Ислам Турдыев, пара сууда сүзүү боюнча КР курама командасынын башкы машыктыруучусу өз кесибинин баалуулуктары тууралуу
Ислам Турдыев – Кыргыз Республикасынын пара сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ал эки жогорку билимге ээ жана 2023-жылы пара сууда сүзүү боюнча мыкты машыктыруучу болгон. Турдыев өзгөчө муктаждыктары бар балдарды машыктырат жана алар үчүн жөн гана насаатчы эмес, ошондой эле спортто ийгиликке жетишүүгө дем берген, кээде бардык сыйлыктардан да маанилүү болгон жашоого болгон табитин ойготкон досуна айланды. Ислам Турдыев кантип сууда сүзүү боюнча машыктыруучу болуп калганы жана кесибинин баалуулуктары тууралуу Караван-Инфого айтып берди.
– Ислам Пархатович, спорттун бул түрүнө кантип келип калдыңыз?
– Балачагымдан эле сууда сүзүү менен алектенчүмүн. 18 жашка жакындап калган кезимде куткаруучу болуп ишке орноштум, ага катар балдарга сууда өзүн кантип туура кармоо керектигин аз-маз көрсөтүп койчумун. Ата-энелер анымды байкап калышып, балдары менен иштешүүмдү суранышты, ошентип, машыктыруучу болуп калдым.
– Кандай билимиңиз бар?
– Эки жогорку билим алгам: адаптивдик дене тарбия боюнча жана сууда сүзүү боюнча машыктыруучу. Бир илимий макала жана эки илимий байкоо жазгам.
– Эмне себептен майыптуулугу бар балдардын машыктыруучусу болууну чечтиңиз?
– Бир жолу мага өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар бала келди. Башында аны менен кантип туура иштөө керектигин билбегем, бирок байкаштыруу кызыктуу болду – маалыматтарды издедим, өзгөчөлүктөрдүн түрлөрү тууралуу окудум, машыктыруунун ыкмаларын караштырдым. Ошентип жатып ишимдин биринчи жыйынтыгы пайда болду. А биздин чакан шаарда «сарафан радио» тездик менен иштеди – мага кайрылгандар көбөйө баштады.
– Сиз азыр машыктырып жаткан балдар кандай диагноздорго ээ?
– Азыр ишимдин негизги багыты – бул таяныч-кыймыл аппаратынын өзгөчө муктаждыктары бар балдар, бирок ошондой эле Даун синдрому жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдар менен да иштешем.
– Өзгөчө балдар менен иштешүү кыйын болсо керек, психолог болууга да туура келеби?
– Учурда мени спорттук психология кызыктырып жатат. Бир гана бала эмес, анын ата-энеси менен да мамиле куруу билүү керек. Көбүнчө алар “гештальтты жабуу” үчүн гана келишет, иши кылса бала бирдеме менен алектенсин деп. Так максаты болбошу деле мүмкүн. Мен алар менен чогуу так максатты табышып, чындыгында эмне маанилүү жана алардын каалоосу эмнеде экенин түшүндүрүүгө аракеттенем.
– Сиз машыктыруу боюнча өзгөчө ыкма колдоносузбу?
– Машыктыруучу катары менин өзгөчөлүгүм жеке мамиле кылуу жана талап коюу болсо керек. Мен балдарды “кадимки” жана “өзгөчө” балдар деп бөлбөйм, ар бири өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша машыгат жана ар бирине чын пейилден сый-урмат менен мамиле жасоого аракеттенем.
– Балдарды бир гана машыктыруу эмес, аларды жеңишке, болгондо да бир гана спорттогу эмес, жашоодогу жеңишке үндөө абдан маанилүү деп эсептейм. Сиздин практикаңызда майыптуулугу бар балдар ийгиликке жетишип, жашоосу жакшы нукка бурулган позитивдүү учурлар болду беле?
– Андай окуялар көп. Мисалы, мага сууга сүзүүгө майыптуулугу бар бала келчү, өткөөл курагында депрессия, апатия башталды, өзүнө кол салгысы келди. Ошондой маалда кимдир бирөөдөн колдоо издеп, мага телефон чалыптыр. Ал өзүн өлтүргүсү келээрин айтты. Биз узакка сүйлөштүк, мен туура сөздөрдү тандап, анын жашоого болгон кызыгуусун ойготууга, аны колдоого жана мотивация берүүгө аракеттендим. Баары жайына келди. Кийинчерээк ал бир гана менден колдоо күткөнүн айтты. Учурда дагы менде машыгып жатат. Чоңойду, иштейт, жеке жашоосун түптөдү, кыскасы, баары жакшы. Ага жардам бере алганыма кубанам.
– Кесибиңиздеги кыйынчылык жана баалуулук эмнеде?
– Башкы кыйынчылыктардын бири – үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн баарына физикалык активдүүлүк – бул бир гана дененин саламаттыгы эмес экенин жеткирүү. Бул психика, өзүн өзү баалай билүүчүлүк, жашоону толук кандуу сезип-таануу. Кээде үй-бүлө муну дароо түшүнбөйт, качан гана баласы өзгөрүп баштаганын көргөндө чыныгы түшүнүүчүлүк келет.
А эң чоң баалуулук – бул кыязы, спорт аркылуу биз өзгөчө балдарды да социалдаштырууга болоорун, алар коомдун толук кандуу мүчөсү экенин жана спорттук максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин көрсөтүп жатканыбыз болсо керек.
– Кыргызстанда майыптуулугу бар балдар менен иштешкен машыктыруучулар абдан аз. Сиздин көз карашыңызда, эмнеге мындай таңкыстык жаралууда жана акыбалды кантип өзгөртүүгө болот?
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өзгөчө балдарды сууга сүзүүгө үйрөтүү жана реабилитация популярдуу боло баштады. Чынын айтсам, көптөн бери тенденцияны, өлкөбүздө кадрларга байланышкан абалды байкай элекмин, бирок жооп берейин: профессионалдар көбөйүшү үчүн жумушка, билимге өзгөчө адамдарды тартышыбыз керек, бир гана алар майыптуулугу бар адамдар кандай жолдон өтүшөөрүн жакшы билишет.
