Сүрөтчү Мамыралы Эшбаев: «Көргөнүңдү эмес, сезгениңди тарт»
20 март

Сүрөтчү Мамыралы Эшбаев: «Көргөнүңдү эмес, сезгениңди тарт»

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү жана педагог Мамыралы Эшбаев үчүн көркөм сүрөт – жөн гана көргөндү кагазга түшүрүү эмес, адамдын ички дүйнөсүн ачкан татаал искусство. Ал реализм менен катар сюрреалисттик ыкмаларды колдонуп, адам тагдырынын карама-каршылыктуу жагдайларын сүрөттөрүндө чагылдырып келет. Бул жолку маегинде сүрөтчү чыгармачылык жолун, искусствонун философиясын жана бүгүнкү күндө сүрөтчүлөр кандай шартта иштеп жатканын айтып берди.

– Сиз сүйүп тарткан темалар кандай? Чыгармаларыңызда көбүнчө кайсы мазмун үстөмдүк кылат?

– Мен көбүнчө жашоонун ак-карасы, контрасттуулугу тууралуу композицияларга кайрылам. Жашоонун өзү да ошондой эмеспи – ачуу-таттуусу аралаш. Бир дагы адамдын тагдыры бир калыпта өтпөйт: кээде бактылуу, кээде бактысыз учурлар болот. Мына ушул карама-каршылык мени сүрөтчү катары ойлондурат жана чыгарма жаратууга түрткү берет.

– Адам тагдыры сыяктуу татаал темаларды чагылдырууда кайсы көркөм ыкмага көбүрөөк кайрыласыз?

– Кээ бир темаларды реалисттик ыкма менен жеткирүү кыйын болуп калат. Андай учурда мен сюрреалисттик ыкмага кайрылам. Мисалы, “Улуулукка умтулуу” деген эмгегим дал ошол ыкмада тартылган. Жалпысынан мындай багыттагы иштерим бир топ.

– Сюрреализмде иштөө реализмге караганда татаалыраак көрүнөт. Сүрөтчү үчүн негизги нерсе эмне?

– Кайсы жанрда иштебе, эң башкысы – сезим менен иштөө. Сүрөтчүлөр арасында “Көргөнүңдү тартпа, сезгениңди тарт” деген сөз бар. Бир нерсени жөн гана көчүрүп тартуу жетишсиз. Аны жүрөгүңдөн өткөрүп, өз жан дүйнөңдү кошуп тартсаң гана ал жандуу искусство болуп калат.

Муну сүрөтчүлөр “живое описание” деп коюшат. Устатыбыз Орзубек Даиров: “Көчүрмөнү фотограф да жасай алат. Бирок сүрөтчү эмгегине жан дүйнөсүн кошушу керек” деп көп айтчу.

– Сүрөтчүлүккө кызыгууңуз бала кезде эле башталган экен. Ошол жолго түрткү берген окуяларды эстей кетсеңиз.

– Мен Ала-Бука районунун Ызар айылында чоңойдум. Айылдын кооз табияты бала кезден эле мага чоң таасир берчү. Таятам колхоздун раиси болгондуктан айылга чоң клуб салдырган. Клубдун дубалдары менен шыптарына укмуш кооз сүрөттөр тартылган эле.

Биз балдар ал жакка кирип, дубалдагы сүрөттөрдү карап суктанчу элек. Ошол учурда “ушундай чоң сүрөттөрдү тарткан адам ким болду экен?” деп кызыгып, өзүм да сүрөтчү болууну кыялданчумун. Кийин билсем, ал иштерди биздин жердешибиз Полот аттуу сүрөтчү тарткан экен.

Андан тышкары сол колу менен сүрөт тарткан бөлөм Турдубаев Ормон Фрунзеде окуп жүрчү. Ал айылга келген сайын мага этюд деген эмне, сүрөтчүлөр кантип иштейт — баарын түшүндүрүп берчү. Ошондон кийин бул өнөргө кызыгуум күчөдү.

Мектепте окуп жүргөндө жазуучу Жунай Мавлянов агай келди. Ошондо анын портретин тартуу мага тапшырылган. Жазуучу сүрөттү көрүп, батасын берип, “Чуйковдой, Айтиевдей сүрөтчү бол” деп башымдан сылап кеткен. Бала кезде айтылган ошол сөздөр мен үчүн чоң дем болгон.

– Көргөзмөлөрдү уюштуруу канчалык кыйын?

– Көргөзмө өткөрүү чоң эмгекти жана энергияны талап кылат. Бирок чыгарма өнөрканада жыйылып тура бербей, элге көрсөтүлгөнү жакшы. Көрүүчүлөрдүн баасы сүрөтчүгө күч-кубат берет.

Мен ОшМУда иштейм. Көп учурда көргөзмөлөрдү уюштурууда окуу жайдын жетекчилиги жардам берет. Мисалы, Оштон Бишкекке 120дан ашык эмгекти алып келип көргөзмөгө коюу чоң уюштуруучулукту талап кылат.

– Бүгүнкү күндө сүрөтчүлүк аркылуу киреше табуу мүмкүнбү?

– Сүрөтчүлөрдө “салондук иштер” деген түшүнүк бар. Белекке же интерьер үчүн көбүнчө ошол иштер сатылат. Ал эми чыныгы чыгармачылык эмгектердин кардарлары сейрек, көбүнчө чет элдиктер болот.

Мисалы, Кипрдеги көргөзмөмдө бир картинамды кымбат болсо да сатып алышкан. Чет өлкөлөрдө абстракция, сюрреализм жана авангарддык багыттар жакшы бааланат.

– Шакирт тарбиялоо иши кандай жүрүп жатат?

– Мен педагог-сүрөтчүмүн, ошондуктан дайыма шакирттер менен иштейм. Айрым студенттердин арасынан чындап дилгир, таланттуу балдар дароо байкалат. Аларга өзгөчө көңүл бурабыз.

Сүрөтчү болуу үчүн жөн гана сүрөт тартуу жетишсиз. Сүрөтчү философиялык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болушу керек. Математика, геометрия, композиция, перспектива — мунун баары сүрөт искусствосунда чоң роль ойнойт.

– Кыргызстанда сүрөт искусствосунун азыркы абалын кандай баалайсыз?

– Союз тарагандан кийин сүрөтчүлөр үчүн оор мезгилдер болгон. Көптөр чыгармачылык менен жашоо кыйын болуп калганын башынан өткөрдү. Ошол жылдары мен “Кузгундардын салтанаты” деген эмгегимди тарткам. Ал өз учурунда чоң резонанс жараткан.

Азыр болсо жаңы муун өсүп келе жатат. Интернет, видеосабактар аркылуу дүйнөдөгү мыкты сүрөтчүлөрдүн иш ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз студент кезде мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошондуктан келечекте мыкты сүрөтчүлөр чыгарына ишенем.