Медетбек Азыков: Жумуш берүүчүлөр менен кызматташуу аркылуу мамлекет эң курч социалдык көйгөйлөрдүн бирин чечүүдө
7 апрель

Медетбек Азыков: Жумуш берүүчүлөр менен кызматташуу аркылуу мамлекет эң курч социалдык көйгөйлөрдүн бирин чечүүдө

Кыргызстанда жумушсуздук – чечүү эң оор болгон өнөкөт көйгөйлөрдүн бири. Бул маселени мамлекет ишкерлер менен кызматташуу аркылуу кантип чече алат? Ушул суроонун тегерегинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Медетбек Азыков пикирин билдирип, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

– Башкармалыгыбыздын 2024-жылдагы  ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, биз өткөн жылы жумуш издеген 362 жаран катталганын эсептедик. 2023-жылы 166 адам катталган болчу. Ал эми үстүбүздөгү жылдын эсеби боюнча, бизде 172 жумушсуз каттоодо турат, бирок март айына карата алардын 52си ар кандай ишканаларга жана уюмдарга жумушка орношконуна байланыштуу каттоодон алынды.

– Сиздин айтканыңызга караганда, расмий каттоого алынган жумушсуздардын саны районуңуздарда өсүп жатыптыр. Жумушсуздук көйгөйүн ийгиликтүү чечүүгө кандайдыр бир ыкмаңыздар барбы?

– Албетте, андай ыкма бар. Ал бизде эбактан бери колдонулуп жатат жана жыйынтыгы начар эмес. Жумуш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү бекемдөөнү ишмердүүлүгүбүздүн приоритеттүү багыты катары карайбыз. Биздин жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүбүз өткөн жылы май жана июль айларында вакансиялар жарманкесин өткөрдү. Ага Ысык-Ата районундагы жетиден ашуун ишкана, уюмдар катышты - «Кант ТШП» ЖЧК, «Кыргызтелекомдун» Чүй облустук филиалы, Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, «Кант цемент заводу» ААК, «Монтажник» ЖЧК, «Аталык групп» ААК, «Кант Курулуш» ЖЧК ж.б. Бул иште кесиптик билим берүү мекемеси абдан жакшы жардам көрсөттү. Айта кетсек, 25- жана 6- кесиптик лицейлери. Жумуш берүүчүлөр тарабынан 95ке жакын вакансия жарыяланган, жумуш издөөчүлөргө 47 багыт берилди. 7 адам «Абдыш-Ата» ЖЧКсына, “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына, «Кант ТШП» ЖЧКсына жумушка орношту.

– Райондо жумуш издеп кайрылган жарандардын негизги контингентин кимдер түзөт?

– Биринчи кезекте, булар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ошондой эле билим берүү мекемелеринин, орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, жаштар, жалгыз бой аялдар. Мигранттардын арасында да муктаж болгондор бар, башка өлкөлөрдөн бизге, тарыхый мекенине туруктуу жашоого көчүп келген этникалык кыргыздар – кайрылмандар өзүнчө тайпага кирет.

– Мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен төлөнүүчү коомдук жумуштарга вакансия берүү жумушсуздук маселесин канчалык деңгээлде чечет?

– Аталган бөлүм жумушсуз жарандарды каалоосуна жараша акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберет, ал үчүн айына 1800 сом өлчөмүндө маяна төлөнөт, ал эми жумуш берүүчүлөр айына 2 миңден 6 миң сомго чейин төлөшөт. Өткөн жылы мындай тейлөөлөргө 52 адамды тарттык. Алар Нурманбет, Узун-Кырк айыл аймактарындагы жана Новопокровка айылындагы калктуу конуштарда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жасашты.

Жыл ичинде мындай иш чараларга жалпысынан 159 адам тартылды, жумушка орноштуруу активдүү саясатынын бардык иш чараларына кеткен чыгым 956 миң 900 сомду түздү. Кесиптик билим берүүгө 859 миң 900 сом кетти, анын 751,5и окуу процессинин провайдерлерине төлөндү. Акыл төлөнүүчү коомдук иштерге кеткен чыгым 92 миң 400 сомго жетти.

– Бүгүнкү күндө сиздерде канча бош жумуш орундары бар? Кандай кесиптин адистери суроо-талапка көбүрөөк ээ экенин айта аласызбы?

– Биздин адистер берген маалыматка караганда, бул жылы райондогу 20 ишканада 150дөн ашуун актуалдуу вакансиялар бар.

– Ысык-Ата районунда кандай адистиктер боюнча кесиптик билим алууга болот? Жумушсуз жаштар кайсы кесиптерди тандашат жана аларга окууну аяктагандан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү барбы?

– Бизге кайрылган жарандарга, эгерде алардын кесибине ылайык жумуш табылбаса же кесиби жок болсо, анда кыска мөөнөттүү курстарда акысыз билим алууну жана кесибин өзгөртүүнү сунуштайбыз. Жумушсуз жарандар, айрыкча жаштар кесип тандоодо аймактын эмгек рыногунда суроо-талап көп болгон адистикке басым жасашат.

