Болотбек Давлетов, ортодонт: Кыргызстанда таңдай жырыгы бар балдар үчүн атайын борбор керек
Кыргызстанда үстүңкү эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу тубаса кемтиктерди дарылоо тармагы толук калыптанып бүтө элек. Бул багытта иштеген адистер аз, ал эми татаал операцияларды жасай алган ортодонттор андан да сейрек. Стоматолог-ортодонт, медицина илимдеринин кандидаты КГМАнын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти, «MASTER CLASS» клиникасынын директору Болотбек Мукаевич Давлетов бул көйгөйдүн медициналык жана социалдык мааниси тууралуу айтып берди.
Ортодонттун негизги милдети
Ортодонт – тиштин жана жаактын туура эмес өсүшүн аныктап, оңдогон адис. Болотбек Давлетовдун негизги иш багыты – үстүңкү эрин жана таңдай жырыгы менен төрөлгөн балдарды дарылоо, ошондой эле жаакка байланышкан татаал операцияларды жүргүзүү. Анын айтымында, ортодонттун иши тишти түздөө менен эле чектелбейт. Адис баланын туура тамактануусуна, сүйлөөсүнө, дем алуусуна жана бет симметриясынын калыптанышына да көмөк көрсөтөт.
– Үстүңкү эрин жана таңдай жырыгы эмнеси менен кооптуу?
– Көпчүлүк адамдар бул көйгөйдү эстетикалык кемчилик катары гана кабыл алышат. Бирок мындай кемтик менен төрөлгөн балдарда тамактануу, сүйлөө жана дем алуу процесстери бузулат. Убакыттын өтүшү менен тиштер туура эмес өсүп, бет түзүлүшүнүн симметриясы өзгөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары мындай балдар психологиялык кыйынчылыктарга туш болуп, коомго аралашуусу да оорлойт. Ошондуктан бул көйгөй бүт организмге таасир эткен олуттуу медициналык абал катары каралышы керек.
Тубаса кемтиктин пайда болуу себептери
Адистин айтымында, үстүңкү эрин жана таңдай жырыгынын пайда болушуна бир нече фактор таасир этет:
Генетикалык өзгөчөлүктөр;
Кош бойлуулук учурунда айрым дары-дармектерди туура эмес колдонуу;
Тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктер;
Вирустук жана бактериялык инфекциялар;
Фолий кислотасынын жана башка витаминдердин жетишсиздиги;
Радиация, токсиндер жана зыяндуу экологиялык факторлор.
Өзгөчө кош бойлуулуктун 6–12-жумалары түйүлдүктүн бет жана жаак түзүлүшү калыптанган маанилүү мезгил болуп эсептелет.
Алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Толук алдын алуу ар дайым мүмкүн болбосо да, тобокелдикти азайтууга болот.
Дарыгер төмөнкү сунуштарды берет:
Кош бойлуулукту пландаардан мурун фолий кислотасын кабыл алуу;
Тамеки жана алкоголдон толук баш тартуу;
Дары-дармектерди дарыгердин кеңеши менен гана колдонуу;
Кош бойлуулук учурунда үзгүлтүксүз медициналык көзөмөлдөн өтүү.
Эрте диагностика жана туура түзүлгөн дарылоо планы ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн негизги шарттары болуп саналат.
Дарылоо бир нече жылга созулат
Мындай балдарды дарылоо бир нече этап менен жүргүзүлөт. Алгачкы айларда эринди калыбына келтирүү операциясы жасалат. Кийинчерээк таңдайдагы жырыкты жабуу операциясы жүргүзүлөт. Андан соң логопеддик жардам, ортодонтиялык дарылоо жана зарыл учурда кошумча хирургиялык кийлигишүүлөр жүргүзүлөт. Дарылоо процесси көп жылдарды талап кылат жана стоматолог, ортодонт, логопед, хирург сыяктуу адистердин биргелешкен ишине негизделет.
Ортодонтия – узак мөөнөттүү пландоо
Болотбек Давлетовдун айтымында, ортодонттун негизги өзгөчөлүгү көрөгөчтүк жана так пландоо. Ар бир балага дарылоо өзүнчө түзүлөт. Брекет системалары тиштерди акырындык менен туура абалга жылдырып, жаактын туура жабылышын камсыздайт. Дарылоону жарым жолдо токтотуу бардык эмгекти текке кетириши мүмкүн.
Брекетти ким коюшу керек?
Адистин белгилешинче, брекетти сөзсүз ортодонт коюшу зарыл. Себеби ар бир тиштин кыймылын алдын ала эсептөө талап кылынат. Туура эмес коюлган брекет тишке зыян алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө металл, керамика жана сапфир брекеттер колдонулат. Дарылоо көбүнчө 12–18 айга созулуп, андан кийин натыйжаны сактоо үчүн ретейнер тагылат.
Кыргызстанга реабилитациялык борбор керек
Давлетовдун пикиринде, Кыргызстанда таңдай жырыгы менен төрөлгөн балдар үчүн комплекстүү реабилитация жүргүзгөн атайын борбор дээрлик жок. Мындай бейтаптарга операция гана жетишсиз. Алар узак мөөнөттүү ортодонтиялык көзөмөлгө, логопеддин, психологдун жана хирургдардын жардамына муктаж. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде адистештирилген реабилитациялык борбор түзүү учурдун эң маанилүү талаптарынын бири болуп саналат.
Практика менен илимди айкалыштырган адис
Болотбек Давлетов дарылоо иши менен катар илимий изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет. Анын илимий эмгектери Москвадагы ординатурада окуп жүргөн мезгилден тарта жарыяланып баштаган. Анын айтымында, ортодонтия күнүмдүк практиканы гана эмес, тынымсыз изденүүнү жана илимий ой жүгүртүүнү талап кылган тармак болуп саналат.
Стоматология – менин чыныгы жолум
Маектин соңунда Болотбек Давлетов өзүнүн кесиптик жолу тууралуу айтып берди. Алгач аскер адамы болууну каалаган, кийин көркөм өнөр тармагында да билим алууга аракет кылган. Акыры медицинага келип, стоматология факультетинен өзүнүн чыныгы кесибин тапканын белгиледи.
