Катуу жер титирөөлөрдү алдын ала айтып, элди сактап калууга болобу? Адис жооп берди
Сейсмикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2008-жылдан 2026-жылга чейин сейсмикалык активдүүлүк орун алып, ага ылайык күчү 8 баллга жеткен жер титирөөлөр катталышы мүмкүн. Ошол эле маалда акыркы жылдары дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө катуу жер титирөөлөр болууда. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калыкова жана физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев түз эфиринде болуп, бул жааттагы элди түйшөлдүргөн айрым суроолорго жооп беришти.
– Жакында эле өлкөбүздүн түштүк тарабында жер титирөө катталды, ошондой эле жыл башынан бери бир катар аймактарда майда жер силкинүүлөр орун алды. Табият кырсыктарын алдын ала билүүдө биздин сейсмологиялык кызматтардын мүмкүнчүлүгү канчалык?
Алымбай Токтосопиев: Жер титирөөгө байланышкан маалыматтардын баары сейсмологиялык базада аныкталып, иштелип чыгат. Бул жааттагы дүйнөлүк маалыматтар бири бири менен байланышта болот. Кыргызстан дүйнөлүк маалыматка кошулуу үчүн ошол дүйнөлүк масштабдагы аппаратураларга ээ болушу керек болчу. Илимдер академиясынын президенти бул боюнча абдан көп иштерди аткарып, Кытайдын президентине чейин кайрылып жатып, заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктарды алып келди. Аны Кытайдан келген адистер өздөрү Нарын облусундагы Арал айылына орноштуруп беришти. Аталган айылда союз убагынан бери эле сейсмикалык станция бар болчу. Ошентип, эки айдан бери ошол жаңы аппаратуралардан маалымат алып жатабыз. Булар өтө заманбап жабдыктар болгондуктан, жердин геомагниттик талаасынын өзгөрүшүнүн эң төмөнкү деңгээлин дагы байкоого мүмкүн болуп калды. Андан алынган маалыматтарга Кытайдын Сейсмологиялык институту өзүнүн маалыматын кошот, иштеп чыгышат, ага жараша бизге тапшырмаларды беришет.
– Катуу жер титирөөлөрдү алдын ала аныктоого болобу?
Алымбай Токтосопиев: Буга бир мисал айтайын: 1975-жылы Кытайдын Хайчэн деген аймагында катуу жер титирөө болоорун кытайлык окумуштуулар дүйнөдө биринчи жолу алдын ала айта алышкан. Ал аймакта 1 миллион калк жашаган. Мындан улам Кытай бийлиги элди чыгарып кетсекпи же жокпу деп ойлонгон, а окумуштуулар чыгарып кетүү керектигин айтышкан. Жыйынтыгында, мобилизация болгон. Бирок жарымын чыгарганда калган жарымынын арасынан мародерлор чыгып, дүкөндөрдө талап-тоношкон. Жер титирөө болуп өткөндөн соң чыгарылган эл өз жерине кайра кайтарылган. Ошондо, бийлик жер титирөөнүн чыгымын эсептегенде, элди алып чыгып кетүү кырсыктык кесепеттерин жоюуга караганда көп эсеге салмактуу болоору аныкталган.
– Бирок башкысы эл аман калды да?
Алымбай Токтосопиев: Чыгууга үлгүрбөй калып кеткендерден 200 миңдей адам курман болгон. Биз, сейсмология жаатында иштегендер ошондо Кытай жер титирөөнү алдын ала айтуунун ачкычын таап берди, мындан ары кырсыктарды алдын ала билип, кесепеттерге алып келүүсүнө жол бербөөгө жетишебиз деп абдан кубанганбыз.
– 2023-жылы Түркияда катуу жер титирөө болуп, көптөгөн эл жабыркады. Эмнеге аны алдын ала айта алышкан эмес?
