Алгачкы студенттик күнүңүз эмнеси менен эсиңизде?
Мектепти аяктап жогорку окуу жайдын каалгасын кагып, босогосун аттаганда сөзсүз кызыктуу окуяларга туш болот эмеспизби. Атактуулардын алгачкы студенттик күндөрүнүн сүртүмдөрү менен бөлүшүүнү тура көрдүк.
Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: «Алгачкы экзаменге килейген китепти көтөрүп киргем»
Менин студенттик күндөрүм 1992-1997-жылдарга туш келди. Алгач студент болгон күнүм эч качан унутулбайт. Мен Стамбул университетинин Токой чарба факультетине тапшырдым. Эң алгачкы эле экзаменге килейген, биздин Манас китебибизге окшогон калың, сырты кызыл орусча-түркчө сөздүктү көтөрүп кирип алгам.
Киргенде эле, Файик Ялтырык деген профессор: “Балбак бул эмне?”-деди эле: “Сөздүк. Түрк тилин жакшы үйрөнө элекмин, ошон үчүн көтөрө кирдим”, – дедим камаарабай. Профессорлор күлүшүп, ичин ачып бир сыйра текшерип көрүштү да, “мейли эми, сага уруксат” дешти.
Ошентип жанагы калың китепти бир жыл бою экзамендерге көтөрүп кирип жүрдүм. Ошондон киийн гана: “Балбак, болду эми, сен түрк тилин эне тилиңден жакшы билип калдың”, – дешип уруксат бербей калышты.
Канатбек Шабдалиев, актёр: “Эки баланын ортосунда жандуу СМС болгом”
1995-жылы Кыргызстандан он бештей таланттуу баланы Казакстандын Алматы шаарындагы Темирбек Жургенов атындагы театр жана кино өнөр академиясына алып кетишти. Батырбек Шамбетов, Болот Акматов, Аскат Сулаймановдор болуп бирге барып жатаканага жайгаштык. Мына сага, анан студенттик күндөр башталды. Ал кезде салмагым 42 кг, атка жеңил тайга чак эң элпек бала мен болчумун. Окуу жаңы башталганда эле бир мугалим: “Шабдалиев, баланча жерге барасың, бир баламды мектепке жеткирип, экинчисин бакчадан алып үйгө барып чай ичип отуруп тур” деп сабактан кетирип жиберди. Дагы бири дачасын тазалатты. Айтор, мени көргөндөр эле жумшагысы келе берчү. 1-курсту мугалимдердин кызматын кылып жүрүп эле бүтүрдүм.
Бир күнү жатаканада отурсам “сеп” этип алган чоң курстун балдары чакырды. “Үстүңкү кабатка көтөрүлөсүң, баланча комнатага барсаң Серик деген бар. Ошону сөгөсүң, кайра мага жообун айтасың”, – деди бири. Барып сөксөм андан, барбай койсом мындан токмок жейм. Эмне болсо да бара көрөйүн деп айткан дарегине барып, комнатаны ачсам алар да майрамдап отурушкан экен. “Серик, баланча сени момунтип сөгүп кел деди”, – деп үйрөткөн боюнча шатырата сөгүп туруп калдым. Шатыра- шатмак күлкү. “Ошого барасың да, шишеңди... деп жооп айт”, – деди.
Айтканындай кылдым. Ал кайра жооп кылып жиберди. Ошентип экөөнүн жандуу СМСи болуп ошол күнү тепкичтен чыгып-түшүп жүрө берип акыры эсим ооп баспай калгам.
Эльзар Өскөнбаева, ырчы: “Калпыбыз чыгып уят болгонбуз”
Ал кезде Б. Бейшеналиева атындагы искусство институту болчу. Жаңы студент болуп, алыстан келгендер жатаканага жайгаштык. Биздин сабактардын арасында эң оор жана татаал “теория музыки” деген сабак бар эле. Мындайча айтканда музыканын математикасы болчу. Ноталарды жаттап, аларды кадимки эсептей эле алып кошуп музыканын жаралышын үйрөнөбүз. Ошол сабактан качып бир күнү группадагы балдарыбыз сабакка келбей коюшту.
