Бүкөнтай бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Бул ырды мектепте баарыбыз жаттаганбыз. Улуу акын Алыкул Осмоновдун ушул бучук мурун Бүкөнтайы азыр 84 жаштагы байбиче. Ал кездеги 3 жаштагы кыздын эсинде Алыкул албетте сакталып калбаган, бирок уккандарын Бүкөн апа бизге айтып берди.

– Бүкөн апа, ден соолугуңуз жакшыбы? 

– Шүгүр, айланайын, кан басым деген балээ бар, ошол эле кыйнабаса, калганы жакшы. Кан басымдын айынан айылда жашай албай шаарда жашаганыма он жылдай болуп калды. 

– Улуу акын менен үч жашар Бүкөнтай кайдан жолугушуптур?

– Биз Түп районунун Ичке-Суу айылында турчубуз. Атам кичүү иниси менен согушка кетет. Эң кичүү карындашы 15-16ларда экен. Колхоздун башкармасынын аялы төрөбөй, ал эжемдин колун мурун эле сурап жүрчү тура. Анан ФЗУ деген чыгыптыр, кыздарды адистикке даярдай турган мектеп окшойт. Ошол жакка алып кетебиз деп борбордон кишилер барганда чоң энем кызын жөнөтпөйм деп башкармага берип коюптур. Мени Алыкул ошол башкарма жездемдин үйүнөн көрүптүр. Ал кезде Ысык-Көлгө көп каттап, барган сайын башкармалар үйлөрүнө чакырып коноктошчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде биздин жездебиз чакырып, эжем аларды тосуп, бизди да чакырган экен. Мен дайыма чоң энем менен жүрчү экенмин, адатымча ээрчип барып калыптырмын. Ошондо Алыкул колумдан жетелеп ары-бери ээрчитип, устуканын мага бергенин ошол Жамаш эжем айтып жүрчү. 

– А сизге арнап ыр жазганын качан уктунуз?

– Ыр жазганын Жамаш эжем айткан эмес, ал деле билбесе керек го. Бул тууралуу кийин эле өзүмдүн кызым айтты. Ал Большевик айылында мугалим эле, көзү өтүп кетти. “Бүкөнтай” ырынын тарыхы китепте жазылыптыр. Биздин айылдын аты жазылып турат дейт. Кызым үйүнө чакырып башка мугалимдер да келип жолугушуу кылган. Кийин мектепте иш-чара уюштурушуп чакырышканынан бара алган жокмун.

– Ырда кыздын атасынын согушта өлгөнүн билбей күтүп жүргөнү тууралуу айтылат. Атаңыз согуштан кайтпай калды беле?

– Атама кара кагаз келген экен. Бирок чоң энем “менин балам өлгөн жок. Ал келет! Жаман сөзүнөрдү укпайын” деп угузганы келе жаткан адамдарды сүйлөттүрбөй, кара да кийбей коюптур. Эненин жүрөгү сезсе керек го. Айткандай эле согуш бүткөндөн кийин, 1946-жылы атам кайтып келген, Власовдун армиясында болгон экен. Келе жатканда чоң энемдин алдынан тосуп чуркап баратканы азыр да көз алдымда. Атам кийин эле 1985-жылы өттү.

– Ар убак абалары ырдап кой дейт, Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет,-деп сиздин ырга шыктуу экениңиз айтылган ырда. Азыр деле ырдайсызбы?

– Ал кезде согушту түшүнүп коюппузбу, “атакем эрте келсе экен, согуш батыраак бүтсө экен” маанисиндеги ырым болчу экен. Жамаш эжем: “Сенин бул ырыңды айылдын баары билер эле, ырдаганыңда эле тунжурап отуруп калышчу”,-деп айтар эле. Баланын баары эле ырдайт эмеспи, кийин кайдагы ыр, ырдаган деле жокмун. 

– Алыкулдун каарманы болуп калганыңызга сыймыктанасызбы?

– Ошол эле Жамаш эжем: “Сен акын болушуң керек эле, Алыкул Осмоновдун алдына отуруп шорпо ичип, жилигин жегенсиң”,-дей берчү. Ошонусу эле калбаса, эки сап ыр жаза албадым. Анан эмнесине сыймыктанайын? Жок дегенде куранымдын сообу тийсин деп жыт чыгарып куран окутуп турам. Үй-музейине барып турам. Жакында да “куран окутуп койгула” деп тамак-ашымды китепканага берип келдим. 

– Өзүңүз жашооңузда эмне менен алек болдуңуз?

– Мектепти бүтүп Фрунзеге университетке өткөм. Келгенде эле бир күн окутпай Ошко пахта тергени алып кетип калышты. Пахтаны өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Баарыбыздын колдорубуз жара болуп, сары киши меники өзгөчө ырбап кетти эле кайра айылга жөнөтүштү. Анан эле турмушка чыгып, ошону менен пахта да калды, окуум да калды. Он үчтү төрөдүм. Балдарды чоңойтуп, ал арада колхоздун чөбүн чаап өмүрүм өтүп кетти. Азыр балдарымдын төртөө жерде, абышкам да өтүп кеткен. Кан басым деген балээ баарыбызда бар экен. Ушул оорунун айынан бир балам башынан операция болду, дагы бир балам майыптыкка чыгып ишке жараксыз болуп калды. КамАЗ айдачу, эми иштегенге болбойт экен. 50гө келип да үй алганга жетишпей калды. Келинимдин пол жууп тапканын батирдин акысына төлөп, балам экөөбүздүн пенсиябызга тиричилик кылып отурабыз, айланайын. Алыкулдун арбагы колдоп өзүбүз үйлүү болуп калсак дегенде эки көзүбүз төрт. 

– Кайгарбаңыз, апа. Ал күн да келет буюрса. Эң негизгиси ден соолукта болуңуз, көп жашаңыз! Маегиңизге рахмат!