Гүлдана Шабданова: Баланын тилинин кеч чыгышы – канча жашында коңгуроо кагуу керек?
Ар бир замандын өзүнүн көйгөйү бар. Санарип доорунун маселесине жаш балдардын сүйлөө өнүгүүсү кечеңдегени айланууда. Азыр логопед адистерге болгон суроо-талап курч. Мыкты адистердин кабылдамасында болуу үчүн айлап кезек күтүүгө туура келет. Ушунун өзү убагында тили чыкпай же кандайдыр бир кемчиликтер менен сүйлөгөн балдар басымдуулук кылып жатканын билдирет. Анын себеби эмнеде? Телефон кармоо, телевизор көп көрүү балдардын өз убагында өнүгүүсүнө канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизүүдө? Ушул жана башка суроолорго «Логофея» балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлдана Шабданова жооп берди.
– Гүлдана Артуровна, акыл-эси жайында болсо да, тили кечигип жаткан балдар көп экен. Бул нерсе балдарыбыздан бери телефон, компьютерге берилип кеткенибиздин кесепети эмеспи?
– Мен телефонду жаман деп айта албайм. Телефондон бала пайдалуу нерселерди көрүп, өнүксө болот. Болгону, аз гана убакытка бериш керек. Эртеден кечке англисче же кытайча мультик көрө берсе, сөзсүз маселе жаралат. Ошон үчүн телефонду ченелүү гана убакытка бергенди адатка айлантса анчалык деле зыяны болбойт.
Ошондой эле, ата-эне баланын тили чыгып жаткан мезгилде көңүл кош мамиле кылбашы керек. Мисалы, бир жашта бала «ата», «апа», «суу», «нана», «тата» деген сыяктуу сөздөрдү айта баштайт. Ошол учурда бала менен сүйлөшүп, «бер», «кел», «ал» деген сөздөрдү айта берсе, баланын аң сезими өсүп, сөз байлыгы көбөйө баштайт. Айтайын дегеним, бала тили чыгып баштаганда эмнени уккан, көргөн болсо, ошол сөздөрдү айтат. Менин балам кичинекей дебей сүйлөй бериш керек. Эне бала менен боюнда болгон учурдан баштап, чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө берсе жакшы натыйжасын берет. Маселен, айымдар кош бойлуу кезинде деле же андан кийин деле: «Азыр биз тамак жейбиз. Сага бул каша жактыбы? Бул кашанын курамында банан, бал бар экен", – деп сүйлөшө берсе, бала кашанын даамын сезип, апасынын сөзүн кайталаса тез эле сүйлөп кетет.
Ата-эне баласы менен бир жаштан баштап ойноп, жаңы алып келген оюнчуктарын минтип ойнойсуң деп түшүндүрүшү керек. Бала физикалык жактан өсүп баштаганда алгач башын көтөрөт, «га-гу» деген үндөрдү чыгара баштайт. Анан отурат, жөргөлөйт, томолонот. Бала отуруп калган мезгилде столдун үстүндөгү нерселерге кызыгып баштайт. Бала басып баштаганда дагы андан да көбүрөөк нерселерди көрүп баштайт. Колуна алган нерсени оозуна салат, изилдейт, катуубу, жумшакпы деп көрөт.
– Бала 3-4 жашында да дагы сүйлөбөсө адистерге көрсөтүш керекпи же атасы мынча жашында, апасы анча жашында сүйлөгөн экен деп күткөн оңбу?
– Дени карды соо, акыл-эси данектей балдарга кыска сөздөрдү айтып, үйрөтө турган мезгилде маани бербей, ата-энеси сүйлөшпөй, телефон карматып коё бербей, өзү теңдүү балдар менен ойнотсо, белгилүү убакыттан кийин баланын тили өзү эле чыгып кетиши мүмкүн. Бирок сүйлөбөй жүргөн балдардын баарын андай үмүт менен күтө берген болбойт. Ата-эне ар кимдин сөзүнө кирип, убакытты уттурбашы керек. Бир жашында кыска сөздөрдү айтпай, эки жашында «отур», «бас», «тур» деген сөздөрдү түшүнбөсө, бир нерсе айтсаң көзүңдү карабаса, невропатологго көрүнүп, кулак, көзүн текшертип , башын тарттырып, тийиштүү адистерге көрсөтүү керек. Убакытты уттурбай коррекциялык жумуштарды канчалык эрте баштасаң, ошончолук бала үчүн пайдалуу болот.
Бирок кээ бир невропатологдор 4 жашка чейинки балдарды «Кадимки балдардай отуруп, басып жатпайбы, сүйлөп кетет», – деп коюшат. Невропатологдун сүйлөп кетет дегенине ишенип, 2-3 же 5 ай күтүп, жылыш болбосо, адистерге кайрылыш керек. Тилекке каршы, бизге ата-энелер баласы 5-6 жаш болуп калганда келет. Баланын кулагы укпайт же болбосо бир кулагы 30 пайыз эле угаарын билип өкүнүшөт. Кулагы укпаганы кичинесинде эле аныкталса, операция жасатып, угуу аппаратын өз учурунда тактырып койсо, айлана-чөйрөнү да таанып, сөздөрдү угуп, аң-сезими өсө баштайт. Ошон үчүн баласынын тили кечигип жаткандар жакшы невропатологго барышы керек.
– Невропатологдор берген дарынын баарын эле кооптонбой иче берсе болобу?
– Беш кол тең эмес. Жакшы дарылаган да невропатологдор бар. Ошондой эле, бала менен жөндөп сүйлөшпөй, анын абалын жакшылап карап көрбөй эле апасына эки суроо берип, балага очойгон дарыны жазып койгондор да бар. Дарынын бир жерге пайдасы болсо, экинчи жерди талкалаган да учурлары болот. Ошон үчүн дары десе эле бере бербей дозасынан ашырбай, диагнозду так койгондон кийин ичириш керек. Ошондой эле сүйлөбөй жаткан баланы уруп, коркутуп катуу мамиле кылбаш керек.
– Айтмакчы, лор-врачка, окулистке текшерилүүнүн тили чыкпаган балага кандай пайдасы бар?
– Лор-врачка, окулистке көрүнүүнүн мааниси чоң. Айтайын дегеним, кулагын аудиограммага тарттырган учурда кээ бир балдардын кулагы азыраак эле пайызда угуп же бир кулагынын угушу начар экени аныкталат. Ошондой эле, балада аденоиддер жокпу, кеңири дем алып жатабы, мээсине кислород жакшы жетип жатабы – ошону аныкташ үчүн да аталган врачтарга көрүнүү маанилүү.
