Гүлдана Шабданова, логопед-дефектолог: “Ар бир бала сүйлөй алат, болгону убагында ата-энеден колдоо, ишеним керек”
20 февраль

Гүлдана Шабданова, логопед-дефектолог: “Ар бир бала сүйлөй алат, болгону убагында ата-энеден колдоо, ишеним керек”

Биз бүгүн тили чыкпаган балдардын сүйлөп кетишине чоң салым кошкон, бардык диагноз менен күрөшүп, ийгиликке жетсе болот деп шыктандырган, 9 жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй логопед-дефектолог, педагог, “Логофея” балдарды окуу борборунун жетекчиси, ишкер айым Гүлдана Шабданова менен баарлаштык.

– Гүлдана Артуровна, акыркы мезгилде баламдын тили кечигип жатат дегендер абдан  көбөйдү. Балдар эмнеге кеч сүйлөп жатышат?

– Балдардын тили чыкпай жатканын себептери өтө көп. Бул багытта мен психологиялык, медициналык жана логопедиялык жагын бирдей карайм, кесипкөй болуш үчүн бул үч жатта тең жогорку билим алгам, кесиптик өнүгүүдө көптөгөн курстардан өткөм. Маселен, дээрлик бардык эле энелер баланын тилин чыгарууга түйүлдүк кезден кам көрүү керек экенин билишпейт. Баламдын акыл-эси жайында болсун десе, эне кош бойлуу экенин сезер замат каттоого туруп, тийиштүү текшерүүлөрдүн баарынан өтүп, бат-бат анализ тапшырып, кан басымын, гемоглобинин да текшертип турушу шарт. Анткени баланын тили чыкпай жатканына эненин кош бойлуу мезгилинде кан басымы жогору болгону, бөйрөктөгү өнөкөт оорусу, канындагы гемоглобиндин жетишсиздиги да таасирин тийгизет. Кандын айлануусу менен баланын мээсине кычкылтек барат.

Ошондой эле кош бойлуу аял стресс, депрессия болбогонго да аракет кылышы керек, антибиотик ичкенден да сак болушу керек. Баарын  көзөмөлдөп, химикаттардан, ичимдиктен, тамеки тартуудан алыс болушу зарыл. Ушулардын баары баланын акыл-эсинде мандем жаратат, а мындай мандем менен төрөлгөн бала албетте кеч сүйлөйт.

– Акыл-эси жайында болсо да тили кечигип жаткандар көп экен. Бул телефондун кесепети эмеспи?

– Бала телефондон эртеден кечке англисче же кытайча мультфильмдерди көрө берсе, ага кыргызча сүйлөгөн эч ким болбосо  сөзсүз тилинде маселе жаралат. Мен телефонду жаман деп айталбайм. Пайдалуу нерселерди көрүп андан бала өнүксө болот. Болгону ченелүү гана убакытка бериш керек. Бул жерде ата-энеден көп нерсе көз каранды.

Баланын тили чыгып жаткан мезгилде көңүл кош мамиле кылбашы керек. Мисалы, бир жашта бала ата, апа деген сыяктуу сөздөрдү айта баштайт. Ошол учурда бала менен кадимкидей сүйлөшө берсе, баланын аң- сезими өсүп, сөз байлыгы көбөйө берет. Айтайын дегеним, бала тили чыгып баштаганда эмнени уккан, көргөн болсо, ошол сөздөрдү айтат. Менин балам кичинекей дебей сүйлөй бериш керек. Эне бала менен боюңда болгон учурдан баштап чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө берсе, жакшы натыйжасын берет.

– Баланы канча жашына чейин сүйлөбөсө адистерге көрсөтүш керек?

–  Эгер бала 1 жашында жок дегенде эки кыска сөздү айтпаса, 2 жашында «отур», «бас», «тур» деген сөздөрдү түшүнбөсө, бир нерсе айтсаң көзүңдү карабаса, атынан чакырсаң реакция кылбаса невропатологго көрүнүп, кулак, көзүн текшерип, башын тарттырып, тийиштүү адистерге кайрылышы керек. Убакыттан уттурбай коррекциялык жумуштарды канчалык эрте баштаса, ошончолук бала үчүн пайдалуу болот. 

Бирок кээ бир невропатологдор 4 жашка чейинки балдарды “кадимки балдардай отуруп, басып жатпайбы, сүйлөп кетет” деп коюшат. Мындан кийин да 2-3 ай, ашып кетсе 5 ай күтүп, жылыш болбосо, адистерге кайрылыш керек. Тилекке каршы, бизге ата-энелер баласы 5-6 жаш болуп калганда келет. Ошондо гана баланын кулагы укпайт же болбосо бир кулагы 30 пайыз эле угаарын билип эрте келбегенине өкүнүшөт. Эгер бул нерсе кичинесинде эле аныкталып, операция жасатып, угуу аппараты өз учурунда тагылса, айлана-чөйрөнү да таанып, сөздөрдү угуп аң-сезими өсө баштайт. Ошон үчүн баласынын тили кечигип жаткандар жакшы невропатологго барышы керек. Бир эмес, 2-3өөнө барууну сунуштайт элем. 

Кандай гана көйгөй, кандай гана диагноз болбосун өз убагында дарыланып, коррекциялык жумуштарды баштоо маанилүү. Ушундай болуп калды деп багынып бербей, күрөшүш керек. Күрөшсөң, аракет кылсаң жакшы жыйынтык алып, керек болсо кадимки балдар менен тең ойлонуп, тең сүйлөп кала турган абалга жеткирсе болот.

– Тили чыкпаган балдарга биринчи жардамды логопед берет. Логопед койгон диагностика эмнеси менен абдан маанилүү?

