Женишкүл Хулхачиева: Көз жаштан кызыл дипломго чейин – кыргыз тилин билүү тагдырды кантип өзгөртөт
Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин КМШ жана Жакынкы чет өлкөлөрдүн тилдер жана маданияттар кафедрасынын жетекчиси, Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси бизге кыргыз тилинин байлыгы, Кыргызстандын чет элдик студенттерди кызыктырган каада-салттары жана эне тилди сактоонун маанилүүлүгү тууралуу айтып берди. Маек маалында кыргыз тилин үйрөнүүдөгү кыйынчылыктарды жеңүү жолдору, анын улуттук иденттүүлүктү жана тарыхты сактоодогу ролу, ошондой эле тилди билүү студенттердин тагдырын кандайча өзгөрткөндүгү ачык мисалдар аркылуу талкууланды. Анткени, бул көпчүлүк үчүн жөн гана сабак эмес, а жашоо жолу.
– Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде кыргыз тилин окутуу тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Менин аты-жөнүм Хулхачиева Женишкүл, КМШ жана чет өлкөлөрдүн тилдери жана маданияттары кафедрасынын жетекчисимин. Филология илимдеринин кандидаты, доцент. 20 жылдан ашык убакыттан бери ММЛУнун студенттерине кыргыз тилин экинчи чет тили катары окутуп келем. ММЛУ Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен кызматташкандыктан, бул жакка 20 жыл мурда ЖОЖдор арасындагы келишимдин негизинде чакыруу менен келгем... Мага Москва ушунчалык жакты, 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргыз тилин окутуудамын!
– Россиялык студенттерди кыргыз тилин үйрөнүүдө Кыргызстандын кандай баалуулуктары жана салттары көбүрөөк кызыктырат?
– Мен бул сурооңузга жооп катары Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун сөзүн айткым келет. “Эне тилди билүү – бул адам үчүн байлык, а дагы бир жаңы тилди билүү жетишкендик болуп саналат”. Кыргыз тилин элдин тарыхы, каада-салты аркылуу үйрөнүү менен студенттер, албетте, чоң жетишкендикке жетишет... Тил – бул система, байланыш каражаты, бирок ошол элдин өтмүшүндө калыптанган маданиятты, тарыхты, кызыктуу каада-салтты билбей туруп, тилди үйрөнүүгө аракеттенүү абдан кыйын... Студенттер маданиятка чөмүлгөн кезде... алар үчүн баары жаңы. Алар жөн гана угуп коюшайт, ошол атрибуттар менен байланыш түзүшөт. Тилди үйрөнүүдө образдуу элестөө бир топ натыйжалуу жана мындай атмосфераны ар бир окутуучу өз алдынча түзүүгө умтулат.
– Студенттер арасында ишеним жана мотивация атмосферасын кантип түзөсүз?
– Биринчи курстун студенттерин кабыл алганымда: “Мен силердин досуңар, кеңешчиңер, жардамчыңар болгум келет”, – деп айтам. Достук иретиндеги ишенимдүү мамиле түзүү керек, ошондо кайсы темага болбосун кызыгуу жаралат... Мен үчүн аудиторияда жакшы маанай, ишенимдүү атмосфера орношу өтө маанилүү. Ошондо студенттер ар кандай грамматиканы оңой кабыл алып, сабак ырахаттануу менен өтөт, мындайда жыйынтык дагы жогору болот.
– Кыргыз тилинин улуттук мүнөздү алып жүрүүчү катары уникалдуулугу эмнеде?
– Тил – элдин психологиялык акыбалын жана географиялык жайгашуусун күзгү катары чагылдырат, кыргыз тилинин уникалдуулугу так ушунда деп ойлойм... Кыргыздарда “50 жыл сайын эл жаңы” деген өтө маанилүү сөз бар. Кыргыз тили XIX кылымдын соңуна чейин оозеки түрдө өнүгүп келген. ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген “Манас” эпосу бир жарым миллион барактан турат, бул уникалдуу көрүнүш! Биздин тил өтө мукамдуу, кулакка жагымдуу угулат, жеңил кабыл алынат... Уникалдуулук эл өз тилин сактай алганында, аны менен сезимин билдиргенинде жатат.
– Башка ЖОЖдор менен болгон кызматташтыгыңыз жана кыргыз тилин үйрөнүп, ийгиликке жеткен студенттер жөнүндө айтып берсеңиз?
