Темир Сариев: Кыргызстан бизнеси. Дүйнөгө эмнеси менен кызыктуу жана эмнени өнүктүрүү керек?
Өткөн жылы Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 65 жылдык мааракесин белгиледи. Бирок бул уюм эмне менен алектенет, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө анын миссиясы жана ролу кандай, ишкерлерге кандай жардамдарды берип жатат, ошондой эле Кыргызстан бизнес жагынан жалпысынан эмнеси менен дүйнөгө кызыктуу жана кайсы тармактарды өнүктүрүү керек? Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев “Караван-Инфо” агенттигине берген маегинде айтып берди.
– Темир Аргембаевич, Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз.
– Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы – өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен кызматташууну жигердүү кеңейтип жаткан өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюм. Анын ишмердүүлүгү экономиканы өнүктүрүүгө, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен өндүрүштүк, илимий-техникалык жана соода байланыштарын чыңдоого багытталган.
КР Соода-өнөр жай палатасы ишкерлерди колдоо боюнча маанилүү миссияны аткарып келет. Уюм бизнес-форумдарды, бизнес-турларды, көргөзмөлөрдү жана конференцияларды уюштуруп, ата мекендик продукцияны илгерилетүүгө жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Иштин негизги багыттарынын арасында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес өнөктөштүгү үчүн шарттарды түзүү бар.
Акыркы жылдары палатанын иши жандана баштады. Бизнес актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтчага ээ болду, бул өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берди.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын негизги функциясы бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат. Уюм натыйжалуу диалогго жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү курууга шарттарды түзөт.
Акыркы убактарда Соода-өнөр жай палатасынын ишин жандандырдык, бизнести ойготуп, өлкө ичинде да, Кыргызстандын сыртында да бизнес чогулуп, кызматташуунун негизги маселелерин талкуулаган аянтча түзө алдык деп ойлойм.
– Бүгүнкү күндө Соода-өнөр жай палатасынын канча мүчөсү бар?
– Учурда 2600 мүчөбүз бар. Бирок саны дайыма өзгөрүп турат. Ар кандай себептер менен эки жылдан бери биз менен байланыша элек ишканалар бар болгондуктан, аудит жүрүп жатат. Андай мүчөлөрдү чыгарабыз, жаңы мүчөлөрдү дагы киргизебиз. Азыр Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндө 18,1 миң юридикалык жак бар. Анын 17 миңи кичи жана орто бизнес болсо, миңге жакыны гана ири бизнес катары саналган ишканалар.
Биз 2023-жылы 300 жаңы мүчөнү жана былтыр 404 жаңы мүчөнү кабыл алганбыз. Ар кайсы аймактардан мүчөлүккө көп катталышса, ошончолук алардын кызыкчылыгын коргоп, бизнеске, мамлекеттик органдарга туура сигналдарды бере алабыз.
– Өткөн жылы Соода-өнөр жай палатасынын алкагында көптөгөн стратегиялык иш-чаралар өттү. Алардын кайсынысы өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү деп эсептейсиз?
– Сөзүмдүн башында айта кетейин, 2024-жыл юбилейлик жыл – Соода-өнөр жай палатасынын түзүлгөнүнө 65 жыл болду. Биз иш-чараны өнөктөштөрүбүздүн – чет өлкөлүк жана мамлекеттик органдардын жана албетте, бизнестин чакыруусу менен өткөрдүк. Ал эми биз Соода-өнөр жай палатасынын ролун, ордун жана маанисин көрсөтө алдык, анткени мындай иш-чаралар ийгиликтер жана кыйынчылыктар жөнүндө сөз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, 2024-жылы КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан экономиканы өнүктүрүүгө жана эл аралык мамилелерди чыңдоого багытталган бир катар маанилүү стратегиялык иш-чаралар уюштурулган. Алардын арасынан төмөнкүлөрдү белгилесек болот:
Бизнес-форумдар жана бизнес-кеңештер эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоого, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулоого жана кыргыз товарларынын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө салым кошту.
Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуунун келечектүү багыттары талкууланган алдыңкы инвесторлорду жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан эл аралык инвестициялык форум. Ал чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
КР Соода-өнөр жай палатасынын санариптик соода платформасы – бул бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүчү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгуусуна көмөктөшүүчү жана жаңы сатуу каналдарын түзүүчү долбоор.
