Эң коркунучтуу көңүл ачуу. Дарыгер жаракаттар, тобокелдиктер жана эс алуучулардын катачылыгы тууралуу
28 январь

Эң коркунучтуу көңүл ачуу. Дарыгер жаракаттар, тобокелдиктер жана эс алуучулардын катачылыгы тууралуу

Тоолордогу кышкы эс алууну көпчүлүк көңүл ачуу, ылдамдык жана адреналин менен байланыштырышат. Бирок так ушул эмоциялардын артында оор жаракаттар жана оорукана туруп калышы мүмкүн. Январь айында эле Бишкектеги ооруканалардын бирине тоодогу жылгаяктан жабыркаган жүздөгөн адам кайрылган. Тюбинг (үйлөмө чаналар менен жылгаяк тебүү) эмнеге эң коркунучтуу кышкы көңүл ачуу болуп саналаарын жана жаракат алганда эмне кылуу керектигин борбор калаадагы 4-шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Илим Манапов айтып берди. 

– Илим Сыргакович, тоолордогу тюбинг канчалык коркунучтуу? 

– Бул кышкы көңүл ачуулардын эң бир коркунучтуусу десек туура болот. Адамдар атайын бөлүнгөн жайларда эмес, түз эле тоолордо: жолдун жээгинде, чуңкурлардын, кар күрткүлөрүнүн, дөңсөөлөрдүн жанында тебишет. Бул коопсуз эмес. 

– Ушул жылдын башынан бери канча жабырлануучу катталды? 

– Январда бизге ар кандай жаракаттары менен 161 адам кайрылган. Алардын 25и ооруканага жаткырылды, 136сына амбулатордук дарылоо дайындалды. 

Мисалы, 26-январда, дүйшөмбү күнү эрте менен бизге беш адам кайрылган. Буту сынган бир бейтапты ооруканага жаткырдык, ал лыжа тээп баратып жыгылган экен. Калгандары жеңил жаракат алышкандыктан, амбулатордук жардам көрсөтүп, үйлөрүндө жибердик. 

– Тюбингден кийин кандай жаракаттар көбүрөөк катталат? 

– Тюбингди башкаруу мүмкүн эмес. Адамдар жыгылып, ар кандай жаракаттарды алышат – колу-бутун жабыркаткандан баштап баштын олуттуу сокку алуусуна чейин. Омуртка жаракаттары, кол-бут сыныктары, баш мээ жаракаттары – кээде баш сөөктүн сынып кетишине чейин, гематомалар жана кан куюлуулар өтө көп кездешет. Бул жаракаттар абдан олуттуу. 

– Тюбинг учурунда адам жаракат алса, эмне кылуу керек? 

– Олуттуу жаракаттарда адам эсин жоготуп коюшу мүмкүн. Аны капталына жаткыруу зарыл, анткени дем алуу жолдору ачык болуп, дем эркин чыгышы керек. 

Эгер киши өзүнө келсе, кайсы жери ооруп жатканын сурап, катуу оору бар болсо, мүмкүн болушунча ошол жерди кыймылдатпоо зарыл. Муну колдо болгон каражаттар – тактайлар, картон менен колду же бутту таңып жасаса болот.

Эгерде моюндун же омуртканын жабыркашына шек жаралса, адамды козгоого такыр болбойт. 

Эгер жабырлануучу карда жатса, аны сөзсүз түрдө жылуу жаап, башын жылуулаш керек, анан дем алуусу эркин болуп жатканын байкап туруу кажет. Андан соң тез жардам чакыруу зарыл. 

– Жаракат алган адамды ооруканага өз алдынча жеткирүүгө болобу? 

– Такыр болбойт. Туура эмес жеткирүүдө кайталап жылышуу, кан тамырлардын же нервдердин жабыркашы орун алышы мүмкүн. Медициналык персонал гана коопсуз жеткире алат. 

Эгерде окуя тез жардам жете албаган жерде болсо, анда ӨКМга – 112 номерине кайрылуу керек. Иммобилизация жана жеткирүү милдеттүү түрдө атайылаштырылган унаалар – тез жардам же ӨКМнын унаасы аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.  

– Кышкы эс алууну сүйүүчүлөргө кандай негизги кеңеш берет элеңиз? 

– Биз активдүү кышкы эс алууну колдойбуз, бул туура жана пайдалуу. Бирок аны алдын ала пландай билүү шарт. Тюбинг, баллон жана пакеттер менен жылгаяк тебүүгө биз, дарыгерлер дайыма терс мамиледебиз жана дайыма ушул оюбузда калабыз. Анткени бул кооптуу. 

Расмий спорттун түрлөрү бар, мисалы, лыжа, сноуборд, коньки, анда инструкторлор иштешет. Алар кантип туура тебүүнү, алтурмак кантип туура жыгылууну үйрөтүшөт. 

Баллондор менен өз алдынча жылгаяк тебүү майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эс алуунун расмий жайларын жана спорттун коопсуз түрүн тандоо маанилүү.