Канатбек Мурзахалилов: Дин жана геосаясат. Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин чечимдерин эмне аныктайт
Ирандын тегерегиндеги аскердик чыр-чатактын курчушу, коалициялардын кеңейиши жана аймактагы чыңалуунун күчөшү эл аралык саясатта диний фактордун ролуна байланышкан маселени кайрадан күн тартибине койду. Ислам мамлекеттердин чечимдерине канчалык таасир этет жана идеология менен прагматикалык эсептөөнүн ортосунда чек ара кайсы жерде?
Бул тууралуу биз "Гуров жана өнөктөштөр – Борбор Азия" коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандидаты Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
– АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунун фонунда Сауд Аравиясы жана БАЭ Тегеранга каршы коалицияга кошулду. Бул эмнени билдирет?
– Менин оюмча, бул конфликттин кеңейип, аймактык коопсуздуктун конфигурациясынын бара-бара өзгөрүп жатканынан кабар берет. Карама-каршылык эки тараптуу форматтан чыгып, мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнө тартылууда. Конфликт тобокелдиктерди жогорулатып, аскердик-саясий чыңалууну күчөтөт. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн согуштук аракеттерге кошулушу күчтөрдүн тең салмактуулугун олуттуу түрдө өзгөртөт. Мындай шартта дипломатиялык чечимдер үчүн мейкиндик кыскарып, күч куралдары активдүү колдонулушу мүмкүн.
– Мусулман өлкөлөрүнүн позициясын диний фактор аныктай алабы?
– Практика көрсөткөндөй, дин коомдук маанайга жана саясий риторикага таасир этет. Бирок мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктардан, коопсуздуктан жана стратегиялык туруктуулуктан улам кабыл алынат. Символикалык тилектештикке караганда экономикалык байланыштар жана союздаштык милдеттенмелер маанилүү болуп калат. Ислам фактору эмоциялык фонду күчөтүшү мүмкүн, бирок реалдуу саясатта прагматикалык эсептөө үстөмдүк кылат.
– Бирок Палестина маселесинде Израилге каршы эң катаал позицияны Иран ээлейт эмеспи.
– Тегеран үчүн Палестина темасы таасирин күчөтүүгө жана каршылык көрсөтүү борборунун образын калыптандырууга багытталган кеңири аймактык стратегиянын бир бөлүгү болуп саналары баамдалып турат. Ал ички консолидация функциясын да аткарат. Ислам ичиндеги келишпестиктер, анын ичинде сунниттер менен шииттерге бөлүнүү сакталууда. Бул биримдик жана стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү декларацияларга караганда тереңирээк мааниге ээ. Ушул нерсе ислам дүйнөсүнүн ичинде бирдиктүү позицияны түзүүнү ого бетер татаалдаштырат.
– Геосаясат динден маанилүү экенин далилдөөдө көбүнчө Азербайжандын мисалы айтылат.
– Азербайжандын мисалы улуттук кызыкчылыктар диний жакындыктан артыкчылыктуу экенин көрсөтөт. Калкынын көпчүлүгү шииттер болгонуна карабастан, Баку тышкы саясатын коопсуздук, аймактык бүтүндүк жана стратегиялык өнөктөштүк маселелеринин негизинде курат. Президент Алиев ушул приоритеттердин логикасында иштейт. Азербайжан ири державалардын ортосунда тең салмактуулукту сактоого умтулат, бул анын тышкы саясий абалынын татаалдыгын чагылдырат. Аскердик кызматташтык жана энергетикалык күн тартиби диний иденттүүлүктөн маанилүү болуп саналат.
– Сиздин оюңузча, иран коому диний жактан канчалык мобилизацияланган?
– Иран коому бир тектүү эмес. Бир катар изилдөөчүлөрдүн баамында, ири шаарларда светтик социалдык чөйрө бир топ басымдуулук кылат, ал эми провинцияда салттуу көз караштардын таасири күчтүүрөөк. Саясатты жана динди кабыл алуудагы муундар аралык ажырым да бар. Буга байланыштуу өлкөнүн толук диний бир тектүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк жөнөкөйлөтүлгөн болуп көрүнөт. Өлкөнүн ичиндеги социалдык динамика татаал жана бир беткей эмес бойдон калууда. Коомдун мобилизация даражасы көбүнчө бийликтин учурдагы саясий кырдаалды башкаруу боюнча аракеттерине жана тышкы кысымдын деңгээлине жараша болот, бул 2025-жылдын аягында эле байкала баштаган.
– Аналитиктер толук масштабдуу аскердик операция болгондон кийин Ирандан качып чыккандардын агымы көбөйөрүн болжолдошууда. Аларды кабыл алуу жагы кандай болот?
– Мамлекеттердин бул маселеге болгон мамилеси бир топ айырмаланат. Акыркы он жылдыктарда Афганистан, Ирак, Сирия, Ливия жана Палестинанын көптөгөн качкындарын Европа жана АКШ мамлекеттери кабыл алып, аларга мыйзамдуу статус жана интеграция мүмкүнчүлүктөрүн беришкен. Мусулман өлкөлөрүнүн качкындарга карата саясаты бир түрдүү болгон эмес жана экономикалык ресурстарга, ички туруктуулукка жана коопсуздукка басым жасалган. Ошондуктан бир нерсе деп так айтуу кыйын.
– Азыркы кырдаалдагы Борбордук Азиянын ролу кандай?
– Борбордук Азия жаңжалга түздөн-түз аралашкан жок, бирок анын кесепеттерин сөзсүз сезет. Ирандын айланасындагы туруксуздук транспорттук коридорлорго жана энергетикалык каттамдарга таасир этиши мүмкүн. Дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен 20 %ы жана суюлтулган газдын олуттуу бөлүгү өтүүчү Ормуз кысыгынын жабылышы глобалдык рынок жана аймактын өлкөлөрү үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратат. Пакистан-Афган багытындагы абалдын курчушу түштүк чек араларына коркунучтарды күчөтөт, бул коопсуздук маселелеринин маанилүүлүгүн жогорулатат. Мындай шарттарда көп векторлуу дипломатиянын ролу жогорулайт.
– Жалпы тыянак кандай?
– Практикаа көрсөткөндөй, дин иденттүүлүктүн жана мобилизациянын маанилүү фактору болуп кала берет. Бирок эл аралык саясатта коопсуздук, ресурстар жана стратегиялык эсептөө чечүүчү мааниге ээ. Ислам фактору риторикага таасир этет, бирок прагматизмди алмаштырбайт. Бүгүнкү күндө мурдагы кармап туруу механизмдери акырындык менен эскирип баратат. Эгерде мамлекеттердин жетекчилигине сокку уруу жана чыр-чатак аймактарын кеңейтүү саясаттын жол берилген куралы болуп калса, бул эл аралык мамилелердин катаал жана азыраак болжолдонгон моделине өтүүнү билдирет. Мындай кырдаалда белгисиздик деңгээли жогорулайт, стратегиялык жаңылыштыктардын ыктымалдыгы бир топ өсөт.