Ар түрдүү тармактык көргөзмөлөр ата мекендик өндүрүшчүлөргө өз продукцияларын кеңири аудиторияга, анын ичинде чет элдик өнөктөштөргө тартуулоого жана кирешелүү келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
ЕАЭБ алкагында кызматташууну кеңейтүү – Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар уюштурулуп, соода тоскоолдуктарын жоюу жана кыргыз товарларын экспорттоо шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулоого жол ачты.
Бул иш-чаралар бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстандын экономикалык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө негизги ролду ойноду.
– Соода-өнөр жай палатасы жана анын мүчөлөрү 2024-жылы көп саякатка чыгышты. Кыргызстан эмнеси менен дүйнөгө кызык? Азыр биздин өлкө жана анын жарандары учурдагы жана келечектеги өнөктөштөрүнө эмне сунуштай алат?
– Чынын айтсак, товарды айта турган болсок, экспорттук потенциалыбыз аз. Баалуу металлдарды жана жер металлдарын, аз сандагы айыл чарба продукциясын экспорттойбуз. Бул рынокто ири өндүрүүчүлөр жок. Өнөктөштөр туруктуу акча алып келген экотуризмге кызыгышат. Бул тармакта акча табууга болот. Көргөзмөлөр жана форумдар дүйнөдөгү жаңы тенденциялар жана технологиялар менен таанышууга мүмкүндүк берет. Биздин ишкерлер саякаттаганды жакшы көрүшөт. Виза жана башка жактан колдоолорду көрсөтөбүз. Биз гиддер жана котормочулар боюнча жардам беребиз.
Биздин дагы бир маанилүү багыт – Россия Федерациясы, ал жакка кийим тигүү өнүмдөрү жана азык-түлүк ташылат. Албетте, маанилүү багыт болуп Түркия да эсептелинет. Келечекте – Европа. Араб дүйнөсүнүн өлкөлөрүнө келсек, бул жерде алардын финансылык тартылуусу жөнүндө сөз болуп жатат жана албетте, алар биздин туризм жана жаратылышка кызыгышат. Былтыр эле Кытай, Корея, Германия, Чехия, Италия, АКШга турлар болгон. Соода-өнөр-жай палатасынын байланыштары жаңы горизонтторду ачат, жардам берүүгө даярбыз. Онлайн-аянтчаларда кантип соода жүргүзүү керек деген теманын тегерегиндеги семинарларды да унутта калтырган жокпуз. Тигүү тармагы мындан ары да өнүгөт. Биздин алдыбызда бул багытта Өзбекстанды озуп өтүү милдети турат жана муну премиум-класс сегментинде иштөө менен жолго коюуга болот. Бул соода аянтчалары менен да, чийки зат өндүрүүчүлөр менен да түздөн-түз байланышта болгондо гана ишке ашат.
– Дүйнөгө дагы эмнебиз менен кызыктуубуз?
– Азыр өлкө логистикалык хаб катары абдан жакшы иштеп жатат. Мисалы, Россиянын Кытай менен товар жүгүртүүсү 2024-жылы 244 миллиард долларды түзгөн. Бул ири көлөмдөгү чийки заттарды, анын ичинде мунай, газ жана металл менен камсыз кылууну эсепке алгандагы көрсөткүч. Ал эми Кыргызстан 2023-жылы Кытай менен товар жүгүртүүнү чийки зат сатпай туруп эле 20 миллиард долларга чейин жеткирди. Бул укмуштуудай логистикалык потенциалды көрсөтөт. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жүктөрдү укмуштуудай тез жеткирүүгө, жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга жардам берет. Бул Европага эң ылдам жол болот. Биз өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча да, кийинки жылга божомолдор боюнча да соода көлөмүнүн өсүшүн күтөбүз.
Кыргызстан геосаясий жана экономикалык толкунду кармашы керек, бул ага региондогу хаб катары өз ордун табууга мүмкүндүк берет. Биз генетикалык жактан тез өздөштүрүп кетүүгө жөндөмдүүбүз.
IT секторунун да укмуштуудай потенциалы бар. Программисттерди тарбиялоого, ошондой эле тектеш кесиптерди өнүктүрүүгө убакыт келди. Ишибизде деле баарын санариптештирүүгө аракет кылып жатабыз. Бизде, Соода-өнөр жай палатасында электрондук форматта кызмат көрсөтүү платформасын түздүк, ал ишке ашырылууда. Бардык мүчөлөргө жеткиликтүү болот, тейлөөлөрдү жана сертификаттарды алышат. Кыргызстан уникалдуу экологиялык таза азык-түлүк рыногуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул популярдуу багыт.