– Тилекке каршы кыргыз тилдүү кесипкөй логопеддер аз, бул дагы баласы үчүн жардам сурап кайрылган кыргыз ата-энелердин көйгөйүн татаалдаштырат. Учурда тыбыштары жолго коюлбаган, же өтө эле начар сүйлөгөн балдар тилекке каршы көп. Ошондуктан учурда ата-энелерге арналган, онлайн билим ала турган “Балаңа өзүң логопед бол” кыргыз тилдүү курстарды алып чыктым. “Логофея” балдар окуу борборунун 4 филиалын ачсам да, мага кайрылган алыскы аймактагы, чет жакта жашаган кыргыз ата-энелердин саны арбын болуп жатат. Ата-энелер адистер менен тыгыз байланышта болуусу үчүн онлайн курстарды иштеп чыктым.

– Билимдерин жогорулатуу үчүн адистерге да кам көрүп жатасызбы?

– Ооба, адистердин билимин жогорулатуу, автордук көнүгүүлөрүм менен бөлүшүү, кайсы аймактан болсо да жаңы билимдерди өздөштүрүп, иштеген жеринде кесипкөй болуу үчүн, же жеке кабинет ачып, балдар окуу борборлорун ачып иштөөнү үйрөтүү үчүн “Логопед үчүн алгоритм” курсун иштеп чыктым. Балдарды жан дилим менен сүйөм, андыктан өсүп-өнүгөм деген адистер үчүн билек түрө ар тараптан камкордук көрүп баштадым.

Жеке кабинет ачуу үчүн сөзсүз логопедиялык билими болуш керекпи, же педагогикалык жогорку билими болсо жетиштүүбү?

– Логопед, дефектолог, психолог, коррекциялык педагог болсо дароо жеке кабинет ачып иштеп баштаса болот, педагогдук гана билими болсо логопедия боюнча жогорку окуу жайдан окуш керек. Азыр кесипти алмаштыруу үчүн каалоо, чечим жана кыймыл-аракет маанилүү, калганы тажрыйба менен бышып жетилет.

– Сиздин методика боюнча “Логофея” балдар окуу борборунда балдар менен иштешүүдө эмнеге маани берилет?

– ⁠ Бизге келген бала менен дароо эле сүйлөшүп көрөбүз. Анын жалпы өнүгүүсүн, сүйлөө кебин, сөз байлыгын диагностика кылып, ошого жараша коррекциялык иштерди баштайбыз. Жетпеген тыбыштары аз болсо, албетте, аз убакыттын ичинде эле жолго коюп беребиз. Тилекке каршы, ата-энелер кеч кайрылган учурлар болот. Алар менен көбүрөөк убакыт иштешүүгө туура келет. Балага кандай гана диагноз коюлбасын, бул акыркы өкүм эмес, сөзсүз анын чечими бар. Эки тараптуу аракет болсо эле бала сөзсүз сүйлөйт. Биздин борбордун башкалардан өзгөчөлүгүбүз – өзгөчө балдар менен да иштегенибизде. Бир гана балдар менен эмес, инсульттан кийин жакшы сүйлөй албай калган чоңдор менен да иштешебиз.

– Анча жакшы сүйлөй албай жаткан балдарга сабакты группа менен өткөн жакшы жардам береби же жалгыз окутканбы?

– Ар кайсы баланын диагнозу ар башка болот. Ошон үчүн группа менен машыккан жерлерге жылдап акчасын, убактысын коротуп барганы менен жылыш болбой калган учурлар бар. Группаларга аң-сезими жайында, сөзгө түшүнүп калган балдар эле барбаса, көп учурда жалгыздап машыккан эле оң жыйынтык берет.

– Тилди жатыктыруучу көнүгүүлөр, лого массаж сүйлөбөй жаткан бала үчүн маанилүүбү?

– Албетте, маанилүү. Бала сүйлөбөсө, ооз булчуңдары бош болот. Ошону бекемдөө үчүн артикуляциялык көнүгүүлөрдү жасатып, зарыл болгон учурда лого массаж жасайбыз. Лого массажды жасатуу үчүн алгач 10 күн бүт денесине массаж алып келүүнү сунуштайбыз. Анткени булчуңдардын баары бири-бирине байланыштуу. Башка булчуңдарды тонуска келтирип алгандан кийин гана лого массажды жасайбыз.

Баланы өз алдынча болушуна шарт түзүп, кийимиңди өзүң кий, кайсыл көйнөктү кийесиң деп тандоосуна дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир нерсени жасаса азаматсың деп дем берип, жакшы иш жасаганын түшүндүрсөң бала шыктанып андан да жакшысын жасасам экен деп калат. Кыскасы, баладан жакшы сөздү аябай колдош керек. Ошондо гана бала жакшы нерселерди жасаганга ашыга баштайт. Эң башкысы, баланын сүйлөй турган курагын өткөзүп албай, адистерге тез кайрылып, баланын тилин чыгарууга аракет кылыш керек.

– Балдар окуу борборун кандай адистер ачса болот?

– Окуу борбор ачууда адистик эмес, ишеним, уюштура билүү, система жана “Кыргызстандын балдарынын өнүгүүсүнө салым кошом” деген чечим маанилүү. 4 филиалы бар жеке ишкер катары балдар окуу борборун ачып, жеке ишкердик баштайм дегендерди насаатчылыгыма алып, нөлдөн баштап кирешеге чыкканга чейин коштойм. Кыргызстанда логопедия тармагында бул миссияны алгачкылардан болуп ишке ашырып жатам.

– Ишиңизге ийгилик каалайм, аябай мыкты, учур чак талап кылып жаткан алгылыктуу иш-аракеттерди баштаптырсыз. Бийиктикте үнүңүз шаңдуу болсун!