Арууке Абдыкалыкова, ырчы: «Бегимай – сахнада берилген жоопкерчилик»
26 декабрь

Арууке Абдыкалыкова, ырчы: «Бегимай – сахнада берилген жоопкерчилик»

Кыргыз маданий мейкиндигинде “Раймаалы жана Бегимай” этномюзикли өзгөчө көрүнүш болуп калды. Бул долбоордун ажарын ачкан Бегимайдын образы көпчүлүктүн алкоосуна татыды.  Аны жараткан 23 жаштагы Арууке Абдыкалыкова үчүн бул роль чыгармачылык жолдогу чоң экзамен болду.

– Арууке, Бегимай фольклордук каарман. Сиз бул образды өз дооруңузга кантип “тирилттиңиз”?

– Мен үчүн Бегимай тарыхтагы гана кыз эмес. Ал – тагдыр, тандап алуу, жоопкерчилик. Ошондуктан образды бүгүнкү жаш кыздын ички дүйнөсү аркылуу ачууга аракет кылдым. Сүйүүнү да, коркууну да, чечкиндүүлүктү да сахнада жашап өттүм.

– Сиз классикалык вокалдын өкүлүсүз. Элдик жанрга өтүү чыгармачылык компромисс болгон жокпу?

– Жок, компромисс эмес. Тескерисинче, профессионалдык кеңейүү болду. Классикалык вокал үндү тартипке салат, элдик ыр жүрөккө эркиндик берет. Экөөнү айкалыштыруу – мен үчүн чоң мектеп.

– Кастингде өзүңүздү татыксыз сезген учур болдубу?

– Ооба. Бирок ошол абал мени коркуткан жок, тескерисинче, чынчыл кылды. Мен образды “көрсөтүүгө” эмес, “жашоого” кирдим. Балким, режиссёрлор дал ошол жасалмасыз абалды көрүшкөндүр.

– Кастинг мезгилинде монолог аткарып жаткан учурда Сахнада ыйлап жиберген учуруң чечүүчү роль ойнодубу?

– Ал ый рол үчүн эмес, чыныгы сезимден чыкты. Себеби, кастинг учурунда “монолог билесиңби?” дешти. Акын Улугбек Омокеевдин “Эненин студент уулуна жазган каты” деген эссеси эсиме түштү. “Саламатсыңбы, садагаң болоюн, эркетайым” деп баштап эле эмнегедир алыстагы апамды эстеп ыйлагым келди. Ыйладым. Ал турсун комиссия мүчөлөрү да “апабызды эстеттиң” дешти.  Эгер сахнада чындык болбосо, көрүүчү дароо сезет. Ошондуктан ый - менин эмес, Бегимайдын көз жашы болду десем болот.

– Устатыңыз классикалык мектептин катуу талабын карманат. Бул образды кабыл алышы сиз үчүн маанилүү беле?

– Абдан маанилүү болчу. Анткени ал киши үнүмдү кайрадан калыптаган адам. “Мен өзүм даярдайм” дегени – мен үчүн чыгармачылык батасын бергендей болду.

– Домбраны кыска убакытта өздөштүрүү сахнадагы ишенимге таасир эттиби?

– Ооба. Аспапты колго алганда гана образ толукталды. Домбра – Бегимайдын үнү. Аны ишеним менен чертмейинче, каарман толук ачылбайт экен.

– Бул роль сизге атаандаштыкты, көз караштарды алып келди. Ал сизди сындырган жокпу?

– Жок. Тескерисинче, бышырды. Жалгыз даярданган учурлар өзүм менен бетме-бет калууга үйрөттү. Сахна - ар дайым сынак. Андан качпаш керек. Мен ошол мезгилде аткарчу ролумдан башка эч нерсени ойлонгон жокмун, Бегимайдын ролу Кудайдын мага берген мүмкүнчүлүгү, белеги ,  сыноосу катары кабыл алып, кайсынысы болсо да татыктуу көтөрүшүм керек деген ойдо болдум.

– Элдин реакциясы сизге эмне айтты?

– Эл унчукпай угуп, акырында узак кол чапканда, мен өз миссиямды аткаргандай сездим. Артист үчүн мындан өткөн бакыт,  ырахат жок.

– Келечекте өзүңүздү кайсы багытта көрөсүз?

– Мен опера ырчысы болууну тандайм. Бирок этномюзикл сыяктуу долбоорлор артистти жан-жактуу кылат. Ишеним болсо - мен сахнанын кайсы түрүнө болбосун даярмын.

– Сиз үчүн сахнанын башкы мыйзамы кайсы?

– Талап жана жоопкерчилик. Атак - максат эмес, анын артында калган из гана маанилүү.