Игорь Беляев: Балдар үйүнүн тарбиялануучулары чоң жашоого: жалгыз, акчасыз, үйсүз аттанышат
7 февраль

Игорь Беляев: Балдар үйүнүн тарбиялануучулары чоң жашоого: жалгыз, акчасыз, үйсүз аттанышат

Игорь Беляев – балдар үйүнүн тарбиялануучусу жана учурда “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондун негиздеп, өзүкүндөй тагдырга кабылган, ата-эненин мээримисиз чоңойуп жаткан балдарга кам көрүп келет. Биз аны менен балдар үйүндөгү жашоо, анда чоңойуп жаткан балдарды күткөн келечек жана улуулардын балдардын алдындагы жоопкерчилиги тууралуу маектештик.

– Балдар үйүнөн коомдук фондду түптөөгө чейинки жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз? Эч кимдин көмөгүсүз, таянычсыз чоң жашоонун агымына кошулуу канчалык кыйын?

– Мен Краснореченская мектеп-интернатын 2010-жылы аяктадым. Колуңа паспорт алгандан кийин балдар үйүнөн кетүүгө туура келет, мен да кеттим. Бирок жашай турган жерим жок болгондуктан, түз айтканда көчөдө калгам. Кудай жалгап, ошондой кыйын күндөрдүн биринде Hyatt отели жумушка чакырып калды. Жумушка орношкондон кийин жашоом бир аз болсо да бир нукка түшкөндөй болду. Бул менин тагдырымдагы чоң бурулушка айланды десем болот. Эки жылдан кийин “Жетим балдардын укугун коргоо” фондун ачтым. Анткени, балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын дээрлик баары эрезеге жетип, чоң турмуштун агымына кошулгандан кийин окшош кыйынчылыкка кез келишет. Мен аны өз жон терим менен сездим, анан менин артымдан өсүп келаткан балдар мен көргөн кыйынчылыкты көрүшпөсө экен деген тилек пайда болду. Аларды турмуштун бороонунан кайсы бир деңгээлде калкалоо, туура жол көрсөтүү, керек кезде таяныч да болуп берүү – фонд аркылуу көбүрөөк ишке ашаарын түшүндүм.

– 18 жашка чыккан бала балдар үйүнөн кете турганын айттыңыз. Башка өлкөлөрдө, мисалы Россияда балдар үйүнүн тарбиялануучулары мамлекеттен турак жай менен камсыздалышып, ошол үйдө жашоосун улантып, иштегени иштеп, окуганы окуусун улантат. А биздин балдар кайда барышат?

– Бизде көбү 18 жаштан кийин өз көйгөйлөрү менен бетме бет жалгыз калышат. Ата-эне деген таянычы жоктугу аз келгенсип, тилекке каршы, мамлекеттин да реалдуу колдоосун сезишпейт.

Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдү политехникалык жана кесиптик багытта билим берүүчү, жатаканасы бар лицейлерге жиберишет. Ал жакта бир жылдай билим алышат. Бирок бул бир жыл аяктагандан кийин улан-кыздар кайра эле жалгыз калышат. Кайда барышты, кимге кайрылышты билишпейт. Балдар үйүнүн көпчүлүк бүтүрүүчүлөрүнүн турак жай алууга, туруктуу каттоого турууга, билимге жана социалдык колдоого жеткиликтүүлүк боюнча өз укуктарынан кабары жок. А бул өз кезегинде көйгөйлөрдүн узун чынжырчасын пайда кылат:

Үйүң болбосо, туруктуу каттоого тура албайсың.

Туруктуу каттооң жок болсо – билим алууга жеткиликтүүлүк азаят.

Билимиң болбосо – жумушка орношуу мүмкүн эмес.

Туруктуу каттооң болбосо – медициналык жардам алуу жана социалдык турак жайга кезекке туруу кыйындайт.

Ушинтип аягы жок чынжырча башталат, андан бүтүрүүчүлөр өз алдынча чыгып кетиши кыйын.

– Мындай түгөнгүс маселелердин жаралышына кайсы тараптын жоопкерчилиги көбүрөөк деп ойлойсуз?

– Бүтүрүүчүлөргө кам көрүү бир гана мамлекеттин милдети болбошу керек. Балдар үйүнүн жетекчилери дагы балдарды чоң турмушка алдын ала даярдоого тийиш. Ошол эле турак жайга кезекке туруу, туруктуу каттоо, социалдык адаптациялоо жана билим алууга байланышкан маселелерди балдар балдар үйүндө жүргөн кезинен эле баштап, көмөк көрсөтүшсө жакшы болмок.

Бул көйгөйлөр бүгүнкү күндө абдан курч жана тез арада көңүл бурууну талап кылат. Жыл сайын балдар үйлөрүнөн 300дөй бала өз алдынча жашоого аттанат. Алардын ар бири колдоого, насаатчыга жана укугун коргоп берүүчүлөргө муктаж.