Мугалимдин “балдар эмнеге келишкен жок?” – деген суроосуна эмне дээрибизди билбей: “Алар аябай катуу ооруп калышты. Тамактан ууланып калышыптыр” дедик. Чочуп кеткен эжейибиз ошол жерден тез жардам чакырып салды. Биз да калп айтып койгонбуз деп айта албай калып калдык. Тез жардам комнатага барса бек. Такылдатып ачтырса балдарыбыз уктап жатышкан болот. Аябай ачуулары келип, тез жадамдын врачтары мугалимдерге айтып, бизди чогулушка салып урушуп, айтор, экинчи калп айткыс болгонбуз. Алгачкы студенттик күнүбүз ушундай окуя менен башталды эле. Азыр эстеп жылмайып калабыз.
Гүлназ Айткул кызы, ырчы: “Тартиптүү момун балабыз жаакка жеген”
Жаңы студент болгон кезибизди айтып отурсак кызыктуу китеп чыкмак. Консерваторияга тапшырып жатаканасына келип жайгашып калдык. Студенттик күндөр башталды. Жаныбыздагы комнатадагы балдардын бири аябай тентек болчу. Баштыкка суу толтуруп алып жолдо жөн эле өтүп бараткан адамдарды көздөй ыргытып тийише берчү. Бир күнү бир байке келинчеги менен кетип баратса баягы баштык келип баштарына тийип, суу болуптур. Кайсы балкондон ыргытылганын көрүп калыптыр, жатаканага ачуулуу кирип келди. Келинчегинин боюнда да бар экен. Болжолдоп туруп бир комнатанын эшигин такылдатты. Эшикти эң тартиптүү, момун, жакшы окуган бала бейкапар ачты эле, жаак талаштыра коюп калды. Тиги бала деле эмнеге жаакка жегенин түшүнбөй туруп калды. Бир нерсе дейли десек тиги байкенин уга турган түрү жок. Абдан ачуусу келип алыптыр. Баягы тентек бала болсо качып кеткен. Ал үчүн уруш жеп, баарыбыз үрпөйүп турабыз. Ал кезде жаңы студент болсок, азыр алар эл тааныган инсандар болушту.
Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “Манас бөлүмүнүн ачылып калышына окуудан кетем дегеним себеп болгон”
Апам жетелеп келип консерваторияга тапшыртты. Экзаменди Роза Аманова эжебиз алган эле. Ошентип окууга өтүп, Эстебес Турсуналиев агайдын студенти болуп калдым. “Студент болдук” деп кубанып жүргөн кезимде Эстебес агайыбыз өтүп кетти. Бир күнү “окууну таштайм, кетем. Башка окуу жайга тапшырып тилчи же тарыхчы болом!” дей баштадым. Аны уккан агай-эжелер ректорубуз Муратбек Бегалиевге айткан окшойт, чакырып жатат дешти. Барсам: “Ии, эмнеге кетем деп жатасың?” – деп сурап калды.
“Өзүм манасчымын. Окуюн деп келсем агайым өтүп кетти, азыр кимдин студенти экенимди деле билбейм”, – дедим. “Манасты кантип айтып калдың эле?” – деди эле, 12 жашка келгенде аян келгенин, түшүмдөн Манас атага жолукканымдан бери кобурап, Манас баянынан үзүндү айтып бердим. Манасты жакшы айтат экенсиң, бирок тилиң чоң турбайбы. Сөздөрдү так айталбай калат экенсиң. Бул жактан окуганың сага пайдалуураак. Ансыз деле тарыхты баяндап, тилди катыра сүйлөп жүрөсүң. Андан көрө “Манас бөлүмүн ачып берейин, окууңду бул жактан улант” деди.
Ошентип, дипломдуу манасчы болдум. Консерваторияда “Манас” бөлүмүнүн ачылып калышына менин окуудан кетем дегеним себеп болгон.
