
Жаңыл Алыбаева: Кыргызстандын тарыхында аялдар ар дайым негизги ролдо болуп келген
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа демилгеленген. Бүгүн “БУУ-Аялдар” Түзүмүнүн аталган программасынын координатору Жаңыл Алыбаева менен программанын алкагында эмнелер жасалып жаткандыгы жана жалпысынан Кыргызстандагы аялдардын лидерлиги тууралуу сөз кылабыз.
– Кыргызстанда гендердик саясат, 100 жылдан бери келе жаткан аялдар кыймылы бар. Эмне үчүн бүгүнкү күндө аялдардын лидерлигин өнүктүрүү маселеси актуалдуу болуп калды?
– Кыргызстанда 2008-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик кепилдиктер, эркектер менен аялдардын бирдей укуктары жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде гендердик саясат орун алган. Бирок бул мыйзамдын бардык жоболору тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгилей кетүү керек.
Андан тышкары, ар бир үч жылда коомдун бардык чөйрөлөрүн камтыган гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыгат.
Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн өнүгүшүнө, гүлдөшүнө аялдардын салымы ар дайым чоң. Бирок олуттуу ийгиликтерге карабастан, аялдардын саясаттагы жана ишмердүүлүктүн башка чөйрөлөрүндөгү потенциалы мурдагыдай эле толук кандуу ачылбаган бойдон. Буга байланыштуу учурда аялдардын лидерлигин өнүктүрүү маселеси бар, биздин алдыбызда бул процессти илгерилетүү жана аялдардын чечимдерди кабыл алуу процессине, атап айтканда, мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтарга көбүрөөк катышуусун камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү милдети турат.
– Аялдардын лидерлигинин деңгээли өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир береби?
– Ооба, таасир берет. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү калктын аялуу катмарын социалдык коргоо маселелерин чечүүдөн көз каранды. Аялдар эреже болуп калгандай, социалдык маселелерди чечүүгө көп көңүл бурушат. Ошондуктан, социалдык блокко жооптуу жетекчилердин орун басары болуп көбүнчө лидер аялдар дайындалышат.
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдардын лидерлигин өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр кездешет?
– Учурда КР мыйзамдарында парламентте жана жергиликтүү кеңештерде аялдарга квота каралган. Бирок бул нормаларды практикалык ишке ашыруу кыйынчылыктарга дуушар болууда, саясий чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролу чектелүү бойдон калып жатат. Аткаруу жана сот бутактарында аялдар үчүн квота белгиленген эмес. Аялдар мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчилик кызматтарга жакшы көрсөтүлбөйт.
Аткаруу бийлигиндеги саясий туруксуздук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн бат-бат алмашуусунан көрүнүп турат. Тапшырылган кызматтарга кадрларды тандоонун жана дайындоонун эффективдүү жана так механизмдери жок. Мындан тышкары, кадрлардын институционалдык эс тутумун сактоо жана улантуу маселелери эске алынган эмес.
Резервдерден кадрларды тандоо үчүн талапкерлерди сунуштоо маселесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан каршылык көрсөтүлүп жатат же жетишсиз колдоо көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле аялдардын лидерлигинин маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган программаларды каржылоо жетишсиз. Мындан тышкары, аялдардын саясий турмушка жана башка чөйрөлөргө активдүү катышуусуна маданий жана социалдык стереотиптерге байланыштуу тоскоолдук кылган жагдайлар бар.
– Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бул тоскоолдуктарды жеңүүгө кандай жардам берет?
– Мамлекеттик программанын стратегиялык максаты – өлкөнүн саясий турмушунда аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдардын ресурстарга бирдей жетүүсүнө жана башкаруунун бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алууга катышуусуна шарттарды түзүү.
– Бул программанын алкагында ушул убакка чейин эмнелер жасалды?
– Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилик кызматтарына зарыл квалификациясы бар аялдарды кошкондо, лидер аялдардын атайын резерви түзүлүүдө. Ошондой эле «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты, «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профили боюнча магистратуранын окуу пландары иштелип чыгып, бекитилген. Мындан тышкары, атайын кадрдык резервдеги лидер аялдардын профессионалдык потенциалын жогорулатуу жана алардын башкаруу жөндөмүн жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү максатында сынактык тандоо жүргүзүлөт.