Рамис Жумабеков, блогер: “Чоң апамды багуу кезеги эми мага келди”
Жаштардын көбү өз жашоосун куруп, карьера жасап жүргөн бүгүнкү күндө 25 жаштагы Рамис күн сайын чоң апасынын жанында. Ал тамак жасайт, апасын жуунтат, кийинтет, дарысын убагында берет. Рамис үчүн бул жумуштар кыйын эмес. Анткени кичинекей кезинде ата-энеси эки жакка кеткенде аны бооруна басып, мээримин төккөн адам дал ушул чоң апасы болгон. «Мени чоң апам баккан. Эми багуу кезеги мага келди», – дейт ал. Рамистин окуясы көптөрдү ойлондуруп, жакындарыбыздын баркын тирүүсүндө билүүгө үндөйт деген ишенимдебиз.
– Рамис, саламатсыңбы? Социалдык тармактарда сени 87 жаштагы чоң апасын өз колу менен багып жүргөн мээримдүү небере катары таанып жатышат. Алгач өзүң тууралуу айтып берсең.
– Менин атым Рамис . Чүй облусуна караштуу Чуй районундагы Кара-Ой айылында 2001-жылы туулгам. Ошо жакта чоңоюп-өстүм. Мектепти кошуна айылыбыздагы Ы.Борончиев атындагы орто мектептен окуп, 2018-жылы ийгиликтүү аяктадым.
– Чоң апаң сени кичинекей кезиңден өзү багып чоңойтконун айтып жүрөсүң. Ал сага кандай мээрим берди?
– Кичинемде ата-энем ажырашып кеткенде мен чоң апамдын колунда калгам. Эң кичүү уулунун улуу баласы болгонум үчүнбү, мага өзгөчө жакын эле. Албетте, өзүңдүн ата-энеңден алган мээрим башка, бирок чоң апам мени колунан келишинче эркелетип, ошол эле убакта катуу кармады. Ойногону эшикке деле көп чыгарчу эмес. Бирок көптөгөн иштерди кылганды, өзүңө тың болосуң деп 1-2 класстарда окуп жүргөндө эле уй сааганды, сырттын, үйдүн жумуштарын кылганды үйрөттү.
– Чоң апаң ооруп калганда "аны өзүм багам" деген чечимди дароо эле кабыл алдыңбы?
– 2023-жылы апама туберкулёз деген диагноз коюшту. Башында ооруканада өзү эле дарыланып жаткан, бир жолу өз өмүрүнө кол салып асынганга аракет кылыптыр. Ошондо врачтар жанында такай бирөө болуп караш керек экенин айтышты. Өзүнүн уул-кыздарынан эч ким жоопкерчилик алгысы келбеди, оору жуктуруп алуудан коркушту. Билбейм, менде ошол маалда негедир андай коркунуч болбоптур, бардык жумуштарымды, пландарымды токтотуп, “мен карайм” дедим. Ошентип алты ай чоң апам менен кургак учук ооруканасында чогуу жатып, Аллахымдын шыпаасы менен толук айыгып чыктык.
– А Альцгеймер диагнозу качан коюлду?
– Бул оорунун белгилери былтыр кышында башталган. 3-4 күн бою такыр уктабай түнү ары-бери басып жүрө берчү. Анан көзү өтүп кеткен адамдар менен сүйлөшө баштады. Альцгеймер деген оору тууралуу буга чейин билчү эмесмин да, карылыктан ушундай болуп жатат го деп ойлодум. Анан эжекеме чалып айтсам “невропатолог, психотерапевттерге алып бар” деди. Алар ушундай диагноз коюшуп, дарыларды жазып беришти. Азыр жакшы, бирок кээде кармап турат.
– Азыр чоң апаңды багуудагы күнүмдүк жашооң кандай өтөт? Бир күнүңдү сүрөттөп берсең.
- Апамды карап отурганыма билинбей эле быйыл 3 жыл болуп калыптыр. Ошондон берки ар бир күнүбүз окшош. Эртең менен туруп, тамагын берип эле атайын көнүгүүлөрүн жасатам. Андан кийин жуунтуп, кийимдерин алмаштырып, үйдү жыйнайм. Түшкү тамагын берип, уктаганда 2-3 саатка көчөгө чыгып жумуштарымды бүтүрөм, машыгууга барам. Кечинде сыртка алып чыгып бастырам. Бул жөнөкөй оорулардан эмес. Кээде мени да тааныбай калат. Кылган нерселеринин баарын унутуп коёт, мени уруп жатат деп ыйлайт, ар кандай нерселер болот экен. Караган адамга моралдык жактан оор эле болот. Ошентсе да апамдын амандыгына шүгүр кылам.
– Түйшүктөн чарчаган учурларың да болобу?
