Канатбек Мурзахалилов: Борбор Азия диалог траекториясына чыгууда
21-декабрда Санкт-Петербургда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгын алышты. Формалдуу түрдө бул салтанаттуу азем болгону менен иш жүзүндө Борбор Азияны көйгөйлөрү үчүн эмес, макулдаша билүү жөндөмдүүлүгү үчүн белгилеген сейрек учур. Бул окуянын артында эмне турат жана ал аймактын абалын кандайча өзгөртөт, бул тууралуу "Гуров жана өнөктөштөр – Борбордук Азия" коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандидаты Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
– Санкт-Петербургда Борбор Азиядагы үч өлкөнүн лидерлери Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгын алышты. Сиздин көз карашыңызда, бул канчалык маанилүү?
– Эгерде муну протоколдук логикада карай турган болсок, иш-чара көптөгөн эл аралык аземдердин бириндей эле болушу мүмкүн. Бирок менин оюмча, мааниси тереңирээк. Сыйлык - Борбор Азияда маанилүү саясий жылыш болгонун эл алдында таануунун бир түрү болуп калды. Көп жылдар бою чыр-чатактар, чек ара талаштары жана туруксуздук менен байланышып келген чөлкөм, бул жолу башка себеп менен көңүл борборунда болду. Бул сүйлөшүүгө жөндөмдүүлүк жана өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти алуу жөнүндө болуп жатат.
Маанилүүсү, сыйлык абстракттуу билдирүүлөр үчүн эмес, конкреттүү натыйжа үчүн берилди. Сөз постсоветтик мейкиндиктеги эң татаал чек ара түйүндөрүнүн бири болгон Фергана өрөөнүндөгү кырдаалдын турукташуусу тууралуу болууда. Эл аралык коомчулук үчүн мындай кадам Борбор Азия өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кирип жатканынын белгиси болуп саналат.
– Ошондо, 2025-жылдын мартында кол коюлган келишимдер жөнүндө сөз болуп жатабы?
– Ооба, биринчи кезекте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндөгү келишим жана түбөлүк достук жөнүндөгү Хужанд декларациясы жөнүндө. Фергана өрөөнү ондогон жылдар бою чыңалуунун булагы болуп келген. Чек арадагы ар кандай окуялар тез эле саясий өң-түскө ээ болуп, олуттуу жаңжалдарга алып келиши мүмкүн эле.
Азыр маселе саясий-дипломатиялык жол менен, болгондо да тышкы арбитрсиз, ири державалардын кысымысыз жана таңууланган компромисс формулаларысыз чечилди. Постсоветтик мейкиндик үчүн бул, балким, үч мамлекеттин лидерлери жыйынтык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жетилген чөлкөмдүк чечимдин сейрек кездешүүчү мисалдарынын бири.
– Сиздин оюңузча, макулдашууга эмне үчүн эми гана барышты?
– Кыязы, бул жерде бир нече фактор дал келди. Биринчиден, глобалдык контекст өзгөрдү. Дүйнө ресурстар, транспорттук коридорлор жана таасир үчүн күрөш күчөгөн катаал көп уюлдуулук фазасына кирди. Мындай шартта ички чыр-чатактар соодалашуу куралы болуудан калып, аялуу абалга айланат.
Экинчиден, туруксуздуктун баасы тууралуу түшүнүк өстү. Борбордук Азия үчүн ар кандай создугуп кеткен чыр-чатак инвестициялык жагымдуулуктун жоголушун, тышкы кысымдын күчөшүн жана сүйлөшүү позицияларынын алсырашын билдирет. Кыязы, дал ушул түшүнүк чөлкөмдүн лидерлерин компромисс издөөгө түрткү берди.
– Бул контекстте Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгынын өзү канчалык маанилүү?
– Сыйлык 2022-жылы негизделген, салыштырмалуу жаш. Бирок сыйлыктын жашы эмес, аны тапшыруу логикасы маанилүү. Борбор Азиянын президенттерине чейин Африка союзу конфликтти азайтуу боюнча реалдуу аракеттери үчүн лауреат болгон. Бул сыйлык, кыязы, саясий индикатор катары колдонулуп жатканын билдирет. Ушул мааниде Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерин тандоо абдан ырааттуу көрүнөт. Эл аралык коомчулук жыйынтыкты белгилеп, ошону менен чөлкөмдүк демилгелер бааланып, колдоого алынарын билдирди.
– Борбор Азия ири державалардын тышкы саясатынын объектиси болуудан калып баратат деп айтууга болобу?
– Процесс, албетте, жүрүп жатат, бирок аяктады деп айтууга эрте. Узак убакыт бою чөлкөм башка оюнчулардын, анын ичинде Россиянын, Кытайдын, АКШнын жана Европа Биримдигинин кызыкчылыктарынын призмасы аркылуу каралып келген. Борбор Азия көп учурда арена катары пайдаланылган, бирок саясий оюндун толук кандуу катышуучусу болгон эмес.
Азыр кырдаал акырындык менен өзгөрүүдө. Ички туруктуулук жана диалогго жөндөмдүүлүк чөлкөмдүн негизги ресурсуна айланууда. Дал ушул нерсе Борбор Азияны тышкы байланыштарда кызыктуураак жана көз карандысыз өнөктөш кылат.
– Бул тенденциянын практикалык далилдери барбы?
– Абдан көрүнүктүү далилдерге ээ. "Борбордук Азия – Кытай", "Борбордук Азия – Европа Биримдиги", "Борбордук Азия – Россия", "Борбордук Азия – АКШ", "Борбордук Азия – Япония" форматтарында саммиттер жана жолугушуулар өтүүдө. Бул чөлкөм менен барган сайын бир бүтүн катары сүйлөшүп жатышканын көрсөтөт.
Мындан тышкары, Перс булуңунун өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Бахрейн жана Оман менен активдүү диалог жүрүп жатат. Ошондой эле Түркия, Иран, Индия жана Пакистан менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Байланыштардын мындай географиясы тышкы саясатты диверсификациялоону жана бир багытка байланбоо аракетин билдирет.
– Чөлкөм бекем туруктуулук мезгилине кирип жатат деп эсептесе болобу?
– Мен муну мындайча түшүндүрмөкмүн. Чынында эле туруктуулук үчүн шарттар пайда болду, бирок кепилдик жок. Тышкы акторлордун кысымы сакталып калышы мүмкүн. Суу жана климаттык тобокелдиктер күч алууда. Экономикалык дисбаланстар дагы олуттуу фактор болуп саналат. Негизги маселе - Борбор Азия жетишилген консенсусту мындан ары да кайталай алабы? Эгерде азыркы тажрыйба жүрүм-турумдун модели болуп калса, анда чөлкөм өз позициясын чындап бекемдейт. Эгерде макулдашуулар бир жолку эпизод бойдон калса, анда натыйжа чектелүү болот.
– Сиз кайсыл божомолду бир топ реалдуу деп эсептейсиз?
– Божомол көбүрөөк кылдат оптимисттик негизде. Борбор Азия эл аралык системадагы өз ордун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эгерде чөлкөмдүн лидерлери татаал маселелерди эл алдында курчутпай жана демилгени тышкы оюнчуларга өткөрүп бербей чечүүнү улантышса, анда аймак эл аралык мамилелердин өз алдынча субъектиси катары статусун бекемдей алат. Ушул мааниде Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгын өткөндүн сыйлыгы эмес, келечекке болгон ишеним кредити катары кабыл алуу керек. Бул Борбор Азияны олуттуу кабыл ала баштоонун белгиси. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо маанилүү.