Жетим балдардын маселесин чечүүгө системалуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек. Үй-бүлөсүз калган жана биздин жардамыбызга абдан муктаж балдарды унутууга акыбыз жок.

– Балдар көбүнчө кандай себептерден улам балдар үйүнө түшөт?

– Маанилүү статистиканы эске салайын:

Мамлекеттин карамагындагы балдардын 96 пайызы – социалдык жетимдер. Булар мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылгандар же ата-энеси татыктуу келечек камсыз кылып бере албагандар.

Ал эми тоголок жетимдер 4 пайызды гана түзөт.

Жетим балдардын 10 пайызга жакынынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Тилекке каршы, алардын көбү өмүрүн психоневрологиялык мекемелерде – биринчи балдардын, андан соң чоңдордун интернатында, жандүйнөсү жабыркап, көйгөйлөрү менен жалгыз күрөшүп жана үй-бүлөнүн жылуулугун сезбей өткөрүүгө аргасыз.

Ата-эненин камкордугусуз калган балдар, булар көбүнчө оор турмуштук кырдаалдын курмандыктары: жакырчылык, миграция, жоопкерчиликсиз улуулар. Ата-энелер чет өлкөлөргө кетишет дагы, балдарына кам көрүү түйшүгүн мамлекеттин моюнуна илип коюшат.

Эң кайгылуусу жыл өткөн сайын мындай балдардын саны азайбай эле, көбөйүп жатат.

Биздин максат – балдар үйүнө жардам берүү гана эмес, балдардын ал жакка барышына мүмкүн болушунча жол бербөө.

Бул үчүн оор кырдаалда калгандарды колдоо маанилүү. Бала мамлекеттик мекемеде эмес, үй-бүлөдө өсүшү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасашыбыз керек.

– Кыргызстанда канча балдар үйү бар жана сиздин фонддун алардын баарын камтууга дарамети жетип жатабы?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 60ка жакын балдар үйү бар:

  • социалдык жана жеке балдар үйлөрү;
  • диний: православдык жана башкалар;
  • психоневрологиялык интернаттар жана социалдык мекемелер.

Алар өлкөнүн ар кайсы райондорунда жайгашкан.

Тилекке каршы, анда жашаган балдардын саны менен кошо балдар үйлөрүнүн да катары кеңейүүдө. Бул жалпы коом үчүн тынчсыздандыруучу коңгуроо.

– Фонд тарабынан кандай иштер жасалды жана алдыда дагы кандай пландарыңыздар бар?

– Биз түптөлгөндөн бери абдан чоң иштерди жасадык деп айтсам болот. Социалдык балдар үйлөрүнө, майыптыгы бар балдар жашаган мекемелерге көп колдоо көрсөттүк. Мисалы, эмерек, тамак-аш, кийим-кече жагынан, айрым учурда чатырын оңдош керек болуп калат же дагы бир көйгөй жаралат. Биз кандай муктаждык болбосун, өз учурунда жардам берүүгө аракеттенебиз.

– Сиздерге жардам кайсы жактан түшөт, коомчулукта кайрымдуу адамдар көппү?

– Бизге кол сунуп, моралдык, каржы жана тиричилик жагынан колдоо көрсөткөн ар бир жаранга ыраазычылыгымды билдирем. Алар – карапайым адамдар, ишкерлер ж.б. Алардын жардамы менен ата-эненин мээриминен өксүгөн балдарга үй-бүлөсүнүн ордун толтура албасак да, жок дегенде жашаган жерин ыңгайлуу кылууга аракеттенип келебиз. Буйруса, балдар үйлөрүнүн шарты жылдан жылга жакшырып баратат.

– Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү эмнени өзгөрткүңүз келет?

– Мен балдар үйүнүн өзгөрүшүн эмес, эч бир бала ал жакка барбашын каалайм. Мен үчүн кандай болсо да үй-бүлөнү сактап калуу маанилүү. Жакырбы, байбы – баланын өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда жашаганына эч нерсе жетпейт. Бирок ошол эле учурда баланын укугу тебеленип, аморалдык жашоо образы орногон, зомбулук болгон, ичимдик ичилген үй-бүлөдө өскөнгө караганда балдар үйүндө тарбияланган жакшы. 

– Жашооңузда сизге жол көрсөтүп, боор толгогон жакын адам таба алдыңызбы?

- Балдар үйүнөн кеткенимден кийин ата ордуна ата тутунган бир адам болду. Ал мага насаатын айтты, жол көрсөттү, жашоодон ордумду табышыма кайсы бир деңгээлде салымын кошту. Балким, үй-бүлөдө өскөн адамдар үчүн бул мыйзам ченемдүү эле нерседир, а биз ар бир сунулган кол, жылуу сөз, акыл-кеңешти тагдырдын белегиндей эле кабыл алабыз.