Алымбай Токтосопиев: Түркиянын сейсмологиялык аппараттары жакшы, мыкты окумуштуулары бар. Бирок эмнеге жер титирөөнү алдын ала айтышпаган деген суроо жаралганда, окумуштуулар үн катаардан мурда журналисттер айтып чыгышты. Алар түрк элине каршылык кылган ичи кара мамлекеттердин таасиринен болду дешти. Экинчи жагынан астронавттар чыкты, алар жер титирөөнү планеталар парадына байланыштырышты. Акырында нукура түрк окумуштуулары конкреттүү жыйынтык чыгарышты – бүгүнкү күндө жер титирөөнү алдын ала айтуу мүмкүн эмес.
– Кыргызстанда канча сейсмологиялык станция бар жана ал жетиштүүбү?
Алымбай Токтосопиев: 21 сейсмологиялык станция бар. Андан тышкары Россиянын Илимдер академиясынын 7 станциясы Чүй облусунда орун алган. Ошондо, бардык облустарда сейсмологиялык станциялар орнотулган. Станциялардын саны көп болгон сайын маалымат кеңейет. Себеби, жер титирөөнүн күчү, очогу, тереңдиги бардыгы аныкталат. Бир убактарда Россиянын көрүнүктүү окумуштуусу Соболев “Советтер союзуна жер титирөөнү алдын алуу үчүн 5 миң сейсмологиялык станция керектелет” деп айткан. А бизде 21. Бул абдан аз. Азыр станцияларда баары электрондук системага өттү. Мурда бардык маалыматтар кол менен алынып, кагазга жазылчу. Аны институттун адистери иштеп чыгып, каталог түзүлчү.
– Кыргызстанда ушул жылдын башынан бери күчү канча баллга жеткен жер титирөөлөр катталды?
Жибек Калыкова: 2025-жылдын 3 айындагы көрсөткүчтөр боюнча анализ жүргүзгөнбүз. Андан улам Кыргызстандын аймагында 3 айда 2 миңден 3 миңге чейин жер титирөөлөр катталганы белгилүү болду. Алардын арасында сезилгени да, сезилбегени да бар. Негизи жыл сайын 9,5 миңден 11 миңге чейин жер титирөө катталат. Эмне себептен мынчалык көп деген суроо жаралышы мүмкүн. Мурда деле ушундай болчу, Кыргызстан өзү сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан. Болгону көрсөткүч аппараттардын сезгичтигине жараша болот. Илгери башка приборлор менен иштеген маалда алардын сезгичтиги жакшы болбогондуктан, майда силкинүүлөрдүн көбүн аныктай алышчу эмес. Азыр приборлор модернизация болуп отуруп, сезгичтиги күчөдү, жер титирөө турмак станциянын жанынан машина дүрүлдөп өтсө, көл толкуса дагы жазылат. Ошондуктан дагы жер титирөө көбөйгөндөй сезилиши мүмкүн. Эгерде бир жылда 9,5 – 11 миң жер титирөө катталса, ошонун 200-300ү гана адамдарга сезилиши ыктымал.
– Бишкектин ичинде сейсмикалык жаракалуу аймактар бар, ошол жерлерге үйлөр курулуп жатат, муну ким көзөмөлдөйт?
Алымбай Токтосопиев: Бишкектин түндүк жагында Ысык-Ата жаракасы бар. Аны геофизикалык, геологиялык илимдер аныктап чыгып, картасы түзүлгөн. Кайсы жерде кандай жарака бар, узундугу, тереңдиги канча – баарынын тарыхый маалыматтары турат. Башкы жоопкерчилик Мамкурулушта. Мыйзам боюнча жараканын эки тарабынан бир канча аралыкка чейин активдүү зона болуп эсептелинет. Ал жерге курулуш курууга эч качан уруксат берилбейт. Аны Мамкурулуш тескеп турат.
– Жер титирөөлөрдүн көбөйүшүнө адам факторунун да таасири барбы?
Алымбай Токтосопиев: Албетте. Адамдын тиричиликтеги активдүүлүгү сөзсүз түрдө бардык чөйрөгө таасир этет. Мисалы, кен байлыктарды издөө, мунайзат, газды өндүрүү.
