Егор Борисов: Бишкектин тез жардамы ысыкта адам өмүрүн кантип сактап калат?
Бишкектеги бир жумадан бери абанын табы 36 градустан ылдый түшпөгөн, а күн алдында 53-54 градуска жеткен катуу ысыкта социалдык тармактарда тынчсыздануу күч алды. Айрыкча Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыялангандан бери, ага ылайык, Кыргызстандын борбор калаасы Астана, Ташкент жана Ашхабад менен биргеликте ысыктан адам өлүмү эң көп катталган шаарлардын катарына кошулду.
Биз бул боюнча Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовго кайрылдык. Ал мындай билдирүүлөргө кылдаттык менен мамиле кылууга жана ар кандай статистикалык маалыматтарды тандап кабыл алууга кеңеш берди.
– Биздин абалда так сандарды айтуу жана салыштыруу туура эмес болуп калат. Өзүңүздөр билгендей, акыркы учурда шаар бир нече айылга өстү. Эгерде биз мурда Бишкекке 150 тез жардам унаасы керек, а бизде болгону 40 унаа бар десек, а азыр кантип так айта алабыз? Бул сандар бир нече жолу айтылган, бирок унаалар көбөйгөн жок, мурдагыдай эле. Ооба, автоунаалар жетишпегендиктен бригадалар өз убагында бара албай калган учурлар болот, бирок биз ысыкка карабай иштөөнү улантуудабыз. Дарыгерлер, медайымдар өз милдеттерин аткарып жатышат.
Биз Бүткүл дүйнөлүк банк цифраларды кайдан алды, кайсы документтерге негиздеди – билгибиз келет. Бизде андай сандар жок. Сыягы, аны башка түзүмдөрдөн алууга болоттур. Түшүндүрмө сураса дагы. А биздин иш жардам көрсөтүү. Дагы бир жолу белгилейм, ысыкка, жүктүн көптүгүнө карабай дарыгерлер бейтаптарга жардам көрсөтүп жатышат, анын ичинде эгер адам приступ болсо, аралыктан коштоп, эмне кылуу жана эмне кылбоо керектигин айтып турушат.
Шаардыктар, Кыргызстандын жарандары мындай кырдаалда өзүн кандай алып жүрүү керектигин билүүсү маанилүү. Эгер сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз же кимдир бирөө эсин жоготуп кулаганын, кимдир бирөө ысыкта кыйналып жатканын көрүп калсаңыз - бул ысык өтүү болушу мүмкүн, белгиси: тырышуу, кусуу – бир убакта тез жардам да чакырып, ошол эле маалда дарыгерге чейинки биринчи жардамды көрсөтүүгө аракеттениңиз: адамды көлөкө жерге же кондиционери бар бөлмөгө жаткыруу зарыл. Жакасын чечип, муз тапканга аракет кылыңыз же дененин чоң артерия өткөн бөлүктөрүн: бетин, башын, колтугун муздак суу менен жууңуз. Анан тез жардам келгиче ал адамдын жанында болуп туруңуз.
Медициналык тез жардам борборунда тажрыйбалуу дарыгерлер, медайым-операторлор иштешет, алар аралыктан коштоп, сизге жардам берип турушат.
– Приступ, ысык өтүүнүн алдын алуу үчүн ысыкта кандай эрежелерди сактоо керек?
– Башкысы ашыкча тойбоо керек. Ал турмак арбуз жесеңиз да дароо эки арбузду жегенге болбойт. Бардык нерседе чек болгон жакшы. Көчөгө баш кийим, кол чатыр, бөтөлкөгө куюлган суу менен чыгуу керек, кийим ачык түстө болушу маанилүү. Жакшысы, күндүн эң ысык сааттарында сыртка чыкпай, күн табынын бир аз кайтышын күтүп туруңуз. Таза суу көп ичиңиз. Суу балансын сактоо зарыл, мупмуздак суу эмес, бөлмө табындагы сууну аз-аздан уурттап, аз өлчөмдө ичүү кажет. Мындай учурда организм өзүн өзү калыбына келтирет.
Адамдар ден соолугуна үч эсе көп көңүл бурууга тийиш, ысыкта физикалык күч кетирүү болбойт. Азыр климаттын өзгөрүшү, шаар шартындагы жылуулук толкундары тууралуу көп жазылып жатат. Дарыгериңиз менен кеңешип, байланыш кармаңыз. Күндөн калкаланып, денеге, башка ысыктын өтүүсүнө тоскоол жараткандай кийиниш керек. Кытайдан келген коноктор күндөн толугу менен калкаланышат, аны эске алыңыз. Кыргызстанда күндөн калкалоочу кол чатырлар, шляпа, кепка, жеңил, аба өткөрчү кийимдер (х.б. кездемеден тигилгени жакшы) модага айланышы керек. Кыйынсынып, ысыкта сейилдөөгө чыгып албаңыз. А эгерде сизде коркунучтуу диагноздор бар болсо, аярлуу катмардан болсоңуз, жакшысы шаарды имараттан имаратка өтүп кыдырыңыз, супермаркеттерге же дарыканаларга кирип салкында эс алыңыз, демиңизди жыйыңыз. Өзүңүздүн ден соолугуңузду сактаңыз жана көчөдө өтүп бараткан жарандарга, жакындарга жардам бериңиз.
– Бишкекке салкын бурчтар, “аралчалар” картасын ачып, ал жерлерде адам салкындап, катуу ысыктан деми кайтышын күтө алгыдай кылса кандай болот? Ошондой эле, андай жерлерге лед-экрандарды коюп, шаардыктарга ысыктан коргонуу боюнча кеңештер айтылса?
– Мен урбанист эмесмин, дарыгермин. Бул маселе башка инстанциялар үчүн. Биз өз ишибизди жасап атабыз. Дагы бир жолу кайталайм, адамдар өзүнүн ден соолугун ойлоого жана кам көрүүгө үйрөнүшү керек. Кечинде парктарга сейилдөөгө барыңыздар, короо жайыңыздарды суугарыңыздар, жеңил дем алуу үчүн салкын бөлмөлөрдө уктаңыздар. Айланабызга жагымдуу чөйрө түзүүгө көнүгүү зарыл.
