Атай Огонбаевдин небереси Гүлжамила Чымботоева: “Атайдын каны – жүрөктө, күүсү – эл ичинде”
Кыргыздын комузу сүйлөсө – ал Атай Огонбаевдин күүсү менен сүйлөйт. Эл жүрөгүнө сиңген обондорду жараткан залкар композитордун өмүр жолу сыймыкка да, армандуу тагдырга да бай болгон. Көрө албастык, бут тосуу, айрым чыгармаларынын башка бирөөлөргө таандык болуп кетиши сыяктуу оор сыноолорго карабай, анын күүлөрү кыргыздын жан дүйнөсүндө түбөлүк жашап калды.
Бул эскерүүдө улуу инсандын өмүрү жана чыгармачылык мурасы тууралуу анын небереси – Атай Огонбаевдин ортончу кызы Саадакандын кызы Гүлжамила Көчкөнбаевна ой бөлүшөт.
Таятам менен сыймыктанам
Совет доорунда улуттук кийим да, улуттук күү да анчейин бааланбаган учурлар болгон. Апам радиодон таятамдын күүсү угулуп калса, “акырын, угалы” деп калчу. Мен болсо жаш кезимде: “Комуздун эмнесин угат?” – деп, маани бербептирмин.
Бирок студент кезимде, 1981-жылдары, таятамдын пластинкасын атайын сатып алып, анын күүлөрүн, ырларын улам-улам угуп калдым. Пластинканы көргөн курсташтарым таң калышчу. Ошондо мен сыймыктануу менен: – Бул менин таятам! – дечүмүн.
Бүгүн Кудайга шүгүр, кыргыз эли өз наркын таанып, улуттук мурасты аздектей баштады. Көчмөндөр оюндарында “Маш ботой” күүсүнүн кандай керемет аткарылганын көрүп, элдин жүрөгү кайрадан толкунданды. “Маш ботой”, “Күйдүм чок” сыяктуу чыгармалар улуттук мурастын алтын казынасына айланып, бүгүн да эл ичинде жаңырып жатканы мага чоң кубат берет. Кыргыз элинин жүрөгүнө күүсүн түбөлүк калтырган улуу композитор, комузчу-виртуоздун небереси экениме жаратканга ыраазымын.
Атайдын таланты – элдин сыймыгы
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында таятам өзүнүн таланты менен көпчүлүктү таң калтырган. Нота билбесе да, жүрөктөн чыккан күүлөрдү жаратып, кыргыз музыкасынын кайталангыс феномени болуп калды. Орус окумуштуулары да анын өнөрүнө суктанган. Музыка таануучу В. Виноградов: “Атайды таанып, кыргыз элин жакшы көрдүм” – деп айткан. Ал эми Шубин: “Ал жүрөктөн чыккан күүлөрдү жараткан композитор” – деп баалаган.
Үй-бүлөнүн тагдыры жана апамдын баяны
Апам Саадакандын тагдыры да өзүнчө бир татаал тарых. Апамды төрөгөндөн кийин Жумагүл таэнем жаш өтүп, апам таэнесинин колунда чоңоёт. Он төрт жашында гана атасы Атай экенин билип, Фрунзеге барып биринчи жолу көрүшкөн. Апамдын айтымында, таятам шайыр, сөзгө курч, чыгармачылыкка берилген адам болгон. Кээде күү жаратуу учурунда бөлмөсүнөн күндөп чыкпай калган учурлар да болуптур.
Көрө албастык жана армандуу өмүр
Тилекке каршы, улуу таланттын жолу дайыма эле жылмакай болгон эмес. Айрым чыгармаларын башка бирөөлөргө таандык кылып, бут тосушкан учурлар да кездешкен. Таятамдын эң чоң арманы – акыркы чыгармаларынын татыктуу колдоого алынбай калганы болсо керек.
Анын китебинде мындай саптар бар:
“Анын жашап калышынын кубаттуу куралы чыгармачылык эле…”
Чыгармачылык — анын өмүрүнүн деми болгон. Ал дем акырындап солгундаганда, өмүр суусу да түгөнүп калган. Кырк тогуз жаш — залкар үчүн өтө эле эрте кеткен курак…
Мурас унутулбайт
Бүгүн да Атай Огонбаевдин күүлөрү өчкөн жок. Анын мурасын неберелери, чөбөрөлөрү улап, изилдеп жатышат. Чөбөрөсү Канат Чымботоев чыгармаларын түрк дүйнөсүнүн мурасы катары ЮНЕСКОнун реестрине киргизүү аракетин баштады. Бул ар бирибизге чоң үмүт берет.
Таласта өткөн “Эсимде” эл аралык фестивалы да улуу инсандын чыгармачылыгын кийинки муунга өткөрүүнүн айкын далили.
Атай Огонбаев – кыргыздын жүрөгүнөн жаралган улуу күү дүйнөсү. Биз, кийинки муундар, залкарлардын өмүрүн, эмгегин айтып, мурасын сактап өтүүгө милдеттүүбүз.
Кыргыз элиме тынчтык, өсүү, ден соолук каалайм. Улуттук наркыбызды унутпай, ар дайым аздектеп жүрөлү.
