Кубан Чороев: “Манас” эпосунда кандай сыр катылган
Евразиянын көчмөн цивилизациясы миңдеген жылдар бою дүйнөлүк тарыхта бааланбай келген – аны же периферия же "чыныгы" империялардын ортосундагы мейкиндик катары кабыл алышкан. Бирок элчи Өмүрбек Текебаевдин жакын арада жарыкка чыга турган "Династия, металл, ат" аттуу жаңы монографиясы бул көз карашты кайра карап чыгууну сунуштайт. Китеп "Байыркы көчмөн цивилизация" фондунун төрагасы Кубан Чороев менен биргелешип жазылган.
Кубан Чороев маегинде көчмөндөр бийликтин туруктуу моделдерин кантип түзгөнүн, эмне үчүн "Манас" эпосун "эстутум инфраструктурасы" катары кароого болорун жана талаа цивилизациясы азыркы дүйнөгө кандай сабактарды бере аларын түшүндүрүп берди.
– Кубан Аманбекович, "Династия, металл, ат" монографиясын түзүү идеясы кантип пайда болду?
– Идея мифтер менен чындыктын ортосундагы ажырымды жоюу каалоосунан улам пайда болду. Көп убакыт бою көчмөндөрдүн тарыхы же башаламан чабуулдар, же улуу империялардын ортосундагы "транзиттик коридор" катары көрсөтүлүп келген. Өмүрбек Чиркешович экөөбүз миңдеген жылдар бою талаада бийликтин жана маданияттын уланышына эмне деген көрүнбөгөн күч мүмкүндүк берди деген суроо койдук. Жооп 3 фактордун синтезинде жатканын түшүндүк – генетикалык линия (династия), технологиялык артыкчылык (металл) жана мобилдүүлүктү көзөмөлдөө (ат). Бул жөн гана турмуш-тиричиликтин элементтери эмес, евразиялык цивилизациянын институционалдык матрицасы.
– Бул эмгек канча убакытты алды жана эң татаал этабы кайсы болду?
– Иш бир нече жылга созулду. Эң татаал этабы – археологиялык маданияттар менен генетикалык маркерлердин ортосундагы байланыштарды текшерүү болду. Элестетиңиз, бизде жүздөгөн байыркы үлгүлөр, ондогон археологиялык эстеликтер бар жана R‑YP1456 линиясы жөн гана биологиялык из эмес, коло доорунан чыгыш скиф дүйнөсүнө чейин кылымдар бою өткөн тарыхтын "династиялык скелети" экенин далилдөө керек. Маалыматтар бири-бирине карама-каршы келгендей сезилген учурлар болду жана гипотезаларды кайрадан текшерүүгө туура келди.
– Бул эмгектеги негизги илимий жаңылык эмнеде?
– Негизги жаңылык – DAEX (Династия-Альянс-Экзогамия-Алмашуу) моделинде. Биз биринчи жолу Евразия талаасын бири-бирин алмаштырган маданияттардын жыйындысы катары эмес, институционалдык континуум катары карап жатабыз. Конкреттүү мамлекеттер жок болуп кеткен учурда дагы, цивилизациянын "согуп турган өзөгү" – элиталарды, нике стратегияларын жана алмашуу тармактарын кайра өндүрүүнүн туруктуу системасы сакталып калган, бул мамлекеттик түзүлүштөрдү кайра-кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген. Бул бир империя кулагандан кийин эмне үчүн талаада дароо эле башка империя пайда болгонун түшүндүрөт.
– Бул изилдөө көчмөн элдердин дүйнөлүк тарыхтагы ролу жөнүндөгү түшүнүктү кандай өзгөртөт?
– Биз көчмөндөрдү "периферия" статусунан "структуралык ортомчу" жана альтернативдүү социалдык татаалдыктын өз алдынча борбору статусуна которобуз. Талаа – азыркы байланыш каражаттары пайда боло электе эле эбегейсиз континенттик аймактарды бириктирүүгө жөндөмдүү болгон бийликти уюштуруунун өзгөчө формалары калыптанган мейкиндик болгон. Көчмөн империялар башкаруу, аскердик логистика жана трансконтиненталдык өз ара аракеттенүү жаатында новаторлордон болушкан. Мисалы, Монгол империясынын ям байланыш системасы – бул азыркы почтанын жана транспорттук тармактардын прототиби.