– Бир студент кызым экинчи тил – кыргыз тили экенин алгач укканда ыйлап, кеткиси келди, бирок институттун директору жана мени менен сүйлөшкөндөн кийин окуусун улантып, аягында кызыл диплом менен аяктады. Аны Россиянын ТИМине, болгондо да кыргыз бөлүмүнө жумушка алышты, кийинчерээк Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде иш сапары менен болду... Азыр ал тажрыйбалуу дипломат. Ал мага кыргыз тилин билүү сейрек кездешүүчү тил катары өтө бааланарын билдирген, чоң көлөмдөгү ыраазычылык кат жөнөттү.
Долбоорлор тууралуу айтсак, студенттерим билим берүү, илимий жана агартуу долбоорлоруна катышат. Эң чоң долбоор болжол менен 5 жыл мурда башталган, биз Россиянын аймактарында кыргыз тилин жайылтууну бул жакта төрөлүп, эне тилин унута баштаган, бирок кайра үйрөнүүнү каалаган диаспоралардын балдары үчүн баштадык. Мында алар тилди үйрөнүү процесси тууралуу видеороликтерди тартышат, эл аралык форумдарга жана окууларга катышат. Элчилик бизге мунун баарын түз эфирде көрсөтүүгө жардам берүүдө.
Бул социалдык долбоордун жыйынтыгы катары "Орус мейкиндигиндеги компанияларды лингвистикалык жана уюштуруучулук жактан колдоо" аталышындагы кошумча билим берүү программасынын алкагында, жаңы программаны ишке ашырдык. Учурда ага төрт студентти кабыл алдык, алардын бири менин бүтүрүүчүм. Программаны россиялык фонд каржылайт.
Дагы бир маанилүү долбоор – “Ахматовдук окуулар”, ага студенттерим үч жылдан бери катышып келет. Мында ар кандай багыттар абдан көп, биз студенттердин ар бир тартууга аракет кылабыз.
Ошондой эле, бизде өнөктөш-ЖОЖдор менен стажировка да каралган. Стажировкага окутуучулар да, студенттер да жөнөтүлөт.
– Кыргызстандын кандай маданий салттары жана майрамдары студенттердин эң күчтүү кызыгуусун жаратат?
– Эки майрамды айта алам: 21-мартта белгиленчү Нооруз жана 5-мартта белгиленчү Ак калпак күнү – кыргыздардын улуттук баш кийими калпакка арналган. Бул майрамдарды студенттер чоң кызыгуу менен кабыл алышат, маданиятка, бийге, ырга жана улуттук ашканага байланышкан фестивалдарга жана иш-чараларга катышышат.
– Кыргыз тилин үйрөтүүдө кандай заманбап ыкмаларды колдоносуз?
– Салттуу, инновациялык жана заманбап ыкмаларды колдоном. Биринчи сабактан эле сүйлөөдөгү акцентке маани берем. Экинчи сабактан тартып студенттер диалог түзө башташат. Текст, угуу, музыка, подкасттар, мультфильмдер аркылуу студенттер тилге сүңгүшөт... Жазууну өнүктүрүү максатында ойлорун кагазга түшүртөм. Окутуучу катары мен ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн сабаттуу айкалыштырууга аракеттенем. Студенттеримди угуу абдан жагат. Өзүм үйрөткөн кыргыз тилинде сүйлөп жаткан студентимди угуу мен үчүн сыймык. Мага чейин ал кыргыз тилин билчү эмес, а азыр мага ошол тилде кайрылып, ойлорун жеткирип жатат. Мына, ушундан абдан чоң ырахат алам.
– Кыргыз тили жана маданияты борборун мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан кандай үмүттөрүңүз жана пландарыңыз бар?
– Тил аркылуу маданиятты жайылтуу – бул менин миссиям. Кыргыз тили менен иштешкениме сыймыктанам. Бул университеттеги кыргыз тилин биринчи ачкан жана азырынча жалгыз окутуучумун. Абдан берилүү менен иштейм. 2004-жылы Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун биздин борборго келгени, сабагыбызга катышып, батасын бергени чоң сыймык болуп калды. Кыязы, баары так ушундан башталды, анткени ал убакта мен жаңы гана тилди окутуп баштаган болчумун. Борбор өнүгүүнүн үстүндө болот, илимий, социалдык жана билим берүү долбоорлору ишке ашат, мен муну так билем! Студенттерим бул демилгелерди улантып жана өнүктүрүшү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөөрүнө үмүт кылам. Эң негизгиси, мени колдогон жана менин окуучуларымды колдогон окуучуларым бар.
Автор: Ковалькова Полина