Ушул мезгил ичинде эмгек рыногунун активдүү саясатынын бул түрүнө 39 адам тартылды, анын 59%ы жаштар, бул 23 адамды түзөт. Окутуунун негизги провайдерлери болуп Кант шаарындагы №25, Бишкектеги №98, Милянфан айылындагы №56 кесиптик лицейлер эсептелет, анда кайрылган жарандарга эмгек рыногунда талап кылынган 24 адистик боюнча 1 айдан 3 айга чейинки кыска мөөнөттүү курстарда окуудан жана кайра окуудан өтүү сунушталат. Учурда 39 жумушсуз жаран, анын ичинде 23 жаштар электрогаз ширетүүчү, токарь, жасалгалоо-курулуш иштеринин мастери, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер, ашпозчу-кондитер, тигүүчү, тырмак сервис мастери сыяктуу  суроо-талап көп жети кесип боюнча окуудан өтүшүүдө. Социалдык кепилдиктер сакталууда: провайдерлерге окутуунун наркы, а жумушсуз жарандарга окуу мезгилинде стипендия төлөнөт. Окууну аяктагандардын ичинен 17 адам жумушка орношту, алардын 16сына алган кесиби боюнча жумуш табылды.

– Райондо кандайдыр бир стажировка программаларын өткөрөсүздөрбү?

– Сиз абдан актуалдуу суроо бердиңиз.  КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №404  буйругун жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 8-августундагы «Пилоттук региондордо жаштардын стажировкасын уюштуруу жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында, өткөн жылдын 18-ноябрынан баштап биздин башкармалык эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүндө жумушсуз катары каттоодо турган 16 жаштан 35 жашка чейинки жаштарды кабыл алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми март айынын аягына карата райондун 10 ишканасы жаштарды практикага алууга даяр экендигин билдиришти. Алар менен үч тараптуу келишимдер түзүлүп, жумушсуз жаштардын арасынан 31 адам жаштардын стажировкасынан өтүүгө жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө 16 адам жаштардын стажировкасын аяктап, жумушка орношту, 7 стажер райондун ишканаларында стажировкасын улантууда, 6 адам стажировкасын аяктады, бирок ар кандай себептер менен азырынча жумушка орношо элек. 2 адам үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу стажировкасын токтотту.

– Өткөн жылдагы социалдык келишимдин жыйынтыгы кандай болду? Канча адам жана кайсы багыттар боюнча сиздердин жардамыңыздар менен өз бизнесин ачты, кандайдыр бир жаңы, адаттан тыш идеялар болдубу, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-июлундагы №385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча иш алып баруудабыз. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылы Ысык-Ата районуна 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө, ал эми 2023-жылы 51 үй-бүлөгө квота бөлгөн. Өткөн жылы ал 138 үй-бүлөгө чейин көбөйтүлүп, анын ичинен 18 адамды Дүйнөлүк банк, ал эми 120 үй-бүлөнү республикалык бюджет каржылаган. «Социалдык контракттын» негизинде социалдык жардам айыл чарбасын жана транспортту өнүктүрүү, курулуш, скважиналарды бургулоо, жада калса сулуулук индустриясы сыяктуу ишмердүүлүктүн түрлөрүнө бөлүнгөн. Жалпысынан эки жылдын ичинде «Социалдык контракттын» катышуучуларынын жалпы саны 245 адамды түздү.

– «Социалдык контракттын» ишке ашырылышынын үч жылын жыйынтыктап жатып, сиздин районуңуздагы ишкерлер туруктуу, стабилдүү жумуш тапты деп айта аласызбы? Канча жумуш орду түзүлдү? Жергиликтүү бизнес кеңейдиби?

– Жакында эле «Социалдык контракттын» негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөргө биргелешкен мониторинг жүргүздүк. Ошондо эң туруктуу кирешени негизинен, тигүүчүлүк, өсүмдүк өстүрүү, курулуш, такси, сулуулук индустриясы сыяктуу ар кандай тейлөө көрсөтүү тармагы алып келерин аныктадык. Ал эми бизнести ийгиликтүү жүргүзүүнүн эң сонун натыйжасы катары районубуздагы кондитер Сабатар кызы Жаркынайдын мисалын келтире алам. Ал 2023-жылдагы программаларыбыздын биринин катышуучусу, өткөн жылы «2024-жылдын мыкты кондитери» наамына татыктуу болду. Ал төрт жашы жете элек баланын энеси, мурда «Үй-бүлөгө көмөк» линиясы боюнча 4 миң 800 сом өлчөмүндө жөлөк пул алып келген, бирок бүгүнкү күндө Бишкекте «Ласточка» кафетерийин ачып, ал жерде кондитердик азыктарды сатып иштейт.  Андан сырткары үйлөнүү үлпөтүнө ылайыктуу жана башка тортторду, пирожныйларды жасоого буйрутмаларды кабыл алат.

– Райондо «Социалдык контракттын» канча катышуучусу жеңилдетилген насыя алды жана аны бизнестин кайсы түрүнө жумшады?

– КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы №390 токтомун аткаруу максатында, Ысык-Ата РУТСОМ тарабынан 2022-2023-жылдары социалдык жардам алган «Социалдык контракттын» бардык катышуучуларына 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыялар берилиши жөнүндө маалымат жеткирилген. «Социалдык контракттын» катышуучуларына насыя берүүнүн тартиби менен шарттарын түшүндүрүү максатында, биз эки банктын – «Элдик банк» жана «Айыл банктын» өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүк. Учурда Ысык-Ата районунда жалпысынан 6 катышуучу «Элдик банк» аркылуу мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя алышты. Анын ичинен бир катышуучу 200 миң сом, төртөө 100 миң сомдон жана дагы бири 50 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алышты. «Ачка кишиге балык берсең, бир эле жолу ток болот. Бирок ага кайырмак берип, балык уулоону үйрөтсөң, анын ачкачылык көйгөйүн биротоло чечесиң» деген жакшы сөз бар. Бизге кайрылгандардын баарына дал ушундай жардам берүүгө аракет кылабыз, бул үчүн жөндөмдүү жана эмгекчил жумушчуларга кызыкдар болгон иш берүүчүлөрдү тартабыз.

 Маектешкен Андрей Токомбаев