– Мурун билинчү эмес, оорусу пайда болгондон бери бир аз кыйынчылыктар болуп атат. Апам 3-4 күндөп уктабай калган учурларда менде да чарчоо, уйкум канбай стресске кабылган учурлар болот. Менин жашымдагы балдар иштеп, үй-бүлө куруп, үй, машина алып жатышат деп ойлоно берем. Ошондой учурларда катталуучуларымдан келген каттар мага дем-күч берет. “Азыр менин апам тирүү болсо бардык жумушумду токтотуп, жанында болуп кызматын кылмакмын” деген каттарды окуганда кайра өзүмө ыраазы болуп кетем.
– Меккеге да алып барып келген экенсиң...
– Ооба, кичинемден эле апамды Меккеге алып барам деген ниетим бар болчу. Тилекке каршы, мен жаңы эле окуу жайды бүтүп, иштегенге үлгүрө электе апам ооруп калды. Ошондон улам бул тилегим ишке ашпайт окшойт деп ойлогом. Бул оюмду инстаграмга жарыяладым. Ошондон бир ай өтпөй мага Ayat Umra Travel компаниясы байланышып, бул кыялымды ишке ашырып берерин билдирди. Алгач ишенген жокмун, бирок ошол компаниянын колдоосу менен эртеси эле апам экөөбүз Меккеге учуп кеттик. Мага ошол мүмкүнчүлүктү бергенине Кудайыма миң мертебе шүгүр келтирем, апам экөөбүз 11 күндүк Умра сапарына барып келдик. Апам кадимкидей оорусунан айыккансып, өзүн жакшы сезип келди.
– Азыркы учурда карылар үйүндө кыргыз ата-апалар көбөйүп кетиптир. Сен буга кандай карайсың?
– Ооба, мен да муну карылар үйүнө барып өз көзүм менен көрүп келдим. 6-февраль туулган күнүмдө карылардан бата алайын деп тамак-аш, керектүү буюмдарын алып барып келгем. Ошондо кыргыз ата-апаларды көрүп абдан жүрөгүм ооруду. “Бизди багып, чоңойтсо. Анан минтип оокат кылганды билип алгандан кийин ата-эненин кереги жок болуп калабы?” деп ойлоп жаман болдум. Мен апам экөөбүздүн жашообузду социалдык тармактарга чыгарып, блог алып барганымдын бирден бир себеби да ушул. Башкаларга үлгү болуп, ата-энени уулу болобу, кызы болобу, мен сыяктуу жакшынакай кылып бакса болот деген нерсени жеткиргим келет. Алар карып бизге муктаж болуп жатканда калтырып кеткенибиз туура эмес. Апамдын биринчи жолу оорусу кармаганда өзүмдүн да нервим чыңалып, кан басымым көтөрүлүп ооруп калдым. Ошондо врач: “сен али жашсың, өзүңдү ойло. Апаңды өз балдарына бер, эч ким жок болсо карылар үйүнө өткөр”- деп айтты. Ал деле мени ойлоп айткандыр, бирок мен андай жолго эч качан бара албайм.
– Чын эле өзүнүн канча баласы бар? Алар да каралашабы?
– Апам сегиз бала төрөгөн экен, азыр алардын үчөө эле бар: эки кыз, бир уулу. Бирок алардын баары чет жакта иштешет. Буюрса жылдын аягы менен эжекем менен атам келет.
– Өз жумуштарың менен алек болгондо үйдө апа менен ким калат? Негизи эле силерди материалдык жактан ким каржылайт?
– Үйдө камера бар, жумуштарым менен көчөгө чыкканда курсагын тойгозуп, столдун үстүнө тамак-аш калтырып кетем, өзү кирип-чыгып жей берет, мен телефон аркылуу баарын карап турам. Шаарда башка неберелери деле бар, бирок жоопкерчилигин өз моюнума алган соң аларга деле түйшүк жараткым келбейт. Кээде “иштериңди бүтүрүп ал, биз карап турабыз” деп өздөрү сунуштап калышат. Бирок оорусу кармаганда такыр эч жакка чыкпай үйдө болом. Ал эми каржылоо жагынан айтсам, блогума анча-мынча реклама түшө баштады. Көбүнчө атам, эжекем акча салып турушат.
– Жаш жигит катары бул жоопкерчилик жеке жашооңо, жумушуңа, келечек пландарыңа тоскоол болбойбу?
– Жогоруда айтып өткөндөй, апам ооруп калган жылы жогорку окуу жайды аяктап, жумушка орношкону жаткам. Бирок бардык жумуштарымды, пландарымды экинчи планга жылдырдым. Карыган убагында калтырып, өзүмдүн кызыкчылыгымды ойлоп кете алган жокмун. Буюрса, менин келечегим алдыда, ар бир нерсенин өзүнүн убакты-сааты болот эмеспи.
– Өз ата-энең менен мамилең кандай?
– Атамды башынан эле байкедей көрүп калдым. Апам менен катышчу эмесмин, жакындан бери эле сүйлөшүп баштадым. Жакшынакай үй-бүлөсү, ини-карындаштарым бар экен. Алар менен да телефон аркылуу сүйлөштүм. Буюрган күнү жолугушуп да калармын...