– Кызыктуу экен. Китептин үстүнөн иштөө сиздин тарыхты түшүнүүңүзгө кандай таасир этти? Көз карашыңыз түп-тамырынан бери өзгөргөн учурлар болдубу?
– Ооба, эң күчтүү учур "Манас" эпосуна байланыштуу болду. Мурда мен аны биринчи кезекте баатырдык фольклор катары көрчүмүн. Бирок биз анын маалыматтарын археология жана генетика менен салыштырганда, бул эң татаал "эстутум инфраструктурасы", ата-бабалардын жери (Енисей), көчмөндөрдүн маршруттары жана бийлик институттары жөнүндөгү жамааттык билимди берүү механизми экенин түшүндүм. Тарыхты бири-биринен ажыраган окуялардын ырааттуулугу катары гана кабыл алуудан четтедим. Аны бир цивилизациялык коддун үзгүлтүксүз жана логикалык пульсация процесси катары түшүндүм.
– Көчмөн цивилизациясынан азыркы мамлекеттер үчүн актуалдуу сабактар барбы?
– Негизги сабак – тармактык башкаруу модели. Көчмөн бирикмелер катуу бюрократияга эмес, ийкемдүү альянстарга жана ишенимге негизделген. Азыркы глобалдык жана туруксуз дүйнөдө тез координациялоо жана ыңгайлашуу, ошол эле учурда фундаменталдык баалуулуктарды жана иденттүүлүктү («династиялык өзөк») сактоо ар кандай мамлекеттин аман калуусунун ачкычы болуп саналат.
Бул жерде дагы бир жолу баса белгилеп кетүү маанилүү, биздин изилдөөбүз кабинеттик гана болгон жок. Авторлошум Өмүрбек Чиркешович Текебаев, жөн гана изилдөөчү эмес, ал көп жылдык парламентте, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы кызматында иштеген саясатчы-практик, а учурда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси. Көптөгөн изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, ал чечим кабыл алуунун реалдуу механизмдери кандай иштээрин, бийликтин мыйзамдуулугу кантип түзүлөөрүн жана иш жүзүндө «кызыкчылыктардын тең салмактуулугу» деген эмне экенин билет. Анын дал ушул тажрыйбасы бизге «Теңдик» концепциясынан жөн гана байыркы идеологиялык штампты эмес, бийликтин универсалдуу мыйзамдуулук критерийин көрүүгө мүмкүндүк берди: башкаруучу коомдун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактап турганга чейин гана бийликте турууга укуктуу. Эгерде бул тең салмактуулук бузулса, бийлик ыйык негизин жоготот – бул эреже миңдеген жылдар мурун талаада иштеген жана бүгүнкү күндө да актуалдуу.
– Эмне үчүн дароо эл аралык таратуу аянтчаларына чыгууну чечтиңиздер?
– Кыргыз элинин жана Евразия көчмөндөрүнүн тарыхы – бул дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү. Биз өзүбүздүн тыянактарыбыз жергиликтүү деңгээлде эле эмес, дүйнөнүн алдыңкы эксперттери тарабынан да талкууланышын каалайбыз. Ошондуктан генетика жана антропология тармагындагы эл аралык рецензенттер менен иштешип жатабыз, ал эми кол жазма Европада англис тилинде басылып чыгууга даярдалууда. Глобалдык платформалар бизге жыйынтыктарды академиялык коомчулукка жана дүйнө жүзүндөгү окурмандардын кеңири чөйрөсүнө тез арада жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
– Сиздин оюңузча, бул китеп Кыргызстандын интеллектуалдык турмушунда ордун табабы?
– Мен үчүн китеп жөн гана илимий басылма болуп калбай, диалогго түрткү болгону маанилүү. Биз улуттук иденттүүлүк көбүнчө саясий ураандарга чейин түшүп калган доордо жашап жатабыз. Биздин изилдөө башка тилди – маалыматтардын, фактылардын, институционалдык мурастын тилин сунуштайт. Китеп терең тарыхка таянып, идеологиялык конструкцияларга эмес, бүгүнкү күндө кыргыз болуу эмнени билдирери жөнүндө талкууга түрткү берет деп үмүттөнөм. Анан албетте, манасчылардын, тарыхчылардын жана өткөнгө кайдыгер карабаган адамдардын реакциясын чыдамсыздык менен күтөм